Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 18 сентября 2017 года N 37 (508)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 24-августундагы N 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартиби бекитилди.

Тартипке ылайык, мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставка төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Кредит боюнча пайыздык ставка = Б * К,

мында:

Б - "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталуучу базалык пайыздык ставка (жылдык %);

К - жогорулатуучу же төмөндөтүүчү коэффициент ж.б.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 15-сентябрында N 102 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 24-августундагы N 538 "Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу башка булактардан каржыланган автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартибин жөнгө салат.

Автомобиль жолдорун долбоорлоо тапшырмасынын түзүмү Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 014/2011) техникалык регламентинин автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежесинин талаптарына ылайык аныкталат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 15-сентябрында N 102 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-сентябрындагы N 550 "2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык, КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашуу эскертме менен бекитилди.

Эскертмеде КР тараптардын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу салык салуу мамилелеринде каралган Макулдашуунун жоболорунан сырткары, 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга катышат деп белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 18-августундагы N 358-б ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитүү тууралуу) БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасынын максатын, милдетин жана архитектурасын белгилейт, анын иштеши үчүн керектүү маалыматтардын булагын, аларды берүү тартибин, ошондой эле ага катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн курамы жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды камтыган, системалаштырылган мамлекеттик маалыматтык ресурс.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2017-жылдын 7-сентябрындагы N 394-б (Ыйгарым укуктуу органдарды белгилөө тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрукка ылайык, талашты кароо жөнүндөгү арыз менен, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин чечимдеринин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылууга ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр белгиленди:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору.

Ошондой эле, КР атынан Евразия экономикалык бирлигинин сотуна кайрылуулары боюнча координациялоочу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору аныкталды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2017-жылдын 20-сентябрынан тартып күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы N 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы N 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы N 742 "Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоп-түзөөдө жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 511 "Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 509 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 509 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 507 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 507 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы N 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы N 776 "Ачык компанияларда милдеттүү аудит жүргүзүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Көп батирлүү үйлөрдүн турак жайларында (ТСЖ) финансылык аудит канча убакытта жана ким аркылуу өткөрүлүп турат, тактап берсеңиз?

КР 2013-жылдын 9-июлундагы N 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамына ылайык, финансылык аудит турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы аркылуу жылына бир жолу текшерүүнү жүргүзөт, аталган текшерүү комиссия шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат жана шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасы жөнүндө корутундуну жана финансылык иши жана милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө отчетту берет.

 


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное