Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 5 декабря 2022 года N 42 (727)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 637 "Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик документтерди пайдаланууну киргизүү чечими кабыл алынды. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 637 токтому менен "Түндүк" мобилдик тиркемеси" ишке киргизилип, бир катар ченем актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.

"Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналат, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылат, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо болуп саналат.

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилген санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү, улуттук паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана жарандык актылары (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү) өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен бекитилген тартип мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштурууну жана жүзөгө ашырууну аныктайт.

Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегине, ошондой эле маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилүүчү, жашыруун кылууга тийиш болгон маалыматтардын ведомстволук тизмектерине ылайык жүргүзүлөт.

Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү сатып алуу жол-жобосу боюнча расмий жазууларды жана сатып алууну жүргүзүү жол-жобосуна тиешеси бар документтерди коомдук пайдалануу мүмкүндүгүнө, ачык жарыялоолор жана мамлекеттик сатып алууларга катышууга чакырууга, мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалары жөнүндө ачык жарыялоого тыюу салуу принциптеринде негизделет.

Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга дем берүү, атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн заманбап технологияларын жана сапат менеджментинин методдорун киргизүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле соодада техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу максатында токтом менен Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасында 2022-жылдын 29-ноябрында N 105 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

Медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына алардын деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында, анын ичинде чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 648 токтому менен 2022–2023-окуу жылдарында жана кийинки окуу жылдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жогорку кесиптик медициналык билим берүү программасын ишке ашырган, эл аралык программалык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жол берилет деп белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларында гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу планын бекитүү, ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине медициналык жогорку окуу жайларына гана окууга жиберилген абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылуу жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 651 "Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо шарттарын жана ыкмаларын аныктайт.

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган, иштин тиешелүү тармагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган башка органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Сатып алуучу уюмдар баанын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилеген жана ырастаган маалыматты алуу үчүн кайрылуу (жазуу жүзүндө/электрондук) берет, анда жазуу жүзүндөгү кайрылуу жибериле турган мамлекеттик органдын аталышы же тиешелүү кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты же тиешелүү адамдын кызмат орду, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон тиешелүү адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги/электрондук почта дареги көрсөтүлүүгө тийиш, кайрылуунун маңызын баяндайт, жеке колун жана датаны коёт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 653 "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасы жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен бекитилген жобо кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасынын (мындан ары - Улуттук платформа) максатын, милдеттерин, түзүү жана иштөө тартибин аныктайт.

Улуттук платформа Кыргыз Республикасындагы жашоонун бардык деңгээлдеринде жана чөйрөлөрүндө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, калкты коргоого өбөлгө түзүүгө багытталган көп тараптуу улуттук механизм болуп саналат. Табигый, антропогендик жана кырсыктардын тобокелдигинин климаттык факторлорунун кесепетинен келип чыккан өз ара байланышкан социалдык, экономикалык жана экологиялык маселелерди чечүү үчүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө координациялоонун жана стратегиялык жетектөөнүн көп тараптуу улуттук механизми катары кызмат кылат.

Улуттук платформа Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси башкарган кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү улуттук кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.

Улуттук платформанын максаты Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында стратегиялык жетекчилик жана координациялоо болуп саналат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы N 105 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 23-ноябрындагы N 643-т (2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү боюнча пилоттук долбоорун жүргүзүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

КР Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын базасында КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт.

КР Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн индикаторлорду (критерийлерди) (региондук дүң продуктунун өсүшүнүн, жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн, Нарын облусунун калкынын реалдуу кирешелеринин, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн, пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында жетишүү болжолдонгон башка көрсөткүчтөрдү) кошумча иштеп чыгуу жана тиешелүү министрликтер жана административдик ведомстволор менен макулдашуу боюнча аныктоо жана пилоттук долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн жогоруда аталган индикаторлорду КР Президентинин Администрациясына жана КР Экономика жана коммерция министрлигине берүү жүктөлдү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 2022-П-07/73-2-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 2022-П-07/73-2-(ДКП) токтомуна ылайык КР Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 13,00 пайыз өлчөмүндө белгиленди.

Токтом 2022-жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 5-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы N 363 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 6-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 635 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы N 379 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоонун жана куруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 638 "Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 639 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы N 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 642 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетектөөчү курамынын кызматкерлерин буюм мүлкү менен камсыз кылуунун ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 647 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 2022-П-12/70-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 9-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 640 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 10-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 108 "2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 618 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 632 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы N 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Электрондук сигареталарды жашы жетпеген адамдарга сатууга тыюу салынганбы?

КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы N 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык электрондук сигареталарды жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу тутумду он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга жана ал адамдардын сатуусуна да тыюу салынган.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное