Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 4 ноября 2019 года N 43 (576)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 14-октябрындагы N 544 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык министрликтер жана ведомстволор, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 2019/2020-жылдардагы жылытуу мезгилинин башталышына карата мекемелердин, анын ичинде медициналык, билим берүү жана социалдык мекемелердин буу казандарынын жана жылуулук механикалык жабдууларынын даярдыгын камсыздоо боюнча шашылыш чараларды көрүү, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте катаал, жагымсыз табигый-климаттык шарттарда, бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы жерлерде жашаган калкты көмүр менен камсыздоо максатында көмүр жеткирүүнү жана зарыл болгон санда отун базаларын жана көмүр сатуу, анын ичинде көчмө пункттарын ачууну камсыз кылуу тапшырылды.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 91 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 18-октябрындагы N 562 "2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясы бекитилди.

Концепцияга ылайык мамлекеттик жаштар саясаты биринчи кезекте жаштар үчүн өзүнүн адамдык потенциалын жогорулатуу үчүн мүмкүндүк берүүгө, мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары жаштарды калыптандырууга, саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоого, жаш жарандардын өзүнүн ден соолугуна, ата-бабалардын мурастарына, айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүнө жана өзүнүн чечимдерине жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталат.

Жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштардын айрым категорияларын (жаш үй-бүлөлөр, оор турмуштук жагдайга туш болгон жаштар) социалдык адаптациялоо боюнча чаралардын бүтүндөй системасы түзүлүүгө, эң эле жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө мамлекеттин, бизнестин инвестициялоонун айрым программалары, механизмдери жана моделдери даярдалууга жана ишке киргизилүүгө тийиш.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 22-октябрындагы N 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо токтомго ылайык бекитилди.

Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

Өтө турган конкурс жөнүндө жарыялоо үчүн негиз болуп кадрлардын резервине кирген (мындан ары - резервдегилер) 10дон ашпаган жаран калдыгында болсо, мурунку конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн кадрлардын резервиндегилерди ишке орноштуруу шартында бош кызмат орундун болушу саналат.

Өтө турган конкурс жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматты камтышы керек:

- кызмат орундун аталышы, жайгашкан жери;

- документтерди кабыл алуу убактысы, жери жана мөөнөтү;

- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;

- конкурска катыша турган талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-октябрындагы N 90 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 22-октябрындагы N 566 "Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтого ылайык мунай жана мунайзаттардын жалпы рыногу түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ушул токтомдо аталган мунайды жана мунайзаттарды автотранспорт (бензовоз) менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 23-октябрындагы N 569 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык КР өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо, КР өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын курамы, КР өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жана өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби бекитилди.

КР өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын максатын жана милдеттерин, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы) алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүү эрежелерин аныктайт, мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарынын курамын белгилейт.

Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын аймактарында жана объектилерде, өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин баалоо жана талдоо жүргүзүү боюнча натыйжаларды баяндоого жана иштин мазмунуна, иштин тартибине анын талдоосуна болгон жалпы талаптарды аныктайт.

Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 29-октябрындагы N 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

КР дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери бекитилди.

КР дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун тартибин белгилейт.

Расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген КР дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринин расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу 7-главасы кирбейт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2019-жылдын 31-октябрындагы N 235-б "Бишкек шаарында 2019/2020-жылдын от жагуу мезгилинин башталышы жөнүндө" БУЙРУГУ

Бишкек шаарынын аймагында 2019/2020-жылдын от жагуу мезгили 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта башталсын.

Бишкек шаарынын ЖЭБи (макулдашуу боюнча), "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча), "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы ведомстволук отканалардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жылуулук жабдыктарынын, жылуулук тармактарынын ишке киришин жана жылуулукка кошулушун камсыздоо тапшырылды:

а) биринчи кезекте - мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине;

б) экинчи кезекте - кыш шартында иштөөгө объекттин даярдык актысы бар турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 5-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы N 532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы N 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы N 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы N 545 токтомуна).
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Архитектура ишиндеги субъектердин кандай укук бузуулары бар?

КР "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамына ылайык, шаар куруу-архитектура ишиндеги субъектилердин укук бузууларынын түрлөрү төмөндөгүлөр деп белгиленген, алар:

- калк жашаган пункттардын жашоо-турмуш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү;

- маалымат берүүдөн баш тартуу;

- аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндигин пайдалануу маселелери боюнча Жер кодексинин, аталган Мыйзамдын жана башка мыйзам актыларынын талаптарын сактабоо;

- тарых, маданият, шаар куруу жана архитектуралык комплекстердин, имараттардын жана курулуштардын долбоорлорун бузуу;

- имараттардын жана курулуштардын бекемдигин, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана эксплуатациялык көрсөткүчтөрдү бузуу;

- автордун уруксатысыз архитектуралык долбоорду жайылтуу же кайталап пайдалануу, долбоорду өзгөртүү, ошондой эле курулган имараттар менен курулуштардын архитектуралык-пландоо чечимдерин өзгөртүү;

- имараттарды жана курулуштарды "өзүм билем деп" куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо, бузуу курулуштардын архитектуралык чечилишин, деталдарын жана элементтерин өзгөртүү;

- курулуш үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартибин бузуу;

- долбоорлорду макулдашуу эрежелерин бузуу;

- этабы менен бөлүп-бөлүп кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

- экспертизанын жактырылсын деген тыянак корутундусу болбогон учурда курулушту же реконструкциялоону жүзөгө ашыруу;

- ар кандай объектилердин багытын "өзүм билем деп" өзгөртүп куруу;

- долбоорлоонун нормаларын жана эрежелерин бузуу;

- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарын бузуу;

- курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу;

- объектилерди пайдаланууга кабыл алуунун эрежелерин бузуу;

- сапаты начар долбоорлоо-курулуш продукциясы үчүн акы төлөө;

- шаар куруу-архитектура ишин лицензиясыз жана сертификатсыз жүзөгө ашыруу;

- аймактардын, имараттардын жана курулуштардын функционалдык багытын өз алдынча өзгөртүү;

- архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын аткаруудан баш тартуу шаар куруу-архитектура ишиндеги укук бузуулар болуп таанылат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное