Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Ислам жолу жаны баштоочуларга Бисмиллях деп баштайлы.


ТААНЫШУУДАН КИЙИН ДУА ОКУЛАТ:

"Эй Аллах! Эгер ушул кызды алсам (бул балага турмушка чыксам) ал мага дуйно-акыретиме пайда болсо экообуздун башыбызды жакшылыкта кош, а эгер ал мага дуйно -акыретиме зыян болсо мени андан ажырат, аны менден ажырат" деген дуа кыласыз

 

Кыз-жигит таанышуу адептери:

1- Экоо жалгыз бир жерде калбоосу шарт. Себеби хадисте келет: "эркек-аял экоо жалгыз калса учунчусу шайтан болот" деп. Аларды куноого туртушу мумкун.

2- Бири-бирин тааныш учун келечек жашоого керектуу маалыматтарды гана сурашып, бири-бирин таануу керек. М: уй-булонордо канча киши, кайсыл жерде жашайын деп жатат, уй милдеттерин аткарууга талаптар, эркектин жумушу.

3- Эгер дагы таанышууну каалашса экинчи жана учунчу жолугууларды кылса болот.

КЫЗ-ЖИГИТ БОЛУП ЖУРУУ

Самат  (17:04) :Ассаламу алейкум. Кыздар м.н суйлошууго мумкунбу исламда? Кадимки эле кыз жигит. Анан ага уйлонуу максатта

 

*Ислам Жолу - жаНы баштоочуга (17:06) :

Ооба. Болочок аялыбыз менен таанышуу керек. Таанышыш учун аны менен суйлошуу, корушуу, жолугушуу жолу турат.

 

Шариат ар бир кишинин бул дуйнодо эле эмес, акыретте да бактылуу болуусун каалайт. Ошондуктан коомго жана жеке инсанга пайда болгон эрежелерди тактап берет.

 

Ошол эрежелердин бири - нике алдында таанышуу эрежелери же адептери. Адеп менен таанышуу - келечек уй-булого бактылуулук себеби болот.

 

Шариат жолунда таанышса болот.

 

Негизи шариатта суйлошуу - таанышуу учун гана, нике кылыш керекпи же жокпу билиш учун гана. Эгер нике кылганга ниет койсонор - анда уйлонуунун шарттарын коро бериш керек, эптей бериш керек. Хадисте келет "суйушкондор учун эн жакшы жыйынтык - уйлонуу" деп.

 

Кандай учурда суйлошсо болот?

Эгер окууга тиешелуу маселелер болсо, ал нерсени кыздар менен чечууго мумкун болбосо - анда уруксат. ошол кезде кыздын адебин сактап, тике карабай, унду атайын кооздоп албай - адеп сактоо зарыл.

 

СУРОО. Оз жигитине бетин оптурсо болобу?

ЖООП. негизи шариатта кыз киши оз колун, бетин, денесин тууган эмес балдардан алыс алып, аларга бербей сактап журуусу керек делет. себеби, кыз киши ар балага эле бетин оптуро берсе, колун кармата берсе - ал кызда назиктик калбай калат делет, ошондуктан Мээримдуу Даанышман Алла Таал кыздардын камын коруп аларды башка эркектер менен керек болсо кол алышып беришкенин да тыйган.

 

 

 

СУЙУУ

А исламда суйуп калуу кунообу?

 

суйуу куноо эмес, бирок ал куноого алып барышы мумкун эгер аны туура башкарып туура алып журбосо.

 

Кебир адамдар мен суйуп калдым деп озуну олтургонго чейин барышат. кызды суйсо болобу исламда кандай карайт буга суйуу барбы?

 

*Ислам Жолу - жаНы баштоочуга (12:34) :

суйуу деген АЛланын журокко бергени да. адам болгондон кийин суйобуз. бирок бул суйуу ашыктыкка отуп, Кудайды да, ата-энени да, ишти да баарын унутуп - суйуу менен эле жашап калганга алып барбаш керек.

 

Анан да суйуунун себептери болот. Бири-бирин коз менен кароо, суйлошуу, ал жонундо дайым ойлонуп журуу. Суйгондон кийин уйлонуш керек. Суйуп бирок уйлоно албай журуу – журокко ото кыйын, ошондуктан суйууго кирээр мурун ойлонуш керек аягы эмне менен бутот экенин.

 

суйууну Голливуд байкебиз МТВ эжебиз аябай извращать кылып салбадыбы. суйуу десе эле жаштар башка нерсени тушунот, сезимдерге коп берилет. суйуу деген Аллахтын журокко берген аруу сезими да. Чыныгы суйууго жетиш... ой,ой... ага жубайлар аябай эмгектенуусу керек. мына, суйобуз, куйобуз деп эки жаш уйлонуп бир айдан кийин ажырашып жатышат - бул эмне, суйуубу?

 

суйуу келиш учун эмгек керек...

 

Кандай эмгек керек?

 

Эн биринчи суйуу - Жаратуучу Аллахка болгон суйуу. Карабайсызбы, анын мээрими пендесине келгенде пендесинин журогу эзилип, ыйлагысы келип оз Раббисинин суйуусуно кандай чомулот.

 

Экинчи суйуу - ата-энесине болгон суйуу. Алардын кылган жакшылыктарын эстеп, кемчиликтерин кечирип, аларга кызмат кылуу. Алардын суйуусуно ээ болуу.

 

Учунчу суйуу - адам озун озу суйуусу, урматтоосу, жакшы коруусу. Озун жактыра албаган адамды, башкалар тем более жактырышпайт. Озун суйуу текебердик, менменсинуу менен алмаштырбаш керек. Озун суйуу деген - кемчиликтерибизге карабай озубузду инсан катары кабыл кылуу, урматтоо, сыйлоо.

 

НИКЕ

КырКыз (15:38) Assalomu aleikum. Sizderge suroo bersem bolotbu. Wariatta kyz bala kan4a jawynan turmuwka 4yksa bolot.

 

*Ислам Жолу - жаНы баштоочуга (16:03) :

ва алейкум ассалам.

Уй-було куруу ото жоопкерчиликтуу иш. Эгер эркек бала озуно жана болочок аялына жоопкерчилик ала-алам, бага алам, коргой алам десе - анда уйлонуу дурус, жашы канчада болбосо дагы. А эгер ал али ата-энесинин жанынан чыкпай, характери калыптана элек болсо - кое турганы жакшы, себеби аялды башкара албайт.

 

Кыз киши да ушундай. Эгер болочок куйоомо кызмат кыла алам, турмуштун ойдо-ылдыйына сабырым жетет, балдарды бага алам десе  - уйлоно берсин канча жаш болбосун. Бирок атасына болгон эркелиги менен куйоого чыгып алып кийин куйоосунон каккы жеп отуруп аягы ажырашып кетсе  - анда кое турганы жакы.

 

Никенин негизги максаты - аны жарыялаш. Себеби, эртен экоо кочоодо жетелешип бара жатса кошуналар, туугандар, тааныгандар туура эмес ойлоп калышы мумкун. Ал экоонун аброюна, намысына доо кетет.

 

Никенин 4 шарты бар:

1- Кыздын атасынын макулдугу

2- Кыздын макулдугу

3- Махрдын белгилениши

4- Куболордун болушу

 


В избранное