Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Ислам жолу жаны баштоочуларга #6 - Ата-эне никеге каршы болуп жатса


АТА-ЭНЕСИ  НИКЕГЕ КАРШЫ БОЛУП ЖАТСА

 

СУРОО. Мен сиздерге суроо м.н кайрылайын дедим эле. Менин ата энем мен суйлошкон жигитке турмашка бербейбиз деп жатышат. Мен канткенде ата энемдин ыраазычылыгын алсам болот? Суйуу учун курошуп жашаш керекби?

 

ЖООП. Ата-эне баласына бир гана жакшылык каалайт. Бирок, оз тажрыйбасына ылайык, дин сабатына жараша - жакшылык кандай болот экенин ар ата-эне оз алдынча тушунот. Кээде намаз окубай журуу жакшы деген да ата-энелер бар эмеспи.

 

Никеге тураарда ата-эне кээде биз тандаган келинге же жигитке каршы болушат. Бул учурда караш керек: эмне себептен алар каршы болуп жатышат, ата-эненин динге коз-карашы кандай, каршы болгон куйоо-бала же келин кандай ж.б.

 

Кээ учурда ата-энеси динден алыс болуп, баласы же кызы динди тутунган чыгат. Анан ал озуно тендууну тандап намаз окуган, динди карманганы менен турмуш кургусу келет. Ата-энеси аны тушунбой "сакалчан куйоо бала кереги жок", "бул жоолук тагынат турбайбы, аны алба" деп жону жок талаптарды кое башташат. Чындыгында булар айтып жаткан нерселер Аллахка жаккан учун, динден болгон учун ата-эненин нааразычылыгы кабыл кылынбайт. Бул учурда ата-энеге жакшы тушундуруп, оз коздогон максатынан тайбай басууга болот, иншааллах.

 

Бирок, ата-эненин койгон нааразычылыгы  туура болуп чыгышы мумкун. Мисалы ата-эне айтса: "бул баланын тарбиясы начар экен, ага чыкпа" же "бул кыздын мунозу оор, урушчаак экен" деп - анда алардын создорун этибарга алуу керек. Себеби, ата-эненин созун угуу - баланын милдети.

 

Бул учурда ата-эне менен жакшы суйлошуп, алардын конулун алып, болочок жубайыныз тууралуу кобуроок маалымат берген жакшы. Себеби, ар бир эле кишиде кемчилик болот эмеспи. Дагы бир макалда айтылгандай: "АДАМ БИЛБЕГЕН НЕРСЕСИН ДУШМАН ДЕЙТ". Ошол сынар болочок жубайыныз ата-эненин алдына келип, алар менен жакшы таанышып кандай экенин корсотсун.

 

Бир окуя. Биздин бир намазкан таанышыбыз келин издеп журот эле. Ата-энеси Кол жактан болгондуктан оз тарабынан эле издегенди каалашат. "Алыстан келин алсан сапар алыстыгынан Кудалар менен катышуу бизге кыйын болот. Ошондуктан жакыныраак эле ал" деп баласына айтып журушкон эле. Кийин ал Туштуктон бир кыз менен таанышып калат. Ата-энеси башында каршы болуп жаткан. Бирок ал кыз менен бир столдун устундо чай ичишип жакын таанышкандан кийин, анын ата-энесин билгенден кийин макул болушат. Адам билбеген нерсесин душман дейт деген ошол тура.

 

Бирок, эркек уйлонуудо акыркы соз озундо, кыз турмушка чыгаарда акыркы соз атасында.

 

Ата-эненин батасын алып  турмуш куруу - келечектеги бактылуу уй-булонун бир себеби.

 

 


В избранное