Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 21 мая 2018 № 20 (542)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 7-майындагы N 227 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" ТОКТОМУ

КР мамлекеттик секторун кармоого бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында кээ бир министрликтердин жана агенттиктердин түзүмдөрү жоюлду.

КР министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, башка мамлекеттик жана борбордук органдарында, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында жетекчинин жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат.

Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик агенттиктерде, мамлекеттик кызматтарда, фонддордо, инспекцияларда КР Өкмөтүнүн карамагында турган башка уюмдарда жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат.

Штаттык санды кыскартуунун натыйжасында үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттар КР Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин КР аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын тескөөсүндө калат.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эки айлык мөөнөттө КР Финансы министрлигине чыгымдардын баардык беренелери боюнча 2018 жана 2019-жылдарга КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жөнүндө маалыматтарды жана эсептөөлөрдү берүүлөрү зарыл.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 10-майындагы N 228 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатуу, укуктук тартипти чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, соттолгон аскер кызматчыларын эмгекке жана аскердик кызматка чын дилден мамиле кылуу менен оңдоо жана кайра тарбиялоо, жаңы кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү КР Жазык-аткаруу кодексинин жоболорун аткаруу максатында КР Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелери бекитилди.

Эрежелерге ылайык соттолгондордун тартиптик аскер бөлүгүндө болуу убактысы аскер кызматынын жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелбейт.

Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 14-майындагы N 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы N 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Этил спиртин парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүүдө колдонулушуна байланыштуу жогоруда берилген токтомго тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2018-жылдын 11-майындагы N 93 "Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз, Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 30-майына дайындалды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 23-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет

КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги N 39 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 25-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет

КР 2018-жылдын 24-апрелиндеги N 42 "2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 26-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет

КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги N 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги N 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 189 "Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги N 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги N 193 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы N 312 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум иштери субъекттерине асыл-тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги N 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы N 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Аялымдын катышуусуз заем келишими жарактуубу?

Эгерде аялыңыз менен мыйзамдуу никеде болсоңуз, анда заем келишими анын катышуусуз жарактуу эмес.

КР Үй бүлө кодексине ылайык никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат.

Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) ж.б. кирет.

Заем келишимин түзүүдө нотариус сөзсүз түрдө аялыңыздын макулдугун алат.

Эгерде, Сиздерде нике келишими болуп, ал келишимде никеде турган мезгилде сатып алынган/сатып алына турган мүлккө ар бөлөк ээ болуу режими каралса, анда аялыңыздын катышуусуз заем келишими жарактуу болот.



Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное