Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 19 декабря 2022 N 44 (729)



Урматтуу катталуучулар!

2022-жылы "Токтом" Маалымат борбору "Токтом" - online.toktom.kg Маалымат-укуктук порталын модернизациялоо боюнча иштерди жүргүздү. Эми өлкөдө болгон маанилүү окуялар менен Порталдын Мыйзамдардын жаңылыктары бөлүмүндө тез аранын ичинде танышып, Укуктук форумда юридикалык суроолорду берип жана аларга жооп ала аласыздар. Ошол себептүү "Кыргызстандын мыйзамдарынын жаңылыктары" жумалык жөнөтмө өзүнүн актуалдуулугун жоготту.

Ушуга байланыштуу, 2023-жылдын 1-январынан кыргыз жана орус тилдериндеги "Кыргызстандын мыйзамдарынын жаңылыктары" жумалык жөнөтмө чыгарылышы токтотулат.

Сиздерге, бизге болгон ишеничиңиздерге жана көп жылдык кызматташууңуздарга ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге келечекте маанилүү чечимдерди кабыл алууда ишенимдүүлүктү, өсүп-өнүгүүнү жана ийгилик каалайбыз.

Биздин катталуучуларыбызды online.toktom.kg Порталында күтөбүз.


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2022-жылдын 13-декабрындагы N 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2022-жылдын 13-декабрындагы N 118 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзам Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысын түзөт.

Мыйзамга ылайык КР өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү кызмат өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнөн, ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнөн турат. Мыйзамда аталган кызматтардын милдеттери, укуктары кеңири чагылдырылды.

Аталган Мыйзамдын күчүнө кириши менен КР 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

Ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүү, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тартипти чыңдоо максатында КР Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 388 Жарлыгына ылайык Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Бекитилген Жобо кылмыш-жаза процессуалдык, салык жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарынын жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкагында аталган органдар тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан каттоонун тартибин, ошондой эле статистикалык эсепке алуу жана контроль жүргүзүү тартибин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенип укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун белгиленген тартиби тууралуу маалыматтык түшүндүрүү өнөктүгүн республиканын бүткүл аймагында жүргүзүү, бекитилген жобонун талаптарынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан так сакталышын камсыз кылуу жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-декабрындагы N 668 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы N 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Ишкердик субъекттеринин иштерин текшерүү натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн болтурбоо максатында КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө байланышкан ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери деген глава менен толукталды.

Жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө байланышкан ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында аларды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын коопсуздугунун тобокелдиктеринин рейтингдери менен түздөн-түз байланыштуу, алардын аткарылышы жеке маалыматтардын корголушунун белгиленген деңгээлдерин камсыз кылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-декабрындагы N 669 "Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү максатында КР Кабинет министринин 2022-жылдын 7-декабрындагы N 669 токтому менен Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүүнүн тартиби бекитилди.

Тартип КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана чет өлкөлүк жарандарды укук бузууларды жасагандыгы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүүнүн тартибин аныктайт.

Тартиптин күчү жарандыгы жок адамдарга, качкындарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылган адамдарга таркатылбайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 8-декабрындагы N 671 "2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-декабрындагы N 671 токтомуна ылайык 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди.

Тартип мамлекеттик жана /же муниципалдык менчик үлүшү бар, ишкердик субъекттерге, май куюучу станцияларды эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырган жактарга, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан кийин жабыр тарткан объекттерге жеке менчик укугун алган же жабыр тарткан объекттин менчик укугун ажыратууну жүзөгө ашыргандарга жайылтылбайт:

"Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдоруна 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары жана ишкердик субъекттери тарабынан 2022-жылдын 15-сентябрына чейин алынган зайымдык каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууну жана реструктуризациялоону жүргүзүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдагы 6-августундагы № 115 токтомуна ылайык Баткен облусунун жабыр тарткан 76 ишкерине берилген 15200000 (он беш миллион эки жүз миң) сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгарууну караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгаруусу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин макулдашуусу менен жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген шарттарда пайыздык ставка жылдык - 1 пайыз өлчөмүндө бюджеттик кредиттерди бөлүп берүүсү жүктөлдү:

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 9-декабрындагы N 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Президентинин Иш башкармасынын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, турак жай фондунун объекттерин, ошондой эле стратегиялык багыттагы маанилүү объекттерди курууну тездетүү максатында КР Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому жана КР Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте жүзөгө ашырылуучу социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы болуп аныкталды.

КР Президентинин Иш башкармасы турак жай фондунун бүткөрүлгөн объекттерин КР "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна акы төлөнүүчү негизде өткөрүп берилет.

Ошондой эле, токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлери жана медициналык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак үйлөрдү белгиленген тартипте бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 20-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 7-декабрындагы N 116 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 21-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы N 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы N 673 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы N 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 22-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ N 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 23-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 13-декабрындагы N 117 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 24-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 7-декабрындагы N 2022-П-14/76-5-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы N 2017-П-14/34-2-(НПА) "Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 7-декабрындагы N 2022-П-14/76-6-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 25-декабрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 17-ноябрындагы N 107 "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Өргүүгө чыга турган убагым келди. Бирок эс алууга кетпестен, өргүүгө чегерилген акчаны алып, иштей берсем болобу?

Ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү кызматкерлерге 28 календардык күнгө берилет. 28 календардык күндөн ашык ар жылдык акы төлөнүүчү негизги өргүү (узартылган негизги өргүү) кызматкерлерге ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык берилет.

Эмгек кодексине ылайык өргүүнүн 14 календардык күнүнөн ашкан бөлүгү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай компенсацияга алмаштырылышы мүмкүн.

Ал эми 18 жашка чейинки кызматкерлердин жана эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда иштеген кызматкерлердин акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүсүн акчалай компенсация менен алмаштыруу кодекске ылайык жол берилбейт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное