Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 28 декабря 2018 года N 51 (573)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүгө ылайык, эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз, буга чейин ал мөөнөт алтымыш календардык күн болгон.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-декабрындагы N 105 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 106 "2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зонаны куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашуу Мыйзамга ылайык ратификацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-декабрындагы N 105 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 18-декабрындагы N 587 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлдү жана жобосу бекитилди.

Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобонун 8-пунктунун үчүнчү-алтынчы абзацтарын жана 9-пунктунун жетинчи-тогузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 24-декабрындагы N 105 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 18-декабрындагы N 588 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун айрым түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду кармоо режиминин түрүн өзгөртүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Төмөнкү түзөтүү мекемелериндеги соттолгондорду кармоо режиминин түрү күчөтүлгөндөн жалпыга өзгөртүлдү:

- Чүй облусунун Жайыл районунун Петровка айылында жайгашкан № 8;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 10;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан № 27.

Расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 19-декабрындагы N 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби жана акы төлөөнүн тарифтери бекитилди.

Тартип мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдарга адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөөнүн тартибин жөнгө салат.

Алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.

Көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча ишке ашырылат:

1) адвокаттын жарандык/административдик ишке мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуучунун статусу тастыктала электе киришүүсү (иштин материалдары менен таанышуу, суроо-каттарын жиберүү, арыз берүүчү менен маектешүү, консультациялар) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;

2) доо/арыз/даттануу түзүү, доого/арызга/даттанууга каршылык билдирүүнү жазуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштен чыгуу, алуучу менен маектешүү) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч ж.б.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 20-декабрындагы N 594 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги бекитилди.

Тартипке ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, башка уюмдардын жана адамдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну уюштурууга багытталган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 20-декабрындагы N 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси түзүлдү жана жобосу бекитилди.

Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иштөөчү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишин регламенттейт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 29-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 554 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы N 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы N 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы N 561 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы N 561 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы N 561 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 31-декабрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 17-декабрындагы N 104 "2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы N 574 "Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында жылытуу, желдетүү, кондициялоо системаларын эксперименттик колдонуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы N 585 "2018-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо мыйзамда кандай таризделген?

КР Жер кодексине ылайык жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар бузулган жерлерди рекультивациялоону, жерлердин асылдуулугун жана башка пайдалуу касиеттерин калыбына келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык иштетүүгө тартууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 517 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобо жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жер участогун рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.

Бузулган жерлерди рекультивациялоо жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо, кыртыштын күрдүүлүгүн калыбына келтирүү, жаңылантуу жана жогорулатуу, айыл чарба, токой чарба, суу чарба, курулуш, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана санитардык-ден соолукту чыңдоо ж.б. максаттарда ишке ашырылат.

Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн негиз болуп рекультивациялоонун техникалык долбоору саналат.

Рекультивациялык иштен кийин мониторинг жүргүзүү бардык рекультивацияланган жерлер үчүн милдеттүү болот жана жер казынасын пайдалануучуга рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын жиберген учурдан тартып 5 жылдын ичинде жүргүзүлөт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган рекультивацияланган жерлердин абалына жылына бир жолудан кем эмес текшерүү жүргүзүп турат.


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное