Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 10 августа 2020 года N 30 (614)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2020-жылдын 24-июлундагы N 88 "Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Аталган Мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын-алуу, бөгөт коюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу болуп эсептелет.

КР Бузуулар жөнүндө кодексине шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын аткарбаганы үчүн жана шайлоочунун шайлоо комиссиясына шайлоо дарегинин алмашкандыгы тууралуу анык эмес маалыматтарды билип туруп бергендиги үчүн, сатып алуучунун же алардын атынан чыккан адамдардын пайдасына активдүү шайлоо укугун ишке ашыргандыгы үчүн шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) жеке өзү же болбосо ортомчу аркылуу акча каражаттарды жана (же) материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилди.

КР Жоруктар жөнүндө кодексине административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн талапкер тарабынан анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти бергендиги, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилди.

КР Жазык кодексиндеги шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын ишине же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан ишине кийлигишүү жолу менен, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун жана кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талап коюу же көрсөтмө берүү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо үчүн жоопкерчилик белгиленди.

- КР Жазык кодексине шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигинин субъекттеринин тизмеси кеңейтилди.

- КР Административдик-процесстик кодексининдеги шайлоо укуктары бузулгандыгы боюнча сотко арыз жазуу мөөнөтү эки күндөн үч күнгө узартылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 24-июлундагы N 89 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга ылайык КР Жер кодексине эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мурастоочусу болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу келип чыккан учурдан тартып он жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү деп киргизилди.

"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын, ошондой эле чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк граждандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, мындай статусту ыйгаруунун жана токтотуунун шарттарын жана тартибин белгилейт.

Ошондой эле, жогорудагы Мыйзамга ылайык мурда кыргыз республикасынын граждандыгында турган чет өлкөлүк граждандардын укуктары аттуу бөлүм толукталды.

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүү киргизилди. Тактап айтканда, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алгандарга аталган Мыйзам колдонулбаары такталды.

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу аттуу түшүнүк толукталды.

Ошондой эле, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу - укуктары жана милдеттери чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы белгиленди. ж.б.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 24-июлундагы N 94 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүгө ылайык маалыматты таратуу жана маалыматты берүү беренесиндеги каралган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык маалыматтарды таратууга жана жарыялоого тыюу салынаары так аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы N 61 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 27-июлундагы N 396 "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу компетенттүү органдар катары КР Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), КР Ички иштер министрлиги, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталды.

КР Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Конвенцияны аткарууга жооптуу компетенттүү органдар тууралуу белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2020-жылдын 3-августундагы N 77 "Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 1-июлундагы N 67 "Коронавирус илдетин жуктурууну азайтуунун айрым чаралары" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 1-июлундагы № 67 "Коронавирус илдетин жуктурууну азайтуунун айрым чаралары" токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Бишкек шаарынын аймагындагы иш режими өзгөрүлдү. Тактап айтканда, коомдук жүргүнчүлөр транспорттору (троллейбустар, автобустар, маршруттук таксилер): иш күндөрү 07.00дөн 11.00гө жана 14.00ден 23.00гө чейин иштешет, дезинфекциялык иш-чараларды милдеттүү түрдө жүргүзүү менен, ошондой эле, ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук жүргүнчүлөр транспорт иштешпейт.

Кафе, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар күн сайын 07.00дөн 22.00гө чейин, супермаркеттер, соода борборлору, соода комплекстери, соода тармактары жана башкалар күн сайын 07.00дөн 24.00гө чейин иштемей болушту. Ал эми базарлар: күн сайын 09.00дөн 17.00гө чейин иштейт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 10-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы N 90 "2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы N 91 "2019-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы N 92 "2020-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы N 93 "2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 13-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы N 84 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 374 "Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартибин жана шарттарын бекитүү жана Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 14-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2020-жылдын 29-июлундагы N 95 "2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 29-июлундагы N 96 "2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 29-июлундагы N 97 "2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19га (1441Н-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 29-июлундагы N 100 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 29-июлундагы N 101 "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 1-августундагы N 102 "2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнаштарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 15-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 375 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 377 "Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы N 379 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы N 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Өзүм билемдик менен курулган курулуштардын мыйзамдагы кесепеттери?

КР Граждандык кодексине ылайык бул максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен курулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка кыймылсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет.

Өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө - сатууга, белекке, ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш.

Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат.

Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Эгерде курулган курулушту сактап калуу башка адамдардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузууга алып келсе, болбосо алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, адамдардын өзү билип курган курулушка менчик укугу туура деп табылбайт.

Өзгөчө учурларда, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен өзү билип курулган курулуш ага кеткен чыгымдардын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө төлөп берүү менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное