Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 20 сентября 2021 года N 38 (672)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ N 371 "Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясына "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн, КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 371 Жарлыгына ылайык Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик- техникалык академиясына "улуттук" статусу ыйгарылды жана мындан ары "Алтын Түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы” деп аталат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ N 388 "Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ N 388 Жарлыгына ылайык Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги уюштурулду.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 20-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы N 104 "1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясында) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы N 110 "2021-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча долбоорду" даярдоого карата грант, ECAPDEV N TFOB3890 грант макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы N 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-сентябрындагы N 162 "Бишкек шаарынын "Маданият" конушунда канализациялык насостук станция куруу үчүн жер участогун Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 23-сентябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы N 2021-П-14/50-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы N 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 25-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы N 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги N 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы N 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Жакында жаңы үлгүдөгү загранпаспорт чыгыптыр деп уктум. Эски загранпаспортту алмаштырышым керек болобу?

Жаңы үлгүлөрдөгү загранпаспорт чыкса эле алмаштырышыңыз шарт эмес. Эски загранпаспортуңуз жарактуу мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу деп эсептелинет.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное