Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Ислам жолу жаны баштоочуларга #3 - Намаздын парз болуу тарыхы


ас-салам алейкум.

Эгер сиздерде суроо же сунуш болсо биздин почтага кат жонотуп койуунуздарды суранабыз.

Биздин почта: islamjolu@inbox.ru

Азыр болсо намаздын келип чыгыш тууралуу суроолорго жооптор.

 

НАМАЗДЫН ПАРЗ БОЛУУ ТАРЫХЫН АЙТЫП БЕРЕСИЗДЕРБИ?

5 убак намаз Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) пайгамбарчылыгынын 10-жылында парз болот. Аллах аны жетинчи кабат асманга которуп, ал жерден намазды буюрат. Биринчи бизге 50 убак намаз парз болуптур. Бирок кийин Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) суранычы менен 5 убакытка кыскарыптыр. Бул тууралуу толук баян Бухаринин китебинде келет.

5 убакыт парз болгонго чейин мусулмандарга 2 убакыт парз болчу: багымдат 2 рекет, шам 2 рекет. Кийин Шам 3 рекет болуп парз болду.

Андан тышкары жеке Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) озуно тунку тахажжут намазы парз болгон. Ал эми тахажжут намазы жонокой адамдар учун напиль намаз.

 

БИР НАМАЗ ОКУП ТУРСА БОЛОБУ?

Бардык намаздын сообу жакшы, касиети күчтүү. Бир намазды экинчисинин үстүнөн артыкчылык бере албайбыз, бардыгы бирдей.

ар бир намаз озунчо эсептелет. бир намаз окусаңыз бир сооп, бешөөнү тең окусаңыз беш сооп. бири-бирине байланбайт.

  


В избранное