Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 11 мая 2020 года N 17 (601)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 29-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмеси жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери бекитилди.

Бекитилген эрежелер Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан коомго коркунуч жараткан жосундарды болтурбоо жана токтотуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү максатында өз кызматтык милдеттерин аткарууда, жабык түрдөгү мекемелерден качууда, барымтага алууда, массалык башаламандыктарда, камакка алынган жана соттолгон адамдардын топтошуп баш ийбөөсүндө, же ушул сыяктуу коркунучтар жаралганда, мыйзамдуу талаптарды аткарбоодо, ошондой эле өздүк коргонууда атайын каражаттарды колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт.

Атайын каражаттарды, тийиштүү атайын даярдыктан жана окутуудан өткөн, укуктук негиз, коопсуздук чаралары, атайын каражаттарды колдонуу жана пайдалануу тактикасы жана өзгөчөлүктөрү боюнча зачет тапшырган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги N 2020-П-12/25-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу кошумча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

COVID-19 пандемиясынан улам түптөлгөн жагдайга байланыштуу өлкөнүн банк жана финансы системасында туруктуулукту камсыз кылуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым талаптарын жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин комерциялык банктар тарабынан карыз алуучуларга төмөнкүдөй чараларды колдонууга уруксат берилди:

- банктар кредит берүү учурунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү (күбөлүк) фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документти, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент) ишкердик иш менен алектенүү фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн талап кылбоого укуктуу;

- салык төлөөчүнүн эсеп ачууда салык кызматы органынын салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым катынын жеке ишкерлер тарабынан берилишин талап кылбоого укуктуу;

- салык төлөөчүнүн кредит алуу максаты үчүн эсеп ачууда салык кызматы органынын салык каттоосунан өткөндүгү тууралуу маалым катынын юридикалык жактар жана жеке ишкерлер (резиденттер) тарабынан банкка берилишин талап кылбоого укуктуу.

- банктар:

а) кредиттерге жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан кредиттер үчүн кеминде жарым жылда бир жолу;

- суммасы 1000000 сомдон ашкан кредиттер үчүн кеминде жылына бир жолу.

Керектөө кредиттери боюнча кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөлөрдү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт;

б) карыз алуулардын кыймылдуу мүлкүнө мониторинг жүргүзбөөгө;

в) кредит боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр) карыз алуучунун чогуу алгандагы орточо айлык кирешесине катышы төмөнкүнү түзгөн учурда гана карыз алуучуга улуттук валютада керектөө кредитин берүүгө укуктуу:

- 40% көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 500 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;

- 50% көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө;

- 60% көп эмес, эгерде чогуу алгандагы орточо айлык кирешеси 2000ден ашык эсептик көрсөткүчтү түзсө.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12\25-7-(НПА) "Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө" ТОКТОМУ

Банк тутумунун туруктуулугун сактоо жана экономикалык жигердүүлүктү колдоо үчүн банктардын ресурстарын мобилизациялоо максатында Коммерциялык банктар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер иштелип чыкты.

Коммерциялык банктар Улуттук банкка ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата классификацияланган активдер боюнча маалыматты берип турушу керек.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Өзгөчө абал киргизилгенге чейин медициналык текшерүүлөрдөн өткөм. Өзгөчө абал учурунда мен армияга чакыртыламбы?

КР Президентинин 2020-жылдын 18-февралындагы ПЖ N 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгы чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталгандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында, КР Президентинин 2020-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 64 Жарлыгына ылайык 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу токтотулган.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное