Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Ислам жолу жаны баштоочуларга #1 - Дин Ислам менен жашасам Аллах күнөөлөрүмдү кечиреби?


Ассалам алейкум момун мусулман бир туугандар. Мен сиздерге суроом менен кайрылам. Бир чон куноону кантип жууса болот? Дин Ислам менен жашасам Аллах күнөөлөрүмдү кечиреби?
Элеман

Ва алейкум ассалам.

Күнөөлөргө тооба кылуунун зарылдыгын Аллах Куранда айтат: «О-о, ыйман келтиргендер! Бардыгыңар Аллахка тооба келтиргиле — ийгиликке жетесиңер» (Куран Нур сүрөсү, 31-аят) Тооба кылуу күнөө кылган жана күнөө кылбаган адамдарга — бардыгына зарыл нерсе.

«Ар бир Адам баласы ката кетирүүчү, ката кетирүүчүлөрдүн эң жакшысы тообо келтирүүчү» делет хадисте. Дагы бир башка хадисте айтылат: «Тооба кылгандан кийин күнөө өчүп, таптакыр кылынбагандай болуп калат» деп.

Адамдын ичине зыяндуу заттар чогулуп калганда алардан адам бошонуп тургандай, жүрөккө толуп калган күнөөлөрдөн да бошонуп туруу зарыл. Элестетсеңиз, ошол зыяндуу заттар адамдын ичинен чыкпай калса канча залал берет, канча денесин кыйнайт. Ошондой эле күнөөлөргө тооба кылбагандык рухту кыйнайт, ыйманга, жүрөккө зыян алып келет.
Кантип тообо кылуу керек?

Тообанын 3 шарты бар. Ушулар аткарылса тооба толук болду деп эсептелет.

1-шарты: Кылган ишке бушайман болуп өкүнүү.
2-шарты: Аллахтан кечирим көп-көп суроо (истигфар деп коет).
3-шарты: Бул күнөөнү эч качан кайталабоого бекем ниет кылуу.

Эгер күнөө кылуу менен пенде башка бир адамдын буюмуна же намысына зыян тийгизген болсо (М: буюмун уурдап же аны ушактап) — ал адамдын акысын кайтарып берүүсү зарыл.

«Дин Ислам менен жашасам Аллах күнөөлөрүмдү кечиреби?»

Албетте. Күндөрдүн бир күнүндө Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) алдына бир киши келет. Ал кишинин аты Амр бин аль-Ас эле. Убагында Исламга душмандык кылып, Аллах жана Анын элчисине (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) каршылык кылган каапыр киши. Ушундан да чоң күнөө болобу?! Ошол киши тооба кылып Исламды кабыл кылганы келет. Ошондо ал айтат: «Мен Исламга кирсем бардык күнөөлөрүм кечирилишин каалайт элем» деп. Ага жооп кайтарып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Сен билбейсиңби — Ислам ага чейинки болгондун баарын өчүрөт» деп (Байхаки «Далаил ан-Нубувва»).

Ислам жолуна туруп, Раббим Аллах, Пайгамбарым Мухаммед, кыблам каабатулло деп, кийин айтканында түз баскан киши — кандай сонун киши!
Албетте, Исламды толук кармангандан кийин деле, пендечилик кылып күнөөлөр кетиши мүмкүн.

Бирок, ошол кезде тообаны жаңыртып, кайра Исламдын тизгинин бек кармап, жолду уланта бериш зарыл. Аллах Куранда айтат: «… Динди түз кармангыла жана Андан кечирим сурагыла» (Куран Фуссылат сүрөсү, 6-аят). Аллах Таала билүүчү Зат. Ал билет ар бир пенде, Исламда жашап жатканда деле, катачылык кылып күнөө кетириши мүмкүн. Ошондуктан динди бекем карманып, бирок катачылык кеткен жерден Аллахтан кечирим сурап тургула деп аятта айтылып жатат.
Күнөө кылып, бирок артынан кайра тооба кылган күндө да Аллах Өз пендесин мурдакыдай жакшы көрбөй калат дейт кылган күнөөсүнүн кесепетинет. Ошондойбу?

Жок, андай эмес. Аллахтын мээримин жана пендеге болгон сүйүүсүн биз эч чектей албайбыз. Күнөө кылган адамдын тообасына Аллах ушунча сүйүнөт дейсиз «чөлдө төөсүн жоготуп алып, тапкандан үмүтсүз болуп, эми өлөм го бу чөлдө деп жаткан киши — бир кезде төөсүн таап алса сүйүнгөндөй« (хадис Бухари 6309, Муслим 2747)

Шуейб пайгамбардын өз элине айтып жатканын Куранда айтылат. Ал айтты: «Аллахтан кечирим сурагыла, истигфар кылгыла, кийин тооба кылгыла. Чындыгында менин Раббим — Мээримдүү, Сүйүүчү» (Куран Худ сүрөсү, 90-аят). Аллахтан кечирим сурагыла, тооба кылгыла — Аллах силерди Өз мээримине салып кечирет, кийин Өз сүйүүсүнө бөлөйт.

«Аллахтын алдында эң эле барктуу адам — силердин араңардан таквараагыңар» (Куран Хужурот сүрөсү, 13-аят). Күнөө кылгандан кийин да адам сооп иштерди башкаларга караганда көп кылып, күнөөлөрдөн сактанып жүрсө — Аллахка эң жакын адам болот.



Аллах Таала тообаңызды кабыл кылып, Өзүңүн жакын пенделеринен кылсын.

Оомиин!

В избранное