Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Ислам жолу жаны баштоочуларга #5 - Берекелуу Рамазанга аз убакыт калды...


СУРОО. Орозо тууралуу билейли дедик эле: орозо деген эмне, ал эмне үчүн керек, орозо учурунда эмне кылса болот, эмне болбойт? Бул тууралуу кененирээк билсе болобу? Орозо кармап көргөн эмесмин, бирок быйыл кармайын деп жатам. Дагы суроо: орозо учурунда көлгө түшсө болобу? Күнгө күйүп загар алсачы? Стаматологго барып тиш дарыласачы?

ЖООП. Орозо – Жаратканга сыйынуунун бир түрү. Бул ибадатта таң аткандан баштап күн батканга чейин тамак-суу ичүүдөн, жыныстык мамилеге баруудан пенде сактанат. Шариатта орозо Саум (صوم) же Сыям (صيام) деп айтылат.

Орозонун мааниси – такыбалыкты күчөтүү, Аллахка болгон берилүүнү чыңдоо, ачкалыкты сезип кедей-кембагалдардын абалын түшүнүү, напсини башкарганга үйрөнүү. Ошондой эле орозо адамдын ден-соолугун чыңайт, иммунитетин көтөрөт. Адамга аба, суу, тамак кандай керек болсо, орозо да ошондой эле керек.

Орозо нафиль (адам өз ыктыяры менен туткан) жана фарз (милдеттүү) деп экиге бөлүнөт.

Нафиль орозону каалаган күнү тута берсе болот. Бир гана эки майрам учурунда (Орозо жана Курман айт) жана Жума күнүн жалгыз калтырып, Бейшемби же Ишенбини кошо тутпай, орозо кармаса болбойт.



НАФИЛЬ ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ

Нафиль орозого эң жакшы күндөр деп Шавваль айынын алты күнү, Зуль-Хижжа айынын он күнү, Мухаррамдын эки күнү, ар бир айдын ортосунда үч күн (ай толуп турган кезде) жана ар бир дүйшөмбү жана бейшемби эсептелет.

Нафиль орозонун өзгөчүлүгү адам эртең менен ниет кылып ооз жапкан орозосун кайра күн ортосунда буза алганы. Бул үчүн ал күнөө тартпайт.

Фарз орозо деп – кармоого милдеттүү болунган орозо айтылат. Аны жөнү жок ачып салса болбойт. Кээ бир адамдарга фарз орозо да тутуу милдеттүү эмес. М: алы кеткен чал-кемпирлерге.



ФАРЗ ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮНӨ РАМАЗАНДЫН ОРОЗОСУ КИРЕТ

Фарз орозонун түрлөрүнө Рамазан айында тутулчу орозо кирет. Рамазан айындагы орозо исламдын беш түркүгүнүн бирөөсү, ыймандын шагы. Орозонун милдеттүүлүгүн четке каккан адам каапыр болуп калат.

Орозо кармоо милдети тууралуу Куранда келет: “О, ыйман келтиргендер! Силерден муруңкуларга орозо парз болгондой эле, силерге да парз болду. Балким силер таква болоорсуңар!” (Бакара сүрөсү 183-аят)

Ал эми орозонун Рамазан айында парз болгону Куранда айтылат: “Ким Рамазанга күбө болсо, ал анда орозо тутсун” (Бакара сүрөсү 185-аят)

Рамазан айындагы Орозо хижраттын 2-жылы парз болду. Буга чейин мусулмандар Мухаррам айында же ай сайын эки күндөн орозо тутуп турушчу.

Орозо – Аллахтын кечиримин жана ырайымын алууга бирден бир себеп: "Ким Рамазанда ыйман менен, сооп үмүт этүү менен орозо тутса өткөн күнөөлөрү кечирилет". (Аль-Бухари, Фатх, 37). "Ар бир ооз ачууда, Аллах тозоктон куткарылган адамдарды белгилейт". (Ахмад, 5/256, Сахих ат-Таргиб, 1/419).

Ушул убакыттарда мусулман баласы бардык амалдарын Жараткан Эгеге багыштап, башка күндөрдөн айырмаланып үмүт-тилектерин көбөйтөт, намаздарын көбөйтөт. Орозо адамда таквалык рухту тарбиялап, напсисин тыйганды үйрөтөт. Орозкан адамдын күнөөлөрү кечирилип Бейишке жакын болот.



КИМ ОРОЗО ТУТАТ, А КИМ ТУТПАЙТ?

Парз орозону бойго жеткен (мукалляф), акылы толук, бир жерде отурукташкан (мукым) ар бир мусулман кишиси тутуусу милдет. Мусапырлар, жаш балдар жана орозодон үзүрү барлар андан бошотулат. Айызы келген же төрөт канын көрүп жаткан аялдар убактылуу, каны токтогуча орозо кармашпайт. Рамазан бүткөн соң карыз күндөрүн тутушат.

Боюнда бар жана эмизип жаткан аял орозо тутабы? Бул анын ден-соолугуна байланыштуу. Орозо кармоо менен өзүнө же баласына зыян тийгизүү коркунучу болсо орозо кармоо бул учурда болбойт, бирок кийин мүмкүнчүлүк болгондо кайра ошол күндөрдү карыз кылып тутуп берет.

Кармалбай калган орозону башка күнү тутуу Куранда айтылган: “Ким оорулуу же мусапыр болсо башка айда ошончо күн орозо тутат” (Бакара сүрөсү, 185-аят). Карыз орозо да парз болуп эсептелет. Карыз орозону бир күн артынан экинчисин удаа тутуу шарт эмес. Кийинки Рамазанга чейин толукталып бүтсө болду.

Орозо таптакыр тута албаган адамдардын категориясы шариатта каралган. Аларга алы кетип калган кары чалдар жана хронический оорулуулар кирет. Алардын мойнунда орозонун ар бир күнүнө бир кедейдин курсагын тойгузуу бар. Фидя деп аталат.



ОРОЗОНУН АДЕБИ ЖАНА ТУТУУ ШАРТТАРЫ

Орозону кантип тутуу (кармоо) керек? Орозо албетте ниет менен башталат. Ниет кылууда тил менен айтуунун кажети жок, жүрөк менен кылынат. Күн чыкканга чейин Рамазандын ар бир түнү кийинки күнгө “орозо кармайм” деп жүрөктөн ниет кылып туруу керек.

Күн чыгаар алдын тамак желип ооз жабылат. Бул учур сухур деп аталып өтө берекелүү болот. Ошондуктан бир ууртам суу болсо да сухур ичип коюу абзел.

Күн бою орозкан адам тамак, суусундук ичүүдөн, түтүн дем алуудан, жыныстык мамилеге баруудан сактанат. Бул нерселер орозону бузат. Ал эми унутчаактык менен ооз ачылып кетсе – орозосу бузулбайт. Шилекейди жутуп алса эч нерсе болбойт. Оозун атайылап ачып алган киши чоң күнөөкөр. Ал бир гана бузган күнүн кайра тутуп бербестен каффара (кун, штраф) да төлөөгө милдеттүү болуп калат.

Кечинде ооз ачуу убактысын Ифтар деп коет. Ифтар келээр менен ооз ачууга шашылуу жакшы көрүнүш. Биринчи ооз ачкан киши Аллахка жагымдуураак деп хадистерге келет.

Орозонун маанисине бир гана ичип-жештен тыйылуу эмес, ошону менен эле бирге күнөөлөрдөн да тыйылуу кирет.

Рамазан учурундагы түнкү таравих (тараба, тарава) намаздары окулат. Мечиттер момун мусулмандардын көптүгүнө толуп Куран катмы кылынат (башынан аягына чейин окуп бүтүлөт).

Дагы бир Рамазандын өзгөчүлүгү анын ичинде эң жакшы түн – Кадыр тунүнүн бар болушу. Бул түн 1000 айга тете. Периштерлер асмандан түшүп жер бетин каптап адамдардын ибадат, намаз, куран окуу учурунда көрүшөт. Бул түнү адамдардын бир жылдык тагдыры чечилет.

Рамазандын аякы күндөрү орозо фитр садакасы мискиндерге берилет. Анын мааниси кедей кембагалдар да Орозо айт майрамын тосууга мүмкүнчүлүк алуусу.


ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ

Орозо учурунда сууга түшсө болобу? – Ооба, болот. Бирок, өтө этияттык менен сууда сүзүү керек. Себеби ачык каналдар аркылуу суу адамдга ичкери кирип кетиши толук ыктымал.

Орозодо душка түшсө болобу? – Ооба болот. Бирок ошондой эле суунун ооз-мурун же кулакка кирүүсүнөн сактануу керек.

Дааратты кандай алабыз? – Орозодо даарат кадимкидей эле алынат. Бир гана ооз-мурунга суу алууда тамакка чейин каркар кылып албоо, ооздун жана мурундун учун гана чайкоо керек.

Күнгө күйүп загар алса болобу? – Болот.

Тиш доктурга барып дарыланса болобу? – Болот. Болгону тамакка бир нерсе өтүп кетпөөсү керек. Дары, тишинен аккан кан же башка нерсени жутуп албоосу керек.

Орозо учурунда дары же укол алууга мүмкүнбү? – Эс алдыруучу (обезболивающий) новакоин сыяктуу укол сайдырса болот. Глюкоза сыяктуу азык берүүчү, ысытуучу уколдор болбойт. Булчуңга (внутримышечно) сайылган уколдор болот, ал эми кан тамырга (внутривенно) сайылган уколдор болбойт.

Нан менен ооз ачуу болобу? – От тийбеген тамак менен ооз ачыш жакшыраак. М: жашылча, жер-жемиш, суу, сүт ж.б. Суунун жана сүттүн кайнатылганын эмес, чийкисин.



Сөз соңунда Рамазандын пазилети тууралуу бир хадис келтиребиз. Эскерүүчүгө бирөө жетиштүү, кайдыгерге миңөө жетишсиз.

«Рамазанда болгон берекенин, жакшылыктын канчалык экендигин билгенде, пенде жыл бою Рамазан болсун деп тилек кылмак» (Хадисти аль-Байхаки риваят кылат)

В избранное