Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 5 июля 2021 года N 27 (661)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2021-жылдын 26-июнундагы N 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.

Конституциялык Мыйзамга ылайык КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу жана шайлоо комиссияларынын тутумуна башчылык кылуучу туруктуу иштеген мамлекеттик бийликтин көз карандысыз органы болуп саналат.

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн бюджети, атайын фонду, расмий бланкы жана КР мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү бар юридикалык жак болуп саналат.

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө административдик имаратта жайгаштырылат.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 74 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 74 Мыйзамы менен Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү жана үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган жакын туугандары (бирок зарыл учурда аларды коштоочу адамдарды кошуп алганда, эки кишиден ашык эмес) КР Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу деп белгиленди.

Ошондой эле, үй-бүлөсү жана жакын туугандары (аларды коштоочу адам), эгерде алар жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 75 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

КР 2021-жылдын 24-июнундагы № 75 Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда, мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугунан лицензиясынан ажыратылган, лицензиясынан ажыратылган күндөн тартып беш жылдын ичинде лицензияны кайрадан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 25-июнундагы ПЖ N 271 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты жоюу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2021-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 271 Жарлыгына ылайык, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат жоюлду.

Жарлык расмий жарыялаяган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ N 278 "Мамлекеттик аппаратын санын кыскартуу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча жарлыкка кол коюлду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылуу, үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшоону, бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 15-июнундагы N 30 "Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы N 30 токтомуна ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү КР Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары, мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган документтин бланкынын формалары, мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары бекитилди.

Ошондой эле, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу мурда даярдалган күбөлүктөр жарактуу болуп таанылаары жана бланктык продукциянын калдыгы толук иштетилгенге чейин берилүүгө тийиш экендиги белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 21-июнундагы N 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" ТОКТОМУ

Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 токтомуна ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзө тургандыгы белгиленди, алар: КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, КР Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция, КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

КР Экономика жана финансы министрлиги алты айлык мөөнөттө КР Министрлер Кабинетинин кароосуна техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүнүн тартибин аныктоочу КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 21-июнундагы N 39 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУ

Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 токтомуна ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы, КР Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери, КР Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын ченемдик каржылоо шарттарында түзүүнүн жана аткаруунун тартиби бекитилди.

Орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары бекитилген Типтүү ченемдерге, студенттердин санына ылайык аныкталат жана экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бирдиктүү берене менен бекитиле тургандыгы белгиленди.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасына ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулуучу негизги ыкма болуп бир студентке эсептегенде мамлекеттик колледждердин бюджетин пландоо саналат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 23-июнундагы N 41 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы N 41 токтому менен айрым айыл чарба товарларын (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гуманитардык жардамды кошпогондо) Кыргыз Республикасынан жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуу киргизилери белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 24-июнундагы N 42 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" ТОКТОМУ

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасына кант-кумшекерди, өсүмдүк майын, айыл чарба жаныбарларын импорттоочу чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы № 42 токтомуна ылайык, салык салынуучу жеткирүүлөр жана салык салынуучу импорт боюнча төмөнкү мезгилдерге кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленди:

2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин - кант-кумшекер, өсүмдүк майы,

2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин айыл чарба жаныбарлары, ири мүйүздүү мал, чочко, кой жана эчки, канаттуулар үчүн.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2021-жылдын 5-июлунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 18-июнундагы N 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2021-жылдын 9-июлунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 76 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 73 "2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 75 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мен жер тамда турам. Огородум жок. Участокто уй гана турат. Бишкексууканалдын кызматкерлери келип, май-сентябрь айлары үчүн 1115 сом төлөө боюнча квитанция калтырып кетишиптир. Эгерде менин огородум, же сугара турган бак-дарактарым жок болсо Бишкексууканалына 1115 сомду төлөшүм керекби, төлөбөсөм эмне болот?

Ичүүчү сууну сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу максатында Бишкексууканалы тарабынан ушундай иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин 2000-жылдын 21-апрелиндеги № 28 токтому менен бекитилген Бишкек шаарында жеке сектордо жайгашкан үйлөргө ичүүчү сууну жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн келишимине ылайык ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугарууга тыюу салынган.

Эгерде сугаруу боюнча арыктар жок болуп, бирок огородду, тегеректеги бак-дарактарды сугаруу керек болгон учурда 1115 сом төлөп, кечки саат 21:00дөн таңкы саат 5:00 чейин ичүүчү суу менен сугаруу болот.

Эгерде Сиздин участокто эч кандай жашыл бак-дарактар жок болсо бул сумманы төлөбөсөңүз болот. Ал үчүн Бишкексууканалга барып, үйүңүздүн документтерин көрсөтүп, берилген квитанцияны жокко чыгаруу керек.

Ал эми ичүүчү суу менен жашыл бак-дарактарды сугаруу менен Сиз КР Бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тартасыз. КР Бузуулар кодексине ылайык жашыл бак-дарактарды суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен сугаруу - эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүчтү түзөт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное