Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 20 июня 2022 года N 22 (708)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ N 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары тарабынан этиканын ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ N 171 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси бекитилди.

Этика кодексине ылайык кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүм-турумунун эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин системасы. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.

Этика кодексинде кызматчылардын этикасынын негизги принциптери, коррупцияга каршы стандарттары жана кесиптик милдеттери, кызматтык жүрүм-турумунун этикалык эрежелери, кызматчынын ишин уюштуруу, кызматтагы субординация жана өз ара мамилелер, жарандар менен мамилелери, кызматчынын тышкы көрүнүшү, пикир алышуу стили, ачык иш-чараларга катышуу, чет өлкөдө иш сапарда жүргөн кызматчы үчүн этика эрежелери ж.б. жоболор иштелип чыкты.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 7-июнундагы ПЖ N 177 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы жана адамзатынын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий билим берүү максатында КР Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы ПЖ N 177 Жарлыгына ылайык 2022-2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети базистик окуу планы киргизилди.

Жарлыктан келип чыккан жоболорду иштеп чыгуу үчүн КР Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан "Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыгуу, экспертиза жүргүзүү жана басып чыгаруу, 7-8-класстар үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" окуу-методикалык комплексин иштеп чыгуу, апробация жана экспертиза жүргүзүү, басып чыгаруу, эмгек рыногунда талап кылынган, кошумча чектеш квалификациялары бар "Дин таануу" адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларында бюджеттик орундарды кароо ж.б. тапшырмалар жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ N 183 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Жобо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз башкарууну жана анын режимин киргизүү, ошондой эле мындай тартипти жокко чыгаруу тартибин аныктайт, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жүзөгө ашырылат.

Түздөн-түз мамлекеттик башкаруу - башкаруунун мындай формасын киргизүүгө тиешеси бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото туруу менен тиешелүү айыл аймактарында жана шаарларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилүүчү жергиликтүү жамааттын ишин башкаруунун өзгөчө формасы.

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында түздөн-түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн максаты болуп мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн коргоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу саналат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 3-июнундагы N 296 "Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгилөө жөнүндө" ТОКТОМУ

Экономиканын бардык тармактарынын, илимий, билим берүү мекемелеринин финансы жана экономика кызматкерлеринин республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн эске алуу менен КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-июнундагы N 296 токтому менен 7-июнь Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин жыл сайын белгиленүүчү кесиптик күнү болуп белгиленди.

Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 10-июнундагы N 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун сатып алуулар системасын тартипке келтирүү максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы N 301 токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби бекитилди.

Типтүү тартип мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруунун жана ишке ашыруунун алкактык жоболорун аныктайт.

Типтүү тартипке ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу процесси субъекттердин ички документтеринин негизинде жүргүзүлөөрү аныкталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 15-июнундагы N 320 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" ТОКТОМУ

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 380-статьясын ишке ашыруу максатында менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы 56 календардык күн деп белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 20-июнунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 6-июнундагы N 41 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2022-жылдын 6-июнундагы N 43 "2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 21-июнунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 292 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-июнундагы N 295 "Кыргыз Республикасынын соттук экспертинин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы N 2022-П-14/35-3-(НПА) "Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы N 2022-П-14/35-4-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы N 2019-П-14/62-5-(ПС) "Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 22-июнунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N 289 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 24-июнунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы N 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы N 304 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын жанаша жайгашкан жер участогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 25-июнунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 6-июнундагы N 42 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Биз бөбөктөргө ылайыкталган журнал чыгаралы деп жатабыз. Эмнеден баштасак болот?

Журналды чыгаруу боюнча кеңири маалымат "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" КР Мыйзамында жана КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы N 121 токтому менен бекитилген КР жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө Жободо берилген.

Жогорудагы ченемдик актыларга ылайык массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык.

Журналды биринчи ирет КР Юстиция министрлигинде же болбосо анын аймактык бөлүмдөрүнөн каттоодон өткөрүү зарыл. Каттоо үчүн арыз жазуу керек жана арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

- арыз ээсинин аты-жөнү (жеке жактын), толук фирмалык аталышы (юридикалык жактын);

- арыз ээсинин дареги;

- арыз берилген аймактык бөлүнүштүн аталышы;

- арызда көрсөтүлгөн негиздүү талап (арыздын предмети);

- арыз берилген күн, ай, жыл;

- арыз ээсинин колу (юридикалык жактын жетекчисинин колу юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт);

- ЖМК жөнүндө маалыматтар:

- уюштуруучу (уюштуруучулар) жөнүндө маалымат;

- мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы;

- түрү;

- басылманын (берүүнүн) тили;

- жайгашкан жери;

- продукциясын жайылтуу аймагы;

- чыгаруу мезгилдүүлүгү;

- максималдуу көлөмү;

- каржылоо булактары;

- программалык максаттары жана милдеттери.

Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

- уюштуруучунун (жеке жактын) паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары таанылуучу башка документинин көчүрмөсү;

- төмөнкүлөрдү камтыган уюштуруучу (уюштуруучулар) жөнүндө маалымат:

- аты-жөнүн, туулган жылын, жашаган жерин (жеке жак үчүн);

- толук фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (ИСН) жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) датасын (юридикалык жак үчүн);

- ал уюштуруучу (уюштуруучулардын бири), жетекчи болуп саналган башка ЖМК жөнүндө маалыматтар;

- ЖМКнын жетекчисинин паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү;

- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны уюштуруу, жетекчисин дайындоо жана ЖМКны юстиция органында мамлекеттик каттоо жөнүндө маселелерди камтыган чечими.

Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу кол коёт, уюштуруучунун - жеке жактын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт, юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу анын мөөрү менен бекитилет же нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Эгерде уюштуруучу жеке ишкер болсо, анын колу өзүнүн мөөрү менен бекитилет же нотариалдык күбөлөндүрүлөт.

Журналды жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет.

Жогоруда берилген ченем актыларына ылайык төмөнкүлөр уюштуруучу боло алышпайт:

- он сегиз жашка толо элек же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөгөн, же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз катары таанылган Кыргыз Республикасынын жарандары;

- ишине мыйзамга ылайык сот тарабынан тыюу салынган юридикалык жактар.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное