Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 13 июля 2020 года N 26 (610)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2020-жылдын 30-июнундагы N 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

Жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 пайыздан азын алган шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн саясий партиялар, талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынат.

Ошондой эле, КР Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жогоруда аталган конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылды.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ N 139 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалды.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.

Ошондой эле жогорудагы Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү;

2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрүү;

3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2020-жылдын 29-июнундагы N 2020-П-14/38-6-(ПС) "СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык, КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 21-пунктун аткаруу, анын ичинде төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча маселелерди кароонун алкагында жеринде барып текшерүүгө байланышкан аталган Жобонун 19-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келишине алдын-ала текшерүү жүргүзүү бөлүгү убактылуу токтотулду.

2020-жылдын 1-июлунан тартып, төлөм системасында күтүүсүз чара көрүүнү талап кылган учурлардан тышкары, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү убактылуу токтотулат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 26-июнундагы N 108 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 85 токтому менен дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоосу токтотулган жана мөөнөтүнөн мурда бошотулган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра улантылат:

1) 2020-жылдын 30-июну саат 9.00дөн 12.00гө чейин Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленди;

2) 2020-жылдын 1-июлу саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленди;

3) 2020-жылдын 13-июлуна саат 9.00дөн 12.00гө чейин Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленди;

4) 2020-жылдын 15-июлуна саат 9.00дөн 12.00гө чейин Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленди.

Токтомго ылайык "Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы № 82 токтому жокко чыгарылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 26-июнундагы N 110 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин тизмеги, формалары жана усулдук материалдары жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтердин тизмеги № 1 тиркемеге ылайык жактырылды.

Ошондой эле, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтеринин формалары бекитилди.

Алар:

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкандыгы жөнүндө саясий партиянын кабарлоо формасы (№ 1 форма);

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечиминин формасы (№ 2 форма);

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинин формасы (№ 3 форма);

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы (№ 4 форма);

Башка мамлекеттин жарандыгынын жоктугу жөнүндө маалыматтардын формасы (№ 5 форма).

Жогорудагы токтом менен ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды каттоо үчүн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялар берген документтеринин төмөндөгүдөй формалары бекитилди:

Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн, ишенимдүү адамдардын, саясий партиялардын байкоочуларынын тизмесинин формасы (№ 6 форма);

Ыйгарым укуктуу өкүл, саясий партиянын ишенимдүү адамы болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (№ 7 форма);

Ыйгарым укуктуу өкүлдү, саясий партиянын ишенимдүү адамын кайра чакыртып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (№ 8 форма).

Шайлоо комиссиялары берген документтердин төмөнкүдөй формалары бекитилди:

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин ырастамасынын формасы (№ 9 форма);

Ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо күбөлүгүнүн формасы (№ 10 форма);

Саясий партиянын өкүлүнүн ырастамасынын формасы (№ 11 форма);

Саясий партиянын ишенимдүү адамынын ырастамасынын формасы (№ 12 форма);

Саясий партиянын байкоочусунун ырастамасынын формасы (№ 13 форма).
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 26-июнундагы N 112 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо тууралуу" ТОКТОМУ

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын атайын шайлоо эсептерин ачуу жана жүргүзүү, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин жөнгө салат.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 26-июнундагы N 115 "Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө жобо тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана түзүү тартибин белгилейт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 26-июнундагы N 116 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо тууралуу" ТОКТОМУ

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоонун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларды маалымдоого шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 15-июлунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-июнундагы N 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы N 64 "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 16-июлунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлунда N 82 "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги N 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 18-июлунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы N 66 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Коммерциялык эмес уюмдар канча убакытта каттоодон өтөт?

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик каттоодон (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное