Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 14 января 2019 года № 1 (574)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 108 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөргө ылайык аталган Мыйзамдан алымдардын өзгөчө түрлөрү түшүнүгү күчүн жоготту.

Ошондой эле, Мыйзам Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайыкташтырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2018-жылдын 24-декабрындагы N 109 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Кодекс "Жеке эмгектик иш" деген жаңы түшүнүк менен толукталды.

"Жеке эмгектик иш" - жеке жактын илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык чөйрөлөрдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка чөйрөлөрдө өз алдынча жана жалданма эмгекти тартпастан жүзөгө ашырылуучу иш.

Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 112 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 151762419,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161913144,8 миң. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 10150725,7 миң сом суммасында белгиленди.

Мыйзамга ылайык эң аз эмгек акынын өлчөмү 2019-жылга - 1750,0 сом, 2020-жылга - 1854,0 сом, 2021-жылга - 1970,0 сом суммасында белгиленди.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 24-декабрындагы ПЖ N 253 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлык менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамы жана комитеттин ишмердүүлүгүн жөнгө салган Жобо бекитилди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулук шарттарын жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн.

Комитеттин негизги милдети Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Комитеттин жеке курамын Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

Комитетти Кыргыз Республикасынын Президенти жетектейт. Комитеттин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, илимий-академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 21-декабрындагы N 602 "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кылмыштарды жана жоруктарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо, мамлекеттик статистикалык байкоо формаларында кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарды бирдиктүү жана толук чагылдыруу, ошондой эле кылмыштарды жана жоруктарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принцибин ишке ашыруу максатында Өкмөт тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.

Бекитилген Жобо жарандардын кылмыштар жана жоруктар жөнүндө билдирүүлөрүн жана арыздарын кабыл алуунун, каттоонун бирдиктүү тартибин, окуялар тууралуу башка билдирүүлөрдү кароонун, ошондой эле "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" (мындан ары - КЖБР) автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнүн жана ишке киргизүүнүн тартибин аныктайт.

КЖБР Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык төмөнкү максаттарда түзүлөт:

- кылмыштарды жана жоруктарды, шектүүлөрдү жана айыпкерлерди каттоо, сотко чейинки өндүрүштө кабыл алынган процесстик чечимдерди жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгын эсепке алуу;

- сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө мыйзамдардын аткарылышына карата ведомстволук контролду жана прокурордук көзөмөлдү камсыздоо;

- республикадагы кылмыштуулуктун абалы жана алар менен күрөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу жазык-укуктук статистиканы түзүү жана эсепке алуу;

- укук коргоо органдарын маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо;

- жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу (жабырлануучунун жана анын өкүлүнүн, шектүүнүн, айыпкердин жана анын жактоочусунун).

КЖБРнын кармоочусу болуп ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эсептелет.

КЖБР каттоочулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- прокурорлор, анын ичинде прокуратуралардын жетекчилери;

- сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын жетекчилери;

- ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - УКМК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - Финполиция), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) нөөмөт бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары;

- аскер прокуратурасынын, ИИОнун, УКМКнын, Финполициянын, ЖАМКнын тергөөчүлөрү;

- судьялар жана тиешелүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери;

- ИИОнун, Финполициянын, ЖАМКнын, МБКнын алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары.

Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 25-декабрындагы N 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги N 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын жетекчисине соттук эксперттерге квалификациялык категориясы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктөрдү белгилөө укугу берилди:

- жогорку категория - 20 пайыз;

- биринчи категория - 10 пайыз

Илимий даража үчүн кызматтык маянага үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнө тургандыгы аныкталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 25-декабрындагы N 614 "Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти аныкталды.

Ошондой эле, токтом менен Мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттердин реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди.

Реестр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан электрондук түрдө жүргүзүлөт.

Тамак-аш продукцияларын өндүрүүчү юридикалык жактар, жеке ишкерлер өз ишин баштоо алдында түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга эки нускада, расмий же мамлекеттик тилде арыз беришет.

Тартип кабыл алынганга чейин иш жүргүзгөн тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттер жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу орган ишти баштоо жөнүндө арыз берүү жол-жобосун өткөрүүсүз реестрге киргизет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 25-декабрындагы N 615 "1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ

1999-2000-жылдарда Баткен облусундагы күжүрмөн аракеттерге катышкандардын каармандыгын жана эрдигин белгилеп, мамлекеттин эгемендиги жана эркиндиги үчүн өз өмүрүн бергендердин элесине таазим этип, 26-октябрь жыл сайын өткөрүлүүчү 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 27-декабрындагы N 459-б (Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрук менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Электр жана жылуулук энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын кабыл алганга чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди 2017-жылы колдонулган электр жана жылуулук энергиясынын тарифтеринин деңгээлинде белгилөө тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 17-январынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы N 313 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Менин эки балам бар. 4 жана 1,5 жашта. Үй-бүлөбүз менен квартирада турабыз. Мен иштебейм. Мамлекеттик жөлөкпул алууга укугум барбы?

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык мамлекетти жөлөкпул КР жарандарына, тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга, жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналса, кыргыз республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандарга берилет.

Бул Мыйзамга ылайык 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындалат. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул бала (балдар) алуучу менен бирге жашаган учурда дайындалат.

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 900 (тогуз жүз) сом суммасында белгиленди. Эгерде үй-бүлөнүн жан башына орточо жалпы кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн жогору болбосо, анда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул 16 жашка чейинки курактагы балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) чектелет.

"Үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар жөлөкпул (үй-бүлөлөр) алуу үчүн жашаган жери боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1) арыз ээсинин паспорту;

2) баланын/балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (күбөлүктөрү);

3) иш жүзүндө жашаган жеринен үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;

4) үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жөнүндө маалыматтар.



Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное