Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 21 октября 2019 года N 41 (574)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 14-октябрындагы N 119 "2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам менен КР Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 14-октябрындагы N 120 "2018-жылдын 21-ноябрында Вильнюс шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 7-октябрындагы N 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери бекитилди.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу тартибин, анын ичинде маалыматты Порталга жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана алуу тартибин аныктайт.

Портал мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү жана арыз ээлеринин Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагын пайдалануу менен жайылтуу үчүн арналган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жетүүлөрүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система болуп саналат.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 8-октябрындагы N 529 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга жана 2019-жылдын 7-августундагы "Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Стратегиялык макулдашуу боюнча Бир тараптуу милдеттенмеге ылайык келип түшкөн каражаттарды (мындан ары - каражаттар) пайдалануу тартибин жөнгө салат.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 9-октябрындагы N 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо токтомго ылайык бекитилди.

Жобо жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участокторун пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өзүнчө жобо менен аныкталат.

Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык түз берүү аркылуу берилет.

Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна тоорук өткөрүү аркылуу берилет.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 15-октябрындагы N 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.

Жобо мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасынын максаттарын, милдеттерин, жүргүзүү тартибин, ошондой эле пайдалануучуларынын, операторунун жана ээсинин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеген кызматкерлер, жумуш ордунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын милдеттерин аткарган кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, жаңыртуунун жана талдоонун, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн бардык этаптарында адам ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган конкреттүү органдын штаттык түзүмү тууралуу маалымат берүүнүн маалыматтык системасын билдирет.

Расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН 2019-жылдын 8-октябрындагы N 123 "2020-жылга өндүрүштүк календарды жана иш убактысынын нормасын бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Буйрук менен 2020-жылга өндүрүштүк календарын жана иш убактысынын нормасы бекитилди.

Ошондой эле, сааттык тарифтик коюмду аныктоо үчүн жумушчу сааттардын орточо айлык саны бекитилди:

40 сааттык иш жумада - 166,00 саат;

36 сааттык иш жумада - 150,00 саат;

24 сааттык иш жумада - 100,00 саат.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 22-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы N 520 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы N 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 25-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы N 491 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы N 493 "Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы N 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы N 536 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 26-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы N 95 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкандан кийин канча убакытта сотко же башка талаш-тартыштарды кароочу органга кайрыла алат?

КР Эмгек кодексине ылайык кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарды чечүү боюнча өзүнүн укуктары бузулгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып 3 айдын ичинде, ал эми жумуштан бошотуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча жумуштан бошотуу тууралу буйрук менен таанышкандан же эмгек китепчеси берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде жекече эмгек талаш-тартыштарын кароочу органдарга кайрылууга укугу бар.

Ошондой эле, аталган статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттөр кызматкердин прокуратура органдарына, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (кесиптик бирликтердин эмгек инспекциясына) кайрылганда да колдонулат.

Белгилей кетчүү жагдай, жүйөлүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттөр өтүп кетсе, алар тийиштүүлүгүнө жараша эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия же сот аркылуу калыбына келтирилиши мүмкүн.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное