Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 11 февраля 2019 года № 5 (578)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 2-февралындагы N 22 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрү менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бул Мыйзам кабыл алынды.

Айыл чарба чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) үрөнчүлүктө артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн мамлекеттик дотацияны жүзөгө ашыруучу органдар болуп саналат.

Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотация республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 4-февралындагы N 23 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөр менен мүлк объекттерине салык салыктык мезгил үчүн бир жолу төлөнөт деп белгиленди. 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүү салык төлөөчү тарабынан салыктын суммасы төлөнгөн шартта мүлккө салыкты кайрадан төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.

Эгерде 4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын өткөрүп берүүдө салык төлөөчү тарабынан учурдагы жыл үчүн мүлккө салык төлөнбөгөн учурда, анда укуктарды мамлекеттик каттоого же кайра каттоого чейин салыктын суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири бюджетке киргизүүгө тийиш. Кийин ушул мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо ошол эле жылы мүлккө салык төлөөгө алып келбейт.

4-топтогу мүлк объектине менчик укуктарын мамлекеттик каттоодо же кайра каттоодо учурдагы жыл үчүн мүлккө салыктын суммасын төлөгөнү жөнүндө документ көрсөтүлөт.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2019-жылдын 31-январындагы ПЖ N 18 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

"Манас" эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө максатында КР Өкмөтүнө "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын "улуттук" деген статусту берүү менен түзүү сунушталды.

Академиянын ишинде “Манас” эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий, адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү, илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу, илимий-изилдөө, илимий-популярдуу эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалуу басылмаларды чыгаруу, аудио-визуалдык, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо сунушталды.

Ошондой эле, Академия эл аралык гуманитардык комплекстүү программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин диалогдору жана жолугушуулары өтүүчү аянтча катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылууга көмөктөшөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы N 8 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 28-январындагы N 16 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө" ТОКТОМУ

Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмеси аныкталды. Бул тизмекте 12 кызмат берилген.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 28-январындагы N 18 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" ТОКТОМУ

Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлчүлүктөрүн (филиалдарын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдын ставкаларынын төмөнкүдөй өлчөмү белгиленди:

- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн - бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн ставкасынын 50 пайыздык өлчөмүндө.

Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 28-январындагы N 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги N 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык өзгөчө айкалыштагы номердик белгилерин жана тастыктамага болгон жеке менчик укугун өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн тараптар төмөнкүдөй документтерди берүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылышат:

- паспорттун (ID-картанын) көчүрмөсүн;

- тастыктаманы сатып алууну каалаган жаңы ээсине өткөрүп берүүнү ырастаган документ (сатуу-сатып алуу, белекке берүү, алмашуу келишимдери же ал мүлктү ажыратуу жөнүндөгү башка бүтүмдөр).

Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тастыктаманы жаңы ээсине кайрылган күнү акысыз негизде берет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 28-январындагы N 29 "Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен сынам жыйымынын ставкалары жана сынам жыйымын төлөө тартиби бекитилди.

Сынам жыйымынын ставкалары өлчөмү 1 даана үчүн төмөнкүдөй берилди:

Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү зергердик буюмдар, анын ичинде оңдоодон (реставрациялоодон) кийин:

- алтын, платина, палладий – 17 сом;

- күмүш – 12 сом.

Саат корпустары:

- алтын, платина, палладий – 94 сом;

- күмүш – 44 сом.

Чет өлкөлүк өндүрүштөн чыккан, чет өлкөдөн сатып алынган, мурда колдонулган жана жеке адамдардан же юридикалык жактардан түшкөн зергердик буюмдар:

алтын, платина, палладий – 34 сом

- күмүш – 24 сом.

Саат корпустары:

- алтын, платина, палладий – 114 сом;

- күмүш – 54 сом.

Зергердик буюмдарда жана башка эритмелерде баалуу металлдардын камтылышын химиялык метод менен анализдөө – 550 сом.

Сынам жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү буюмдарды сынам белгисин жана эн тамгасын коюуга кабыл алууда аткарылуучу жумуштун көлөмүн эске алуу менен сынам белгисин жана эн тамгасын коюуга берилген зергердик жана башка баалуу металлдардан жасалган буюмдардын санына жараша ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери тарабынан бирден бешке чейинки жумуш күнгө белгиленет.

Бекитилген тартипке ылайык сынам жыйымы республикалык бюджеттин кирешесине киргизилет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 8-февралындагы N 9 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 31-январындагы N 35 "Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү аймакта жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоону) демилгелөө укугу берилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 31-январындагы N 37 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

Мамлекеттик ишкана бекитилген уставдын негизинде иш алып барат. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу жана ишке ашыруу саналат.

Ишкананы директор жетектейт. Директор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун көрсөтүүсү боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-февралындагы N 9 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 13-февралынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы N 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги N 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы N 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ишинин маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы N 660 "2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 14-февралынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы N 311 "Медициналык буюмдарды каттоо менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 15-февралынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы N 37 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 16-февралынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 29-январындагы N 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы N 580 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы N 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы N 23 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кадрларынын карамагындагы кызматкерлерди бошотуунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 17-февралынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 11-январындагы N 4 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Менин кызым жолдошу менен ажырашып жатат. Ортодо 5 айлык баласы бар. Күйөө бала кызыма алимент төлөшү керекби?

КР Үй бүлө кодексине ылайык, ажырашуудан кийин да жубайлардын бири эмгекке жөндөмсүз жубайын материалдык жактан колдоого милдеттүү. Эмгекке жөндөмдүү жубайы ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашыргандыгы үчүн ажырашуудан кийин алимент өндүрүүгө укуктуу.

Эгерде жубайлардын ортосунда бири-бирин колдоо боюнча макулдашуу жок болсо, сот аркылуу алимент өндүрүүгө болот.

Алимент төлөө жөнүндө жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгондо, жубайына сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттин өлчөмүн жубайлардын материалдык жана үйбүлөдөгү абалына жараша жана башка таламдаш тараптардын көңүл буруусуна арзыган ай сайын төлөп турууга тийиш болгон накталай акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.

Жардамга муктаж болгон эмгекке жөндөмсүз башка жубайына каралашуу милдетинен жубайын бошотуу же никеде турган мезгилде да, нике бузулгандан кийин да бул милдетти жубайлардын биринин арызы боюнча беш жылдан ашпаган мөөнөткө сот төмөндөгүдөй учурларда чектей алат:

эгерде жубайынын жардамына муктаж болгондун эмгекке жөндөмсүздүгү спирт ичимдиктерине, баңги заттарына берилгендигинин натыйжасында же атайылап кылмыш жасоо кесепетинен келип чыкса;

жубайлардын никеси узакка созулбаган учурда;

алимент төлөөнү талап кылган жубайынын үйбүлөдөгү жүрүм-туруму татыксыз болсо.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное