Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 24 февраля 2020 года N 7 (591)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2020-жылдын 11-февралындагы N 18 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамдын максаты жана милдети болуп "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жалпы декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат.

Тактап айтканда, 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары төмөнкүлөргө жайылтылат:

- илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;

- мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;

- эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;

- салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгашаларды тарткан жеке жактарга.

Ал эми, 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 10-февралындагы N 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү жана кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акынын өлчөмү бекитилди.

Ошондой эле, КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнө тургандыгы белгиленди:

1) эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө;

2) иштин сапаты жана натыйжасы, кесипкөйлүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматкерлердин кызматтык маяналарына 50 пайызга чейинки өлчөмдө кошумча акы;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимий даражасы үчүн кошумча акы;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун мүнөздөгү иш үчүн кошумча акы;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон аймактардын шартында иштеген адамдардын эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иштеген жылдары үчүн кошумча акы.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 10-февралындагы N 75 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасындагы маанилүү режимдик объекттердин, жашоону жана тиричиликти камсыздоо объекттеринин коопсуздугун жана күзөтүн камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КР Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы мекемеси КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы мекемеси деп өзгөртүлдү.

КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы жөнүндө жобо бекитилди.

Жобого ылайык КР Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы мекемеси КР өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү КР Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

ИИМ КК юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, КР Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы, фирмалык бланктары, финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Казыналык системасындагы алыш-бериш эсеби бар.

ИИМ ККнын иши мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана урматтоо, гумандуулук айкындуулук, контролдоо жана отчеттуулук, жеке башчылык жана баш ийүүчүлүк, кызматтык тартипти сактоо принциптерине негизделет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-февралында N 19 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 11-февралындагы N 41 "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Аталган Жободо төмөнкүдөй тартиптер аныкталган:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бузуулар жөнүндө иштерди кароо;

- бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын иши.

КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 10-главасынын эскертүүсүнө ылайык, кодекстин 42-48-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.

Бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүдөй учурларда каралат:

- Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жана референдум өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, ошондой эле бузуулар жасалган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан.

Токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2020-жылдын 19-февралындагы N 16 "Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Инвестициялык кеңештин курамы түзүлдү жана жобосу бекитилди.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Инвестициялык кеңеш Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды тартууга, Бишкек шаарында бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүүгө арналган туруктуу иштөөчү коллегиалдуу консультативдик-кеңешме орган болуп саналат.

Кеңеш инвестицияларды тартуу, инвестициялык иш-аракеттер субъекттери үчүн абдан жагымдуу режим түзүү, экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо жана ишкерлерди колдоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясы үнүн сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 24-февралынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы N 18 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы N 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы N 31 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы N 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 25-февралынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы N 75 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 29-февралынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы N 38 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы N 42 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 1-мартынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги N 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылоо кандай шарттарда мамлекет тарабынан берилет?

"Кыргыз Республикасынын Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо социалдык жактан коргоо органдары тарабынан билдирүүчүнүн жашаган жеринен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кылынат:

- 1-топтогу майыптарга - 5 жылда бир жолу акысыз, медициналык көрсөт күчтөрдүн негизинде 1-топтогу майыпты узатып жүргөн адамга 50 пайыздык жеңилдик менен;

- 2-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдик;

- 3-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдик.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарылануусуна жолдомолор республикалык бюджеттин каражаттарынан берилет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы N 457 токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо да таризделген.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное