Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

Новости законодательства Кыргызской Республики


Новости
Адрес:

г. Бишкек, ул. Ахунбаева 119А, 4 этаж, 419 каб
Телефоны: +996 (312) 595 560; 595 527; 59-55-21(факс)
E-mail:

Конституция КР Кодексы КР Бизнес - Справки

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тууралуу маалымат

(2013-жылдын 3-июнунан 7-июнуна чейин)

 

 

Мыйзамдардын жыйнагы тууралуу маалымат (2013-жылдын 3-июнунан 7-июнуна чейин)


«Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 89 Мыйзамы

Бул Мыйзам менен «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 7-июнундагы № 47-48 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-июнундагы № 87 Мыйзамы

Мыйзам менен «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилген.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 7-июнундагы № 47-48 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 85 Мыйзамы

Бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I жана II бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 84 Мыйзамы

Мыйзам менен «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизилген.
Жогоруда аталаган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 29-майындагы № 82 Мыйзамы

Ушул Мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин мамлекеттик саясатын жана уюштуруучулук-укуктук негиздерин аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 токтому

Токтом менен «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу максатында, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары бекитилген.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 «Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 296 токтому

Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 «Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизилген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2013-жылдын 31-майындагы № 44-45 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 токтому

Токтом менен «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ички жеткирип берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүшкөн товарларга жана жумуштарга тендердик билдирмелерди баалоодо ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү максатында, ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускамасы бекитилген.
Жогоруда аталаган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 292 токтому

Бул токтом менен «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 31-майындагы № 44-45 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин биринде медициналык же фармацевттик иш жүргүзүүгө укугу бар адистерди Евразия экономикалык коомдоштугунун башка мүчө мамлекеттеринде ушундай иш жүргүзүүгө уруксат берүү тартиби жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 291 токтому

Токтом менен «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин биринде медициналык же фармацевттик иш жүргүзүүгө укугу бар адистерди Евразия экономикалык коомдоштугунун башка мүчө мамлекеттеринде ушундай иш жүргүзүүгө уруксат берүү тартиби жөнүндө макулдашуусу бекитилген.
Жогоруда аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 31-майындагы № 44-45 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелерин жана жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 290 токтому

Бул токтом менен Жаратылыш газын пайдалануу тартибин регламенттөө жана газ менен жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен өз ара мамилесин тартипке келтирүү, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу маселелерине бирдей мамиле кылуу максатында, Жаратылыш газын жеткирип берүүнүн жана пайдалануунун убактылуу эрежелери жана жаратылыш газын эсепке алуунун убактылуу эрежелери бекитилген.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 31-майындагы № 44-45 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 токтому

Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн негизсиз өсүшүнө жол бербөө, бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына, сууга акы төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, кызмат көрсөтүүнүн бул түрлөрү боюнча жабдуучулар менен контракттарды түзгөн бюджеттик уюмдар үчүн 2013-2014-жылдарга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимити бекитилген.
Бул токтом 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
2013-жылдын 4-июнундагы № 46 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 283 токтому

Токтом менен Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2013-жылдын 31-майындагы № 44-45 «Эркин Тоо» гезитинде жарыяланган

МТ «ПАРАГРАФ», * ПАРАГРАФ WWW - документти ачыңыз


Эскертүү *: Эгерде документ ачылбай жатса, «ПАРАГРАФ» МТн жаңыртыңыз.


Материал «ADVISER» компаниясынын адистери тарабынан даярдалган
Бишкек ш., Ахунбаев көч,119А, 4 кабат, 419 бөл.
Тел.: +996 (312) 595 560; 595 527; 59-55-21(факс)
E-mail: market@adviser.kg
www.adviser.kg

 

 

В избранное