Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 23 декабря 2019 года N 50 (583)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 14-декабрындагы N 139 "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасында уран жана торий кендери чыккан жерлер менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине жана жер казынасын пайдалануунун түрлөрүнө жайылтылат.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 25-ноябрындагы N 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо токтомго ылайык бекитилди.

Жобо чет мамлекеттердин аймагында жашап жаткан же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

Чет мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын категориясына чет мамлекеттердин аймагында жүргөн туруктуу жашоону максат кылбаган Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу, анын ичинде "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен жүргүзүлөт.

"Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - консулдук эсеп) Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу жана консулдук эсептен чыгаруу процесстерин автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык система.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы N 104 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 12-декабрындагы N 676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсебин жабуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби токтомго ылайык жабылды.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 16-декабрындагы N 679 "2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которулду.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 16-декабрындагы N 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо мамлекеттик мүлктү (имараттарды, жайларды, курулмаларды жана жер участокторун) натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо жана электрондук аукциондор менен тооруктарды өткөрүү аркылуу ижарага берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашырган мекеме болуп саналган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин ишин регламенттейт.

Расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 24-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 6-декабрындагы ПЖ N 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы N 627 "Маймак" темир жол станциясы жайгашкан участокто контролдоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы N 647 "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы N 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 27-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы N 628 "Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган 1997-жылдын 17-январындагы Уюлдук көчмө байланыш системасын өнүктүрүүдөгү жана колдонуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы N 629 "Токтогул шаарындагы N 39 кесиптик лицейинин балансында турган мамлекеттик менчиктеги объектти Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы N 631 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы N 631 токтомуна);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы N 634 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы N 635 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 4-июнундагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактары аркылуу транзиттин тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы N 643 "2019-жылдын 6-июнунда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги менен Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу макулдашууну бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы N 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы N 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы N 670 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы N 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы N 683 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы N 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Аталаш бир тууган эжем жайында эмгек стажыга ылайык пенсияга чыкты, жаш курагына байланыштуу пенсияга үч жылдан кийин чыгат. Өз демилгеси менен иш берүүчү акысы сакталбаган өргүүгө жибере алабы?

КР Эмгек кодексине ылайык үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

Тактап айтканда, иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди кызмат акысы сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное