Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 19 ноября 2018 года № 45 (567)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2018-жылдын 10-ноябрындагы N 94 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөргө ылайык бузууларды жасаган жактарды каттоо жана бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 6-ноябрындагы ПЖ N 225 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын жаңы курамы бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоонун негизги принциптерин, милдеттерин, талаптарын, тартибин жана шарттарын аныктайт.

Аталган субъектилер балдарга кызмат көрсөтүүнү баштаганга чейин жана үч жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү кайталап аккредитациялоодон өтөт.

Аккредитациядан өтүү үчүн аккредитация субъектиси ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формада аккредитациялоо жөнүндө арызды;

2) аккредитация субъектисинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн;

3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номурун көрсөтүү менен статистика жана салык органдарында, социалдык камсыздандыруу органында арыз берүүчүнү каттоого коюу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;

4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга багуу жана тейлөө боюнча сутка бою кызматтарды көрсөтүү үчүн жайларды пайдаланууга укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн;

5) аккредитация субъектисинин жетекчиси жана кызматкерлери жөнүндө маалыматты (паспортунун көчүрмөсү, билими жөнүндө документ, соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден маалымкат);

6) өрткө каршы кызматтын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык мамлекеттик органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды сутка бою багуу жана кызмат көрсөтүү үчүн жайлар жөнүндө корутундуларынын көчүрмөлөрүн;

7) аккредитация субъектилери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин;

8) турмуштук оор кырдаалда турган балдарды сутка бою багуу жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты (тейлөөдөгү балдардын саны жөнүндө, багууга жумшалган чыгымдар жөнүндө).

Аккредитациялоо Аккредитация боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Аккредитация боюнча комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу орган балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, этностор аралык мамиле жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринен, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитет. Аккредитация боюнча комиссиянын курамы он үч мүчөдөн турат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 93 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамынан бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички аскерлер түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясына мурда өткөрүлүп берилген, Ички аскерлердин тиешелүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды.

Ошондой эле токтом менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясын кайра уюштурууга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссиянын курамы бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 16-ноябрындагы № 94 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы N 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары кээ бир позициялар үчүн төмөнкүдөй көбөйтүлдү.

- каман (Sus scrofa) - Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн - 7000,0 сомдон 15000,0 сомго;

- элик (Capreolus pygargus) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн - 8000,0 сомдон 15000,0 сомго;

- тоо теке (Capra sibirica) - чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн - 70000,0 сомдон 100000,0 сомго;

- Марко Поло аркары же памир аркары (Ovis ammon polii) - 7 жаштан жогорку кулжалары - Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн жана чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн - 450000,0 сомдон 700000,0 сомго.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2018-жылдын 2-ноябрындагы N 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 396-б (2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо тууралуу) БУЙРУГУ

2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча Эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотасы аныкталды. Квотага ылайык эмгек миграциясына 17410 адам тартылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча мүмкүн болуучу өзгөртүүлөр үчүн эмгек миграциясына квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүү тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 397-б (2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотаны аныктоо тууралуу) БУЙРУГУ

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота аныкталып, республика боюнча 600 адамды түздү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 20-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы N 502 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы N 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 21-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы N 477 "Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы N 484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги N 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы N 489 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы N 492 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архив иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы N 494 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы N 362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы N 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 23-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы N 504 "2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы N 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Азыркы күндө автотранспорттун көптүгүнө байланыштуу атайын коюучу жайлар тартыш. Кандай жерлерге автотранспортту токтотууга уруксат берилет, ал эми кандай жерлерге токтотууга болбой турган тизме барбы?

Автотранспортту токтотуучу жайлар жана кандай жерлерге тотктотууга тыюу салынган жерлер Жол кыймылынын эрежелеринин 12-бөлүгүндө берилген.

1. Транспорт каражаттарына жолдун оң тарабындагы четине, эгер андай жер болбосо жүрүүчү тилкенин четине токтоого жана токтоп турууга уруксат берилет.

Жолду сол тарабында кыймылды токтотуу жана токтоп туруу ортосунда трамвай жолу жок болгон ар бир багыт үчүн бир кыймыл тилкеси бар жолдордо жана бир тараптуу кыймылдагы жолдордо уруксат берилет (уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашык болгон жүк ташуучу автомобилдерге бир тараптуу кыймылы бар жолдун сол тарабына жүктөө же түшүрүү үчүн токтоого гана уруксат берилет).

Транспорт каражатын жүрүүчү бөлүктүн четине параллель кылып бир катар токтотуп коюуга уруксат берилет, буга конфигурациясы (жүрүүчү бөлүктүн жергиликтүү кеңейиши) транспорт каражаттарынын башкача жайгашуусуна жол берген жерлер кирбейт. Капталындагы чиркегичи болбогон эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын эки катар токтоп коюуга жол берилет.

Жүрүүчү бөлүк менен чектешкен тротуардын четине токтоп турууга (токтотуп коюуга) жеңил автомобилдерге, мотоциклдерге, мопеддерге жана велосипеддерге гана уруксат берилет, мында бул жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

Калктуу конуштардан тышкары жерлерде узакка эс алуу, түнөө жана ушул сыяктуу максатта токтоп турууга бул үчүн каралган аянтчаларда же жолдон тышкары жерде гана уруксат берилет.

2. Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

эгерде трамвайдын кыймылына тоскоолдук кылса, трамвай жолдорунда, ошондой эле ага түздөн-түз жакын жерде;

темир жол өткөөлдөрүндө, тоннелдерде, ошондой эле эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бир багытта жүрүү үчүн үчтөн аз тилке болсо) жана алардын алдында;

туташ чийин (буга жүрүүчү бөлүктүн четин билдирген чийин кирбейт) менен токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерде;

жөө адам өткөөлдөрүндө жана ага чейин 5 метрден жакын жерде;

жок дегенде бир багытта жолдун 100 метрден аз көрүнгөн учурда коркунучтуу бурулуштарга жана жолдун узатасынан дөмпөгүнө жакын жүрүүчү бөлүктө;

аялдама аянтчаларына, ал эми алар жокто - маршруттагы транспорт каражаттарынын же таксинин аялдама көрсөткүчүнө 15 метрден жакын жерде, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;

транспорт каражаты светофордун сигналдарын, жол белгилерин башка айдоочулардан калкалап калган же башка транспорт каражаттарынын кыймылына (киришине же чыгышына) мүмкүндүк бербеген же жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылган жерлерде;

кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ички иштер органдарыныкынан жана атайын кызматтардыкынан башка транспорт каражаттарды көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүктөрүнүн коопсуздук аралчасына токтотуп коюуга.

калктуу конуштардан тышкаркы жерлерде 2.1. белгиси менен көрсөтүлгөн жолдордун жүрүүчү бөлүгүнө;

темир жол өткөөлдөрүнө 50 метрден жакын жерде.



Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное