Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 18 ноября 2019 года N 45 (578)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы N 121 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын карайт жана бекитет. Мында шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөткө, округдардын схемалары жана чек аралары 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемалары жана чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

- аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн электрондук форматта окутууну өткөрөт.

- шайлоочуларды идентификациялоо үчүн автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү, компакттуу түзүлүштөрдү колдонуу менен шайлоону техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

- жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

- даттанууларды кароо, даттанууларды кароонун мөөнөттөрүн жана тартибин сактоо маселелери боюнча төмөн турган шайлоо комиссиялары менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана даттануулардын реестрин жүргүзөт, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.

- калктын шайлоо системасына карата ишеним деңгээлине көз карандысыз баалоону туруктуу уюштурат, анын натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн милдеттүү.

Өзгөртүүлөр менен, БШК окутуу борбору Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору болуп кайра аталды. Аталган борбордун уюштуруучусу Борбордук шайлоо комиссиясы эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы борбордун уставын бекитет.

Борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жарандардын, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын), саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, шайлоо органдарына талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын, байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана башка адамдарды укуктук жактан агартуу;

2) жарандарды, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, байкоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутууну уюштуруу;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын пландарын эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы шайлоо технологияларына мониторинг жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү.

Борбор республикалык бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынан каржыланат.

Мыйзам менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин кабыл алуу тартибине да өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына катышуу менен гана каралып жаткан маселелер боюнча добуш берет. Жыйналышка катышып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү добуш берүүдө калыс болууга укуксуз.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимге каршы добуш берген учурда жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган өзгөчө пикир калтырууга укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-ноябрындагы N 93 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-жылдын 4-ноябрындагы N 157 "Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен 2019-жылдын 22-ноябрына төмөнкү айыл өкмөттөрүндө айыл башчыларын шайлоо дайындалды:

Чүй облусу боюнча:

- Москва районунун Ак-Суу ;

- Сокулук районунун Фрунзе;

Талас облусу боюнча:

- Кара-Буура районунун Бакайыр;

Ош облусу боюнча:

- Кара-Суу районунун Төлөйкөн;

Жалал-Абад облусу боюнча:

Ала-Бука районунун Көк-Таш.

Шайлоо 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 24-октябрындагы N 118 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2019-жылдын 15-ноябрынан Бишкек шаарында тартып төмөнкү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер кымбаттады:

Ичүүчү сууга (1 куб.м үчүн):

калк үчүн – 8 сом 10 т.;

бюджеттик уюмдар үчүн – 9 сом 10 т.;

башка керектөөчүлөр үчүн – 13 сом.

Канализацияга (1 куб.м үчүн):

калк үчүн – 2 сом 30 т.;

бюджеттик уюмдар үчүн – 3 сом;

башка керектөөчүлөр үчүн – 6 сом.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 24-октябрындагы N 119 "Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтер жалпы аянттын 1 м2 үчүн бир жылга - 10 сом 20 т. түздү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 19-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы N 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы N 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 20-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы N 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы N 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы N 556 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 21-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 18-майындагы N 65 "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 22-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 123 "2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы N 452 "Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы N 562 "2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы N 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы N 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Базардан куртка сатып алдым. Үйгө келгенде бир кнопкасы жок экен жана ички замогу жакшы иштебейт экен. Кантип алмаштыра алам?

КР 1997-жылдын 10-декабрындагы N 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча:

- товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү;

- сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

- ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну;

- сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну;

- соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кыла алат.

Жогоруда айтылгандарга таянып, сатуучуга сатып алынган товар боюнча чек, же болсо сатып алууну тастыктоочу документти көрсөтүү менен, же болбосо сатуучу менен ооз эки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, куртканы алмаштыра аласыз.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное