Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 28 ноября 2022 года N 41 (726)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 106 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 106 Мыйзамы менен кабыл алынган Регламент КР Жогорку Кеңешинин КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамы күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 15-ноябрындагы ПЖ N 376 "Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандардын жана ишкерлердин финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, экономикага инвестициялардын агымы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча багыттар аныкталды.

"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому жана "Борбордук депозитарий" ЖАК эл аралык финансы рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн баалуу металлдар секторун, товардык-чийки зат секторун жана мамлекеттик баалуу кагаздар секторун ишке киргизүү боюнча коомдук-маанилүү экономикалык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттин катышуусу менен ишке ашырган системаны түзүүчү улуттук институттар болуп саналат деп белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАК жана "Борбордук депозитарий" ЖАК капиталына мамлекеттин кирүү процессин аяктоо, чарбалык субъекттердин фондулук рынокко чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү, аманаттардын деңгээлин жогорулатуу максатында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө калктын инвестициялоо процессине дем берүүгө багытталган жеке инвестициялык эсептердин долбоорун иштеп чыгуу, региондордон инвесторлордун финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун тармагы аркылуу брокердик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо ж.б. тапшырмалар берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 102 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 380 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салынды.

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдарынын, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын өз пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргүзүлгөн, текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген текшерүүлөр кызматтык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандык катары каралат жана кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет деп белгиленди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 617 "Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 617 токтому менен бекитилген эрежелер экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо механизмин төмөнкү учурларда аныктайт:

- чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурууда;

- акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүштөрү) беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарбалык субъекттерди түзүүдө;

- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарбалык субъекттерди түзүүдө;

- мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда;

- үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбалык субъекттин ошол эле товардык рынокто иштеген башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталда үлүштөрүн) сатып алуусунда, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталда үлүштөрүн) кандай болбосун юридикалык жактын же жарандын сатып алуусунда.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 15-ноябрында N 99 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 619 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун техникалык өзгөчөлүгүн сактоону камсыз кылуу максатында токтом менен Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелери бекитилди.

Бекитилген эрежелер монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча иштерди кароонун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт.

Монополияга каршы орган рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына баалоо жүргүзөт, ага белгилүү болгон маалыматтардын негизинде монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун негиздери боюнча иштерди ушул Эрежелерде белгиленген тартипте өз демилгеси боюнча териштирет жана карайт.

Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча териштирүүнү баштоого жана ишти кароого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн материалдар (мындан ары - материалдар);

- монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн юридикалык жана жеке жактардан түшкөн арыздар (мындан ары - арыз);

- монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилеринин бар экендигин көрсөткөн жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, Интернет тармагындагы билдирүүлөр;

- мамлекеттик монополияга каршы органдын анын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - монополияга каршы орган) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн, рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоолордун, үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун табуусу.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 14-ноябрындагы N 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында токтом менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт, билим берүү булактарын жана чыгымдоо максаттарын, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, Фондго келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.

Фонд жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Фонддун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы N 103 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 627 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасына 10000000 (он миллиондон) ашык сом салган чет өлкөлүк жарандарына (Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарын кошпогондо) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жашап турууга уруксат ала алышат.

Чет өлкөлүк жарандар (Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттердин жарандарын кошпогондо) үчүн жашап турууга убактылуу уруксаттар боюнча материалдарды кароонун жалпы мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 14 жумуш күндөн, калгандары үчүн - 1 айдан, ал эми жашап турууга туруктуу уруксаттар боюнча -1 жылдан ашпоого тийиш.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 28-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 14-ноябрындагы N 104 "2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 29-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы N 621 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы N 622 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы N 397 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 30-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги N 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 606 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-апрелиндеги N 155 "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 612 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 613 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы N 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 617 "Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 1-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы N 2022-П-12/60-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 2-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 629 "Ведомстволор аралык комиссиялардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 631 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы N 104 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы Дипломатиялык академиясы" мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 3-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ N 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" жарлыгы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Азыркы учурда жеке бала бакчаларга салык жактан жеңилдиктер барбы?

Кыргыз Республикасында 2015-жылдардан бери жеке бала бакчаларга салык боюнча жеңилдиктер бекитилген.

Ал жеңилдиктер пайдага салык боюнча жеңилдиктер, кошумча нарк салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан, жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулган.

Азыркы учурда да ал жеңилдиктер бар.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное