Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 6 сентября 2021 года N 36 (670)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 27-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.

КР Президенти кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону КР жаңы Конституциясы менен дайындоого мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 27-августундагы N 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" ТОКТОМУ

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү камсыз кылуу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы 156 токтомуна ылайык контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө убактылуу жобо 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары белгиленди.

Убактылуу жобо контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоорун өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 27-августундагы N 156-т (2021-жылдын 28 жана 30-августу айрым уюмдар үчүн иш күндөрү деп белгилөө тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 156-т тескемесине ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруу максатында, КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана КР Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 28 жана 30-августу КР мыйзамдарында каралган компенсациялоо менен иш күндөрү деп белгиленди.

Ошондой эле, КР Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2021-жылдын 28 жана 30-августу иш күндөрү деп жарыялоо сунушталды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2021-жылдын 29-августундагы N 663 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө" ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" КР Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 Жарлыгы менен дайындалган Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган КРе Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 7-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы N 141 "Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы N 142 "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 8-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы N 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы N 156 "Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 10-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы N 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы N 151 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы N 154 "Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 25-августундагы N 2021-П-12/47-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына лицензиялоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 11-сентябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-августундагы N 102 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мыйзамдарда салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуунун ыкмалары кандай шартталган?

КР Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарышы жана салык карыздарын жоюшу аталган Кодексте каралган ыкмалар менен камсыз кылынат.

Салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:

1) туумдарды эсептөө;

2) банктык кепилдик;

3) салык төлөөчүнүн депозити;

4) салык төлөөчү моюнуна алган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын эсебиндеги акча каражаттарынын жана/же накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное