Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 7 октября 2019 года N 39 (572)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 24-сентябрындагы N 497 "Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартибин жана чечимдин формаларын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартиби жана чечиминин формасы бекитилди.

Тартип "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" КР кодексинин 32-беренесине ылайык иштелип чыкты, салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо жана кароонун жыйынтыктары боюнча чечим чыгаруу тартибин белгилейт.

Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосу боюнча пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан текшерүү планына ылайык акыркы текшерүү бүткөндөн кийинки күндөн баштап, 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 26-сентябрындагы N 499 "2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы ченемдик-укуктук жана ченемдик-техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, стандартташтыруу, аккредитациялоо жана метрологиялык камсыздоо боюнча ыкмаларды жакындатуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы ченемдик-укуктук жана ченемдик-техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, стандартташтыруу, аккредитациялоо жана метрологиялык камсыздоо боюнча ыкмаларды жакындатуу жөнүндө расмий тилде макулдашуу бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 27-сентябрындагы N 500 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби токтомго ылайык бекитилди.

КР Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин, судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы шайланган учурдан тартып төлөнөөрү белгиленди.

Тартип Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин судьянын кызмат ордун ээлеп турбаган мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин аныктайт.

Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

1) Кеңештин төрагасына - КР. Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;

2) Кеңештин мүчөлөрүнө - КР Жогорку сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 30-сентябрындагы N 507 "2019-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында КР Социалдык фонду:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн 2018-жылдагы орточо эмгек акынын 2017-жылдагы орточо эмгек акыга карата өсүшүн эске алуу менен 2019-жылдын 1-октябрынан тартып 105 пайызга же 100 (жүз) сомго индексациялоо;

- пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 30-сентябрындагы N 508 "2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык 2019-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,05 өлчөмүндө бекитилди.

Расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 24-сентябрындагы N 352-б ("Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрукка ылайык КР Финансы министрлиги "Кепилдик фонд" ачык акционердик коому менен биргеликте төмөнкүдөй шарттарда фермерлер - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү менен зайым келишимдерин түзүү шарттары белгиленди:

зайымдын суммасы - бир фермерге - сүт өндүрүүчү зайымчы топтун мүчөсүнө сомдук эквивалентте 1200 АКШ долларынан ашык эмес;

зайымдын мөөнөтү - 10 айдан 3 жылга чейин;

зайым боюнча пайыздык ставка - 0 пайыз;

фермерлердин - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчилиги;

фермер - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү тарабынан жеке салымы - акчалай түрдө 10 пайыздан кем эмес.

Ошондой эле, зайымдын типтүү келишиминин формасы бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 8-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 207-п "Квалификациялык сертификатты алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17-декабрындагы N 323-п буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругу;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 9-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы N 482 "Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы N 482 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу техникалык талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы N 482 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 18-сентябрындагы N 2019-П-14/48-4-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 12-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы N 2019-П-13/49-9-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы N 33/5 "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштүн мыйзамдагы негиздери жана тартиби?

КР Жарандык процесстик кодексине ылайык сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган, келбегендигинин жүйөлүү себептери жөнүндө билдирбеген жана ишти өзү жокто кароо жөнүндө суранбаган жоопкер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн. Ишти мындай тартипте кароо жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

Өзгөчө өндүрүш тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.

Эгерде ишке бир нече жоопкер катышса, бардык жоопкерлер сот жыйналышына келбеген учурда иш сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн.

Ошондой эле, доогер тарабынан доонун предмети же негизи өзгөртүлгөндө, доо талаптарынын өлчөмү көбөйтүлгөндө сот бул сот жыйналышында ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде кароого укуксуз.

Жалпылап айтканда, ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштө кароо ишти кароонун жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное