Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 20 января 2020 года N 2 (586)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 31-декабрындагы N 152 "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларды коргоону жакшыртуу, ошондой эле Жазык-процесстик кодексинин айрым ченемдерин аткаруу максатында "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр менен мамлекеттик коргоого алынган субъектилердин чөйрөсү кеңейтилди.

Буга чейин күбө, жабырлануучулар мамлекеттик коргоого алынса, өзгөртүүлөр менен КР Жазык-процесстик кодексинин 4-7-главаларында каралган жазык сот өндүрүшүнүн субъектилери мамлекеттик коргоого алынат.

Мыйзам коргоодогу адамга жакындоого тыюу салууну көздөгөн жаңы ченемдер менен толукталды.

Ага ылайык ишти өндүрүшүнө алган орган жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын жана (же) жубайынын коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында зомбулук же жазык мыйзамдарында тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берет.

Корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыз кылуу чарасы корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуучу орган тарабынан төмөнкү адамдарга карата колдонулат:

1) корголуучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилүүсү мүмкүн болгон же мындай коркунуч фактысы белгиленген;

2) корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага кара күч, моралдык жактан таасир этүү максатында корголуучу адам менен байланыш түзүүгө аракет кылган.

2. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынган адамга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) корголуучу адам менен жолугушууга;

2) корголуучу адамдын артынан түшүүгө жана (же) ага байкоо жүргүзүүгө;

3) корголуучу адам менен байланышка чыгууга же байланыш түзүүгө аракет кылууга;

4) корголуучу адам жашаган, турган жана иштеген жерлерге жакындоого.

Расмий эскертменин формасы, мазмуну жана корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-январындагы N 2 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 8-январындагы ПЖ N 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Региондорду өнүктүрүүнү тездетүү, өлкөнү санариптик трансформациялоону күчөтүү жана балдарды ар тараптан колдоо максатында 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды.

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды комплекстүү колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети деп эсептелинди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 26-декабрындагы N 708 "Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Өзгөчө товарлардын экспортун/импортун/транзитин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү лицензиялоо чөйрөсүндөгү актыларга ылайык белгиленет.

Электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча эксперт уюм тарабынан берилген өзгөчө товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине оң эксперттик корутунду негиз болуп саналат.

Электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) алуу үчүн талап кылынуучу документтер, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасында иштөө боюнча нускама Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасында (http://swis.trade.kg) жеткиликтүү болууга тийиш.

Эксперт уюмдар, Tulpar System "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын оператору, лицензиар орган жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча электрондук документ түрүндөгү арыздарды, суроо-талаптарды берүүдө, эксперттик корутундуну жана уруксат берүүчү документти берүүдө электрондук кол тамганын болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

Арыз ээсинин эсептик жазуусу арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын оператору тарабынан "бирдиктүү терезе" маалымат системасында түзүлөт.

Эсептик жазууну түзүү үчүн каттоо жол-жобосунан өтүү, "Бирдиктүү терезе" борбору менен келишим түзүү жана уникалдуу логинди жана паролду алуу зарыл.

Электрондук уруксат берүүчү документти алууга "бирдиктүү терезе" маалымат системасына ТЭИнин катышуучусунун электрондук арыз берүүсү төмөнкүдөй эки ыкма менен ишке ашырылышы мүмкүн:

1) "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын веб-интерфейсинин жардамы менен электрондук арызды өз алдынча берүү;

2) "Бирдиктүү терезе" борбору аркылуу берүү. Бул учурда "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын оператору арызга тиркелген документтердин сапатына алдын ала текшерүү жүргүзөт (окулуучу, таза, механикалык бузууларсыз же бүтүндүгү бузулбаган). Арызга тиркелген коштоочу документтердин сапатына сын пикирлер жок болсо, "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын оператору ТЭИнин катышуучусун "бирдиктүү терезе" маалымат системасында каттайт, арыздын электрондук версиясын түзөт, өзүнүн электрондук кол тамгасын коёт жана арызды "бирдиктүү терезе" маалымат системасына берет. "Бирдиктүү терезе" борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 26-декабрындагы N 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы N 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Киргизилген өзгөртүүлөр менен пенсиянын топтоо бөлүгү төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда берилиши мүмкүн:

- турак жайы жок болгон шартта, ипотекалык кредит алып жаткан адамдарга бир жолу, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолору болсо;

- оор оорулары бар адамдарга бир жолу, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо.

Токтом менен оор оорулардын төмөнкүдөй тизмеги бекитилди:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу:

1) курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);

2) апластикалык аз кандуулук;

3) гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

1) кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;

2) жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;

3) жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;

4) операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;

5) облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы N 1 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 26-декабрындагы N 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөр менен Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген, 2020-2023-жылдар аралыгына акциздик товарларга акциздик салыктын ставкалары бекитилди.

2020-2023-жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленди:

Дүң, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн – 103-136 сом

Чекене, даяр продукциянын 0,5 литри үчүн – 112-145 сом.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 27-декабрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги N 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталары - паспорттору (ID-карта) менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ченем актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандар паспорт алуу боюнча Кыргыз Республикасында көрсөтүлүүчү бардык тейлөө кызматтары менен колдоно алышат.

Өзгөртүүлөргө ылайык туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен же консулдук эсепте турган жарандан жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү чет өлкөдөгү мекемелерде жүргүзүлөт. Документтерди тариздөө иштери чет өлкөдөгү мекемелерде да жүргүзүшөт.

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жалпы жарандык паспорт алууга документтерин бере алат.

Арыз ээсин авторлоштуруу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) негизинде жүргүзүлөт.

Токтом 2020-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 10-январындагы N 3 "Кыргыз Республикасында Комуз күнүн белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык 9-сентябрь - Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 22-январынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы N 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы N 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы N 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы N 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 23-январынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 18-июлундагы N 90 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 24-январынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы N 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы N 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы N 2019-П-12/68-1-(НПА) "Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 9-январындагы N 1 "2016-жылдын 30-декабрындагы N 428 "Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мен үйүмө тюль сатып алдым. Бирок кыска болуп калды. Алган дүкөндөн алмаштырбай жатышат. Дүкөндүн кызматкерлери КР "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамын бузуп жатышат. Соттошпой аларды алмаштырууга кандай мажбур кылам?

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 12-октябрындагы N 667 токтомуна ылайык алмаштырууга жол берилбеген сапатка ээ, азык-түлүк эмес товарлардын тизмеси бекитилген.

Ал тизмеге ченелүүчү товарлар: кездемелер, тюль, килем буюмдары кирет.

Жогорудагы айтылгандарга ылайык дүкөндүн кызматкерлери, Сизге тюлду алмаштырбоого укуктуу.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное