Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 16 сентября 2019 года N 36 (569)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 27-августундагы N 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" ТОКТОМУ

Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо, республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык музейлердин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, клуб мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, филармониялардын, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жана А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, драма жана музыкалык-драма театрларынын, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана куурчак театрынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, облустук медиаборборлордун жана "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, "Байчечекей" балдар журналынын, "Жеткинчек" гезитинин жана "Кырчын" журналынын редакцияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жана уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, Республикалык мамлекеттик фильм фондусунун жана Чыңгыз Айтматов атындагы Республикалык кино үйүнүн дирекциясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары жана облустук, райондук жана шаардык кино дирекцияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары токтомго ылайык бекитилди.

Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуу негиздери белгиленет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-августундагы N 73 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 2-сентябрындагы N 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо жана текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү бекитилди.

Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыккан жана өлчөө каражаттары оңдолгондон кийин аларды жүгүртүүгө чыгарууда, импорт боюнча ташып киргизүүдө, эксплуатациялоодо жана сатууда мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген өлчөө каражаттарын текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт.

Өлчөө каражаттарынын бекитилген тиби өз ара таанылган Евразия экономикалык бирлигинин аймагында өндүрүлгөн өлчөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобонун талаптары өлчөө каражаттарына же эксплуатациялык документтерге, ошондой эле керектүү учурда өлчөө каражаттарынын кошумча түзүлүштөрүнө оттиск түшүрүү үчүн пайдаланылуучу ишеним эн тамгаларына карата колдонулат.

Жободо метрология боюнча улуттук органдын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү жүргүзүүгө белгиленген тартипте укук берилген юридикалык жактын ишеним эн тамгаларын иштеп чыгуунун, баяндоонун тартиби, түшүрүү жана өчүрүү ыкмалары белгиленген.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 5-сентябрындагы N 452 "Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана финансылык децентрализациялоо реформаларын ишке ашыруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасы бекитилди.

Методика жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде бюджеттик ачык-айкындуулукту мүнөздөчү көрсөткүчтөрдүн системасын белгилейт.

Бюджеттик ачык-айкындуулуктун индикаторлорун баалоодо жергиликтүү бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттун, статистикалык отчеттун маалыматтары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук отчету, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары пайдаланылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 454 "Спорттук шаарчанын" объектилерин курууга жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу, дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү, Бишкек шаарында "Спорттук шаарчанын" объектилерин курууну ишке ашыруу максатында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду КР. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси № 86/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 12 га жер участогун (идентификациялык номери 1-04-17-0015-0088) КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесине КР мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 459 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтом менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизилди. Тактап айтканда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобого. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлдү, белгилей кетсек буга чейин коллегия 11 адамдан турган.

Расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 6-сентябрындагы N 330-б (2019-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмесин бекитүү тууралуу) БУЙРУГУ

2019-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси бекитилди.

КР Финансы министрлиги Тизмеге киргизилген эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин каражатынан төлөө тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 16-сентябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы N 150 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 17-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августундагы N 442 "2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-августундагы N 443 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-июнундагы N 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы N 447 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги N 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 18-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 418 "Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 418 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 420 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 420 токтомуна);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 20-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 441 токтомуна);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 21-сентябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги N 143 "Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчетторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы N 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы N 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы N 428 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 434 "Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 434 токтомуна);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы N 437 "Банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мамлекеттик органдарга келип түшкөн электрондук кайрылуулардын кароо тартиби кандай шартталган?

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт.

Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн-фамилиясын, атын, атасынын атын, байланыш телефонун, жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт, кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.

Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото- жана көрмө материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт.

Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Ошондой эле, электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу жана электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное