Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 23 мая 2022 года N 17 (703)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 13-майындагы ПЖ N 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерди болтурбоо максатында КР Президентинин Жарлыгына ылайык Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт деп белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигине 2022-жылдын 1-июлунан тартып жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу, жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалып, мындан ары орнотууга тыюу салуу, пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирүү, коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүп туруу ж.б. иштерди аткаруу жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күтүүгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту пайдаланууну катуу чектөө режимин киргизүү максатында мамлекеттик органдын жетекчисинин автотранспорттук каражатын кошпогондо, мамлекеттик органдарды тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын лимити, жетекчинин автотранспорттук каражатын кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө үчүн нөөмөттүк жеңил автотранспорттун санынын лимити, кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун отунду чыгымдоо лимити бекитилди.

Токтом менен кызмат адамдарын тейлөө үчүн кызматтык автотранспортту кошпогондо, пайдалануучу нөөмөттүк жеңил автотранспорттун кыймылдаткычынын көлөмү 2700 куб. см ашпоого тийиш; чыгарылган күнүнөн тартып 10 жылдан ашык мөөнөттө пайдаланылган автотранспортту сатып алууга тыюу салынат; кызмат адамдарын тейлөө үчүн наркы 2000000 сомдон ашпаган жеңил автотранспорт каражаттары (бензин жана электр кыймылдаткычтары менен) сатып алынаары белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 245 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси түзүлдү жана жобосу иштелип чыкты.

Мекеме Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизүүдө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүүдө техникалык координациялоону камсыз кылат.

Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:

- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;

- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;

- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;

- Бирдиктүү идентификациялоо системасы;

- Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;

- Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилди.

Тартип Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) (мындан ары - БУУнун уюмдары) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну регламенттейт.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана сатып алуучу уюм өз ишинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ушул Тартипти жана саламаттык сактоо жаатындагы ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-майындагы N 44 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" ТОКТОМУ

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү дандын импортуна жана ун өндүрүүчүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жүзөгө ашырылуучу данга жана көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду салык салынуучу жеткирүүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 11-майындагы N 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин ченемдерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомун ылайык келтирүү максатында жарандык талаш-тартыштар боюнча сотко берилген доо арыздарынан алынуучу мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 50000 эселенген өлчөмүнөн ашпай тургандыгы белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2022-жылдын 11-майындагы N 88-б (2022-жылдын 16-майынан тартып 16-июнуна чейинки мөөнөткө ысык суу жабдууну өчүрүү тууралу) БУЙРУГУ

Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарына, жылуулук керектөө тутумун 2022/2023-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыздоо үчүн жыл сайын жүргүзүлүүчү профилактикалык жана ондоо жумуштарын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын аймагында 2022-жылдын 16-майынан тартып 16-июнуна чейинки мөөнөткө ысык суу өчүрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 23-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы ПЖ N 148 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги N 204 "Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы N 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 24-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы ПЖ N 147 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 246 "Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 25-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 208 "2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 28-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 215 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мен жеке мекемеде иштеймин. Жакында төрөйм. Жетекчилик кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөн кийин, эки айдан кийин жумушка чыгуумду талап кылып жатат. Бул мыйзам ченемдүүбү? Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү 1,5 жылга берилеби?

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү КР Эмгек кодексине жана Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы N 434 токтомуна) ылайык берилиши керек.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили төмөнкүдөй түзүлөт:

1) төрөт жакшы болсо - 126 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн);

2) төрөт татаал болсо жана эки же андан ашык бала төрөлсө (бойдо бирден ашык бала болсо) - 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);

3) бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда иштеген аялдарга:

- төрөт жакшы болсо - 140 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);

- төрөт татаал болсо - 156 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);

- эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күн (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн).

КР мыйзамдарына ылайык 126 календардык күнгө төрөт боюнча жөлөкпул төлөнүп берилет.

Ал эми Эмгек кодексинин 137-беренесине ылайык кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча ал үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн өргүү кандай болбосун убакта жана кандай болбосун узактыкта берилиши мүмкүн.

Эгерде Сизге бала үч жашка чыкканга чейин багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилбесе КР Эмгек кодексине ылайык бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн.

Мындан сырткары, Эмгек кодексине ылайык бир жарым жашка чейинки балдары бар иштеген аялдарга эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуудан башка баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн иштин ар бир үч сааты сайын ар бири 30 мүнөттөн кем эмес убакытка созулган кошумча тыныгуу берилет.

Иштеген аялдын бир жарым жашка чейинки эки же андан ашык балдары болгондо тыныгуунун узактыгы 1 сааттан кем эмес белгиленет.

Аялдын арызы боюнча баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгууга кошулушу же суммаланган түрдө аны тиешелүү түрдө кыскартуу менен жумуш күнүнүн (жумуш кезметинин) башталышына, же аякталышына которулушу мүмкүн.

Баланы (балдарды) тамактандыруу үчүн тыныгуулар жумуш убактысына кошулат жана орточо эмгек акы өлчөмүндө төлөнүүгө тийиш.

Тыныгуулардын мөөнөттөрү жана берүү тартиби эненин каалоолорун эске алуу менен иш берүүчү тарабынан белгиленет.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное