Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 21 ноября 2022 года N 40 (725)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2022-жылдын 14-ноябрындагы N 105 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы, Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы, Лейлек районундагы Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп кайра аталды.

Ошондой эле, жогоруда аталган айыл аймактардагы айрым айылдар дагы, жалпысынан он айыл дагы кайрадан аталышты.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ N 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ N 375 Жарлыгы менен ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын 1-декабрынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди жана бул тыюу салуулар 2023-жылдын 1-июнунан тартып алты ай сайын узартылып турат.

Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылаары аныкталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

"Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында калкка кызматтарды уюштуруу жана көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 604 токтому менен Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо жана Социалдык талондор (ваучерлер) аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө жобо бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 606 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карызын тындырууну камсыз кылуу максатында, токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Санариптик казыналык милдеттенмелер бул казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган, анын ээсине кредитордук карыздарды, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү тындыруу үчүн пайдаланууга укук берген документсиз мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат. Санариптик казыналык милдеттенмелер өз ара эсептешүүлөр үчүн накталай эмес төлөм каражаты катары казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган катышуучулардын ортосунда гана колдонулат. Бюджеттик чыгымдарды төлөө боюнча операцияларды жасоо үчүн санариптик казыналык милдеттенмелерди пайдалануу мөөнөтү - бир жыл. Санариптик казыналык милдеттенмелер түрүндө тындырылууга тийиш болгон чыгымдардын суммасынын минималдуу босогосу 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы N 99 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" ТОКТОМУ

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартуу, калктын саламаттыгын чындоо максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 609 токтомуна ылайык тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди.

Токтомго ылайык төмөнкүлөргө минималдуу чекене баалар белгиленди:

- ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз сигареттерге 2023-жылдын 1-январынан тартып 20 (жыйырма) даана тамеки үчүн – 100 сом;

- ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасына 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда – 250 сом, 2024-жылдын 1-январынан тартып – 300 сом;

- ТЭИ ТН 8543 40 000 0 коду менен классификацияланган электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөргө (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы) 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда -1300 сом, 2024-жылдын 1-январынан тартып – 1400 сом.

Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга белгиленген минималдуу чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлдү.

Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 610 "2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 610 токтомуна ылайык 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан аныкталган жана ырасталган, өз ишин Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда жүзөгө ашырган Ишкерлердин тизмесине киргизилген (күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууну, тоо-кен ишин жана резидент эместерди кошпогондо) жеке ишкерлер ишкердик субъекттери үчүн салыктардын ставкалары (КНСта кошпогондо) жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Социалдык фондунун кирешелеринин жоготууларынын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон каражатты кароосу белгиленди.

Токтом 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 21-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 102 "2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ N 364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы N 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 22-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы N 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 608 "2022-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу тууралуу протоколду жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соодада бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин уюштуруу жөнүндө ("Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридор") протоколду бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 25-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 603 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин түзүү жана аткаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 614 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 26-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы N 591 "2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мен базардан машина сатып алайын деп жатам. Көбүн эсе сатып алгандан кийин ар кандай юридикалык көйгөйлөр пайда болот. Бул тобокелдиктердин алдын алуу үчүн, тактап айтканда, унаанын камакка алынгандыгы, салык боюнча карызы бар же жок экендиги, жол эрежелеринин бузулгандыгына байланыштуу айып пулдар боюнча маалыматтарды интернет аркылуу биле аламбы? Carcheck кызматына ишенсе болобу?

Автомашина жөнүндө маалыматты Carcheck Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу ала аласыз.

Бүгүнкү күндө бул портал унаа тууралуу маалыматты көрө турган жалгыз интернет-ресурс.

Carcheck электрондук кызмат көрсөтүү порталында төмөнкү маалыматтарды ала алсыз:

- оорчулуктун болушу/жоктугу жөнүндө;

- транспорт каражатынын маркасы/модели;

- чыгарылган жылы;

- түсү;

- рулдун жайгашкан жери;

- кыймылдаткычтын көлөмү;

- менчик мөөнөтү;

- "Коопсуз шаар" системасы тарабынан мамлекеттик номер боюнча жазылган айыптардын болушу.

Автоунаа үчүн салык карызы Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциясына кирбейт.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорттук салык боюнча карыздар тууралуу маалымат ала турган порталдар жана башка интернет-ресурстар жок. Карызды текшерүү үчүн жакынкы аймактык салык кызматына кайрылсаңыз болот.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное