Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 9 ноября 2022 года N 38 (723)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 26-октябрындагы ПЖ N 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы ПЖ N 358 Жарлыгы менен 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

"Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-октябрындагы N 95 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-октябрындагы N 566 "Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө" ТОКТОМУ

Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 566 токтому менен төмөнкүлөргө бир жолку материалдык жардам төлөнөт:

- Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө - 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө; \

- ден соолугуна оор зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

- ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирилген, ошондой эле ден соолугуна жеңил зыян келтирилген, ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келген, медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарыланган Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында каза болгон жана жабыркаган жарандарынын тизмелерин түзүү жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөөнү бекитилген Тартипке ылайык камсыз кылуу жүктөлдү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-октябрындагы N 570 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоону камсыздоо, товарларды эсепке алынбаган/контрабандалык ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 570 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө жобо бекитилди.

Ошондой эле токтом менен Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүчү экономикалык иш субъекттери бекитилген Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташып келинүүчү, сатылуучу, милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо каражаттарын түшүрөт жана маркалануучу товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн маркаланбаган товарларды сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөтү келип жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган товарларды жүгүртө алат деп белгиленди.

Салык органына эки жумалык мөөнөттө токтом менен бекитилген тизмедеги товарларды маркалоонун методикалык эрежелерин бекитүү жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 24-октябрындагы N 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы N 583 токтому менен Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен өндүрүлгөн энергиянын бардык түрлөрүнө белгиленген тарифтердин алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.

ЭКБ пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ЭКБ субъекттеринин ишин жүзөгө ашыруу өзгөчөлүктөрү да каралып чыкты.

ЭКБ субъекттери белгиленген тарифтердин алкагында жеңилдетилген мезгил боюнча тарифтик преференцияга талапкер болууга укуктуу. Жеңилдетилген мезгилдин ичинде жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен тарифтик преференция белгиленген тарифтердин алкагында ЭКБ субъекттеринин реестрине киргизилген субъекттерге жайылтылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 26-октябрындагы N 588 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо максатында токтом менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобого ылайык бир жолку жөлөкпулдар жана компенсациялар төмөнкүдөй учурларда төлөп берилет:

- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери (мындан ары - кызматкер) кызмат өтөө мезгилинде оор же жеңил жаракат алганда;

- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкер мертингенде же майып болгондо;

- кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматкер каза болгондо;

- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматынан бошотулгандан кийин кызматкер курман болгондо.

КР Финансы министрлигине толук көлөмдө бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чыгымдарын каржылоону камсыз кылуу тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 31-октябрындагы N 592 "2022-жылы мамлекеттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмектерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР мал чарбасын асылдандырууну андан ары өнүктүрүү, генетикалык ресурстарды сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында токтом менен мамлекеттик текшерүүдөн өткөн асыл тукум заводдорунун тизмеги жана мамлекеттик текшерүүдөн өткөн асыл тукум фермаларынын тизмеги бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 19-октябрындагы N 565-т (Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүүгө байланыштуу талаптарды бекитүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн алкагында пилоттук долбоорду жүргүзүү үчүн өткөрүү пункттарын жабдууга карата талаптар, пилоттук долбоорду жүргүзүү убагында пайдаланылуучу объективдүү контролдоо жана идентификациялоо каражаттарына карата талаптар, "санариптик жашыл транзиттик коридордун" операторуна жана уюмдарга карата талаптар бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына 2023-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтыктарына орто аралык баалоо жүргүзүү, жыйынтыктар боюнча зарыл болгон учурда электрондук навигациялык пломбаларга жана "акылдуу" контейнерлерге карата талаптарга түзөтүү киргизүү жана пилоттук долбоорду андан ары жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө тиешелүү баяндаманы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүүнү камсыз кылуу иштери жүктөлдү.

Тескеме кол коюлган учурдан тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 27-октябрындагы N 582-т (КР аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып СОVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин алып салуу тууралу) ТЕСКЕМЕСИ

Кыргыз Республикасынын аймагында СОVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна жана коронавирус инфекциясы менен ооруну каттоонун төмөндөшүнө байланыштуу, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы N 582-т тескемесинин негизинде КР аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режими алып салынды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2022-жылдын 31-октябрындагы № 2022-П-07/67-1-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 31-октябрындагы № 2022-П-07/67-1-(ДКП) токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 14,00 пайыз өлчөмүндө бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылуу жана токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлдү.

Токтом 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 9-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы N 564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы N 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 12-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 24-октябрындагы N 99 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Темир жол транспорту жөнүндө" жана "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы ПЖ N 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Балдар 80-жаштагы ата-энесине камкордук кыла алабы?

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 67-беренесине ылайык камкордукка алуу соттун чечими менен он төрт жашка чейинки курактагы балдарга, ошондой эле психикалык бузулуудан улам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандарга белгиленет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 68-беренесинин талаптарында белгиленгендей көзөмөлдүк кылуу соттун чечими менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга, ошондой эле спирт ичимдиктерин же баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандарга белгиленет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 76-беренесинде көрсөтүлгөндөй баралына жеткен ишке жөндөмдүү, бирок ден соолук абалына байланыштуу укуктарын өз алдынча коргой жана милдеттерин аткара албай турган жарандын өтүнүчү боюнча ага патронаж түрүндө көзөмөлчүлүк белгилениши мүмкүн..

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде ата-эне өз аракеттерин билсе, бирок ден соолугуна байланыштуу өз укуктарын жана милдеттерин аткара албаса, аларга патронаж орнотуу мүмкүн.

Аракетке жөндөмдүү жашы жеткен жарандын көзөмөлчүсү (жардамчысы) патронажга муктаж жарандын макулдугу боюнча гана аймактык бөлүмдүн буйругу менен дайындалышы мүмкүн.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 92-беренесине ылайык эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное