Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 26 ноября 2019 года N 46 (579)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 11-ноябрындагы N 125 "2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга менен Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу ратификацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 95 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 14-ноябрындагы N 127 "2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу аталган Мыйзам менен ратификацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 96 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы N 130 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Аталган Мыйзамга ылайык киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 31-октябрындагы N 3322-VI "Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу" ТОКТОМУ

Ысык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүү, анын ичинде ички жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүү жана тармакка тиешелүү инфратүзүмдү жакшыртуу максатында КР Жогорку Кеңеши токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык КР Өкмөтүнө төмөнкүлөргө чара көрүү тапшырылды:

1) Ысык-Көл областындагы "Тоо лыжа кластери" пилоттук долбоорун кайрадан карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген ведомстволор аралык комиссиясынын курамын өзгөртүү;

2) ведомстволор аралык комиссиянын курамына көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары катары КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүн киргизүү;

3) КР мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы "Каркыра-автожол" КӨП жыл бою жана күнү-түнү иштеп турушун камсыз кылуу максатында:

- "Кеген-автожол" КӨП иштөө режимин өзгөртүү боюнча Казакстан Республикасы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. ж.б.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 13-ноябрындагы N 3349-VI "2019-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 2019-жылга 30000 (отуз миң) АКШ доллары (которгон күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча) өлчөмүндө токтомго ылайык бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 13-ноябрындагы N 3350-VI "2020-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 2020-жылга 30000 (отуз миң) АКШ доллары (которгон күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча) өлчөмүндө токтомго ылайык бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-1-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо бекитилди.

Жободо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо тартиби, ТСККлардын капиталында чектүү катышууга уруксат алуу, алардын кызмат адамдарын макулдашуу, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү аркылуу алардын ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү тартиби, ошондой эле уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби белгиленген.

Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 27-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы N 558 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы N 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы N 566 "Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы N 573 "Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Контрафакттык продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 580 "Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы N 587 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы N 587 токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 591 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан 4,0 га сугат айдоо жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 29-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы N 126 "2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Каракол шаарынын "Суу каналы" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Каракол шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан Швейцария Конфедерациясынан инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы N 127 "2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы N 128 "2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 16-ноябрындагы N 129 "2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-1-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

"Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-1-(НФКУ) токтому менен бекитилген);
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 30-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 582 "2019-жылдын 11-мартында Нур-Султан шаарында кол коюлган Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы N 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы N 470 "Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Электр энергия өчүрүлүп атат, электр энергияны берүүчү ишкана электр энергияны бербей коюуга, өчүрүп салууга укуктуубу? Өчүрүүгө байланыштуу мыйзамдагы шарттар кандай?

"Электр энергетикасы жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык, форс-мажордук жагдайларды эске албаганда, контракттын шарттарын бузуу менен бир календардык айдын ичинде электр энергиясын жеткирүү бир сааттан көбүрөөк үзгүлтүккө учураганда (электр энергиясын бербей коюу, өчүрүп салуу) электр энергиясын жөнөтүүчү керектөөчүгө (абонентке) эсептик көрсөткүчтөрдүн 0,5 өлчөмүндө үстөкайып төлөп берет.

Электр энергиясын ошол эле календардык айдын ичинде андан кийинки ар бир жолку үзгүлтүккө учуратуулары үчүн үстөкайыптын өлчөмү 0,5 эсеге көбөйтүлөт.

Бир календардык айдын ичинде электр энергиясын жөнөтүү беш күндөн ашык үзгүлтүккө учураганда (электр энергиясын бербей коюу, өчүрүп салуу) жөнөтүүчү электр энергиясын керектөөчүгө (абонентке) беш жолку эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө үстөкайып төлөйт.

Үстөкайыптын суммасы электр энергиясын керектегенге төлөнгөн акы катары эсептелинет жана тарифке киргизилбейт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное