Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 2 августа 2021 года N 31 (665)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 21-июлундагы N 85 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 21-июлундагы N 85 Мыйзамы менен жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмеги Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика Кошмо Штаттары менен толукталды.

Жогорудагы Мыйзам жаңы ченемдер менен толукталып, ага ылайык чет мамлекеттердин жарандарына - Бириккен Улуттар Уюмунун паспортторунун ээлерине (United Nations Laissez Passer кызыл түстөгү паспорт) үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарынын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жаатындагы жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү маселелерди тескөөчү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режиминин колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу экендиги белгиленди.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 22-июлундагы N 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 22-июлундагы N 87 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык экстремисттик ишти каржылоо боюнча жоопкерчилик каралды.

Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо - 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ N 291 "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

Этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ N 291 Жарлыгы менен Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.

Убактылуу жобо этностук кыргыздардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу маселесин кароонун тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алууга өтүнүч катты 18 жаш куракка жеткен арыз ээси жеке берет жана аны арыз ээсинин кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – АМС) аркылуу же кагаз түрүндө тариздейт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

- АМС аркылуу таризделүүчү өтүнүч;

- арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документтердин түп нускасы жана ксерокөчүрмөлөрү (паспорт, кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө корутундусу);

Инсандыгын ырастоочу документгерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документтер берилет (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, кыргыз улутунда экендигин көрсөтүү менен атасынын же энесинин паспорту, чет мамлекеттин паспортунда же туулгандыгы тууралуу күбөлүктө "Улуту" деген графа жок болсо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси берген маалымкат);

- чет мамлекеттин паспорту жок арыз ээлери үчүн – республиканын аймагында жашаган жери боюнча түзүлгөн таануу актысы;

- Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттерден арыз ээлери үчүн:

мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүнде жеке арызы;

жеке декларациясы;

Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат.

Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 7 жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 21-июлундагы ПЖ N 305 "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү максатында санариптештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу байкоочу кеңеш түзүлдү. КР Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы ПЖ N 294 Жарлыгына ылайык Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо жана байкоочу кеңештин курамы бекитилди.

Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш санариптик трансформациялоо чөйрөсүн өнүктүрүү, санариптештирүү боюнча программаларды жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууну камсыз кылуучу, туруктуу иштөөчү консультативдик-кеңешме орган болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2021-жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук офисти уюштуруу тапшырмасы берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 23-июлундагы N 84 "Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары бекитилди.

Бекитилген тартип Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө кырдаалды алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат.

Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселесин кароодо төмөндөгү шарттар эске алынат:

- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык кызыкчылыктары;

- колдо бар финансылык мүмкүнчүлүктөрү;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резервинде болгон материалдык баалуулуктар;

- авариялык-куткаруу, медициналык-санитардык түзүлүштөрдү жана эпидемияга каршы отряддарды чет мамлекеттин аймагындагы кырсык болуп өткөн зонага жөнөтүү мүмкүнчүлүгү.

Чет мамлекетке эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2021-жылдын 26-июлундагы N 2021-П-07/40-1-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

Улуттук банктын эсептик чени жылдык 7,50 пайыз өлчөмүндө белгиленди.

Токтом 2021-жылдын 27-июлунан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 2-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы N 77 "Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы N 78 "Улуттук квалификациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 2-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы N 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы N 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июлундагы N 84 "Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттерге эл аралык чукул жардам көрсөтүү тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 5-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы N 88 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жана аны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 6-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 22-июлундагы N 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 14-июлундагы N 2021-П-12/38-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Менин жолдошум сотто жарандык иш боюнча мага өкүл боло алабы? Анын юридикалык билими, адвокаттык лицензиясы да жок.

Жарандык процесстик кодекске ылайык жарандар өз иштерин жеке өздөрү же өкүлдөрү аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. Жарандын ишке жеке өзү катышуусу аны ушул иш боюнча өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

Сотто ишти алып барууга карата талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган ыйгарым укугу бар, аракетке жөндөмдүү жеке жак сотто өкүл боло алат.

Жеке адамдын өкүлүнүн ыйгарым укуктары нотариалдык ырасталган ишеним кат менен билдирилүүгө тийиш.

Сотто ишти алып барууга ыйгарым укуктар өкүлгө ал өкүлү болуп жаткан жактын атынан бардык процесстик иш-аракеттерди аткарууга укук берет.

Ошондой эле ЖПК ылайык сотто төмөнкүлөр өкүл боло албайт:

1) жашы жете элек адам;

2) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;

3) процесске тийиштүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү же мыйзамдуу өкүлү катары катышкан учурлардан башка учурларда судья, тергөөчү, прокурор, сот аткаруучулар, өкүлчүлүктүү органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары;

4) юридикалык жардам көрсөтүү тууралуу тапшырманы адвокатура жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокат;

5) кызыкчылыктары өкүлчүлүк кылынган жактын кызыкчылыктарына каршы келген жактарга бул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн адам;

6) судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы, соттук аткаруучу, күбө же калыс катары катышкан адам.

Демек, жогоруда айтылган, өкүлдөргө карата чектөөлөр Сиздин жолдошуңузга тиешеси жок болсо, анда ал сотто Сиздин өкүл катары чыга алат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное