Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 24 октября 2022 года N 36 (721)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 10-октябрындагы ПЖ N 348 "2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон жана бирдей шарттарды түзүү максатында Баткен облусунун Баткен райондук Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен толук бузуу жөнүндө сунушу жактырылды.

Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жеке турак жай үйлөрүн кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен бузуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектурага, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 14-октябрындагы N 91 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 10-октябрындагы ПЖ N 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлык менен бекитилген Тартип Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн мамилелерди жөнгө салат жана мамлекеттик стратегиялык башкаруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун укуктук негиздерин белгилейт.

Тартип мамлекеттик стратегиялык башкаруунун негизги принциптерин, катышуучуларынын жоопкерчилигин, документтердин системасын аныктайт жана мамлекеттик стратегиялык документтерди демилгелөө, иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 14-октябрындагы N 91 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ N 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү, аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, региондордо калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү караган орто мөөнөттүү мезгилде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын бекитүү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана. коммерция министрлигине административдик-аймактык түзүлүш, аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча ыйгарым укук берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ N 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жарлык менен Уставдык капиталындагы 77,36% үлүшү мамлекетке таандык болгон "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 549 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен бекитилген Тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашырууну регламенттейт жана "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өзгөчө режим иштеген аймактар үчүн колдонулат.

Тартипке ылайык өзгөчө режим иштеген аймактардагы мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чектелген методду колдонуу менен веб-портал аркылуу жүзөгө ашырылат.

Тартип мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана Баткен облусунун башка юридикалык жактары тарабынан мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларга, ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим жөнүндө макулдашууга ылайык Баткен облусунун аймагында долбоорлорду ишке ашыруу менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларга жайылтылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы N 92 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 550 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 550 токтому менен бекитилген Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, мамлекеттик каттоо, каттоодон баш тартуу, кайра каттоо, андан чыгаруу талаптарын белгилейт.

Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын электрондук системалаштырылган тизмегин билдирет, аны аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып ишти жүргүзүү укугуна ээ болот.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 553 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында токтом менен Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылуунун ченемдери жөнүндө жобо бекитилди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын милициянын жана ички кызматтын атайын наамдары бар, ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамынын кызмат орундарында же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кадрларында турган кызматкерлерин буюм-тайым менен камсыз кылууну уюштурууну жана ченемдерин аныктайт. Буюм-тайым менен камсыз кылуунун максаты ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ушул Жободо белгиленген ченемдерге ылайык буюм-тайымга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат.

Аталган чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылаары белгиленди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен бекитилген Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

Кеңеш Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу ведомстволор аралык координациялык жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана баалоону ченемдик-методикалык камсыздоо боюнча ишти координациялоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалоо ишин жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында уюштурулган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы N 92 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 560 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 "Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 560 токтому менен юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмүнө төлөнүүчү баалар төмөндөдү.

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо үчүн төлөм 507 сомдон 200 сомго; финансылык-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн 457 сомдон 100 сомго, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо үчүн 526 сомдон 200 сомго төмөндөдү.

Тездетилген негизде каттоонун баасы өзгөртүлгөн жок.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 24-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 10-октябрындагы N 95 "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2022-жылдын 10-октябрындагы N 94 "Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 25-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 549 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режимди аныктоодо чектелген методду колдонуу менен товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 26-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы N 542 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-октябрындагы N 543 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол жана Кызыл-Октябрь айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 545 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 28-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 548 "2021-жылдын 4-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы 1992-жылдын 13-мартындагы Салык саясатынын макулдашылган принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Кирешеге жана мүлккө кош салык салууну болтурбоо боюнча мамилелерди бирдейлештирүү жөнүндө жана макулдашууларды түзүү жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Машинанын мурунку ээсине тиешелүү мамлекеттик номердик белгилерин алмаштырбастан өзүмө каттатып алсам болобу?

Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелерине ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы N 407 токтому менен бекитилген), эгерде, региону өзгөрбөстөн кайра каттоо учурунда, сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен транспорт каражаттарын кайра каттоо мамлекеттик каттоо белгилерин алмаштырбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Демек, транспорт каражатын бир эле региондон сатып алып жатсаңыз, транспорт каражатынын мурунку ээсине тиешелүү мамлекеттик каттоо белгилерин алмаштырбастан транспорт каражатын каттай аласыз.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное