Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 12 декабря 2022 года N 43 (728)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Өлкөнүн аймагынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуучу медицина чөйрөсүндөгү илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында Президенттин Жарлыгына ылайык КР Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусу ыйгарылды.

Мындан ары бирикме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту" деп аталат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кластердик өнүгүүнүн негизинде инновациялык жана жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын жана даяр тамак-аш азыктарын өндүрүүнү уюштуруу, республикада агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү максатында "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластери түзүлдү.

Түзүлгөн кластердин негизиги милдеттерине төмөнкүлөр кирет.

- эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде иштеп жаткан күнөскана комплексинин аймагында илимий-изилдөө жана өндүрүштүк базасы бар "Ин Вотер Солюшн Агро" ЖЧКсынын көмөктөшүүсү менен Корея Республикасынын тажрыйбасын пайдалануу аркылуу инновациялык чечимдерди жана алдынкы агротехнологияларды киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү;

- инновациялык жана жогорку сапаттагы айыл чарба жана тамак-аш продукциясын чыгаруу боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап өндүрүштөрдү түзүү үчүн инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк, ошондой эле алдынкы агротехнологияларды тартуу;

- эл аралык окутуу программаларына ылайык айыл чарбасында талап кылынган адистиктер боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн окуу борборун түзүү;

- илимий-изилдөө базасын өнүктүрүү, заманбап окуу-лабораториялык, илимий-изилдөө борборлорун, ошондой эле инновациялык инфраструктураны түзүү;

- тажрыйба жана технологиялар менен туруктуу алмашууну уюштуруу жолу менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу чет өлкөлүк илимий-изилдөө борборлору менен кызматташууну жөнгө салуу.

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун мамлекеттик администрацияларына Кластерди түзүү үчүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймагында жайгашкан жер участокторун которууну (трансформациялоону); Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 350 га жер участокторун берүүнү; тиешелүү багыттагы бөлүнгөн жер участогунда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана айыл чарба багытындагы жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды өндүрүү боюнча өндүрүштүк аянтчаларды, ошондой эле зарыл өндүрүштүк инфраструктураны (электр энергиясы, канализация, суу, жолдор, кирүүчү жолдор) түзүүгө көмөк көрсөтүү жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кластердик бирикмелер менен өз ара аракеттенүү, айыл чарба продукциясын экспорттоону жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларын, чийки заттарды жана материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон башка өнөр жай продукциясын жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн агрохолдинг түзүү, Кластердин катышуучулары үчүн минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүнө жараша киреше салыгынын ставкаларын белгилөө, фермерлердин пайдалануудагы күнөскана жабдууларын күрөө катары берүү мүмкүнчүлүгүн караган айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмалары берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 660 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасында жана башка тармактык стратегияларда, концепцияларда аныкталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын маанилүү багыты болуп өлкөнүн жаратылыш капиталын натыйжалуу пайдаланууда транспорттун айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтууну узак мөөнөттүү келечекте камсыз кылуучу транспортту экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүү моделине өтүү максатында токтом менен 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасы жана Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 28-ноябрындагы N 664 "Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында токтом менен Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 6-декабрындагы N 107 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 30-ноябрындагы N 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы N 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жайкы кабыл алуунун алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 12-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 659 "Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 14-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 643 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 619 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы N 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы N 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 652 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы N 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы N 654 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы N 655 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 16-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы N 2022-П-17/74-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги N 13/2 "Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмегин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы N 2022-П-17/74-5-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы N 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы N 664 "Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 17-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 109 "Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы N 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Ипотекага үй алууга ниеттенип жатабыз. Жубайым экөөбүз тең пенсиянын топтоо бөлүгүндө чогулган акчаны ала алабызбы?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесине ылайык, эгерде менчик турак жайы болбогон учурда беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору барларга чектелет жана төлөнүп берилет деп берилген.

Ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдар, ошондой эле алардын жубайлары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына белгиленген формадагы арыз жазат жана арызга төмөнкүлөрдү тиркейт:

- арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документ;

- Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укуктарына ээ болбогондугу жана ээ болгондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан маалымкат;

- жубайы пенсиялык топтоолорун алса, никеси тууралуу күбөлүк көрсөтүлөт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное