Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 10 мая 2021 года N 19 (653)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 5-майындагы № 59 " Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленди.

Конституцияга ылайык бардык деңгээлдеги шайлануучу органдар шайланганга жана кызмат адамдары дайындалганга чейин шайлануучу жана дайындалуучу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланганга, түзүлгөнгө же дайындалганга чейин аткарууну улантат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелинди.

Министрлер Кабинетинин курамы түзүлгөнгө чейин Президенттин Жарлыгынын негизинде Министрлер Кабинетинин курамы убактылуу түзүлөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери дайындалат.

Жогорку Кеңешке жана Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрүү, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өздөрүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтирүү тапшырылды.

5-май көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган күн деп сакталып калат.

Мыйзам жана ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституция расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ N 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституциянын күчүнө кириши менен Кыргыз Республикасында башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин жаңы түзүү тартиби орнотулат.

Жаңы Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп түзүлдү. 2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу болуп эсептелинет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2021-жылдын 30-апрелиндеги N 176 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" ТОКТОМУ

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, "COVID-19" коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (ташып киргизилүүчү) кум шекерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 коду) жана рафинаддалган өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) салык салынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленди.

Токтом 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2021-жылдын 3-майындагы N 177 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн доо арыздарын берүүдө жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтуу максатында КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы N 177 токтомуна ылайык айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардын доо арыздарынан мамлекеттик алымдын ставкасы - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмүндө алынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2021-жылдын 4-майындагы N 182 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы N 843 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Билим берүү секторунда финансы ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун (коммуналдык чыгымдардан тышкары) ченемдери жаңыртылды.

Токтом 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2021-жылдын 4-майындагы N 184 "Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, максималдуу үстөктү белгилөө менен социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына, тактап айтканда өсүмдүк күн карама майына жана кум шекерге 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2021-жылдын 4-майындагы N 188 "2021-жылдын майындагы дем алыш күндү которуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-май дем алыш күнүн - 30-августка которуу чечимин кабыл алды.

10-май иш күнү деп жарыяланды. 2021-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын жарандарына 4 күн катар 28-31-августта эс алуу күндөрү деп белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2021-жылдын 30-апрелиндеги N 172 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө" ТОКТОМУ

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын протоколу бекитилип, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп таанылды.

Протоколго ылайык 3606201 референдумдун катышуучусу катталган. Анын ичинен 1048660 "макул" деп жооп берген, ал эми 181370 "каршы" деп жооп берген.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 12-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 56 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 13-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги N 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги N 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 14-майынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги N 162 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кыз
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги N 169 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги N 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 15-майынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги N 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Өзүм колдонуу үчүн газ пистолет сатып алууну чечтим. Каяктан, кандай жолдор менен сатып алышым керек жана Кыргыз Республикасында жөнөкөй жарандарга колдонууга уруксат берилгенби?

Кыргыз Республикасынын аймагында куралдарды жүгүртүүнү, сатып алууну, колдонууну Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-июнундагы N 49 "Курал жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы N 721 токтому менен бекитилген) жөнгө салат.

Куралдар атайын сертификат алган дүкөндөрдө гана сатылат.

Жогоруда берилген ченем актыларына ылайык газ пистолетин Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандарына беш жылдык мөөнөткө берилүүчү уруксат боюнча сатып алууга уруксат берилген.

Газ пистолетин сатып алуу үчүн жаран жашаган жери боюнча ички иштер органына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген форма боюнча жазылган арызды, паспортун же жекелигин жана Кыргыз Республикасынын жараны экенин күбөлөндүрүүчү башка документин, 3x4 өлчөмүндөгү эки фотосүрөтүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген форма боюнча ден соолугу тууралуу маалымкатты тапшыруусу зарыл.

Уруксаттын негизинде сатылган газ пистолеттери соода ишканасы тарабынан катталууга жатат.

Ошондой эле жогоруда берилген ченем актыларына ылайык төмөнкү жарандарга куралды сатып алууга уруксат берилбейт:

- белгиленген куракка жашы жетпегендерге;

- аракечтик, баңгилик же психикалык оору боюнча саламаттык сактоо органдарында эсепте тургандарга;

- куралды туура колдонууга тоскоол болчу оорусу же дене кемчилиги барларга;

- атайын кылмышы үчүн соттолгондорго;

- кылмыштык жазасын өтөп жүргөндөргө;

- жыл ичинде административдик укук бузууну экинчи ирет жасап, коомдук тартипти же башкаруу тартибин бузгандарга;

- ички иштер органына керектүү документтерди тапшырбагандарга;

- туруктуу жашаган жери жокторго.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное