Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 3 августа 2020 года N 29 (613)


КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 83 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Киргизилген өзгөртүүлөр менен доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүндүгү пайда болду. Тактап айтканда Жарандык кодексинин 215-беренеси кайра каралып чыкты. Ага ылайык бузулган укукту коргоо жөнүндө талап доонун эскирүү мөөнөтүнүн өткөнүнө карабастан сот тарабынан кароого алынат. Ошондой эле, Кодекс доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча жаңы 219-1-берене менен толукталды. Беренеге ылайык мындан ары жарандардын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, ишкердик иш-аракет жүргүзгөн жарандардын жана башкалардын сотко өз убагында кайрылуусуна мүмкүн эместиги жөнүндө айкын күбөлөндүргөн жагдайлар бар болгондо доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүү себебин жүйөлүү деп тапкан учурда соттук корголууга жатат.

Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери, эгерде эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса жүйөлүү деп табылышы мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет."Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы N 59 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 84 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Өзгөртүүлөр менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы бир топ кемчиликтер жоюлду. Мыйзамдагы жоопкерчиликтер КР Бузуулар жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине ылайыкташтырылды. Мыйзамга мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу орган, монополияга каршы мамлекеттик орган деген түшүнүктөр киргизилип, алардын ыйгарым укуктары аныкталды.

Мыйзам менен аралыктан сатуу учурундагы кесепеттер ушул мыйзамдын ченемдерине ылайык жоюлушу керектиги белгиленди. Аралыктан сатуу учурунда, керектөөчүгө товар жеткирилген учурда ушул Мыйзамда каралган товар жөнүндө маалымат, ошондой эле товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы N 59 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам позитивдүү насыялык маалымат жана негативдүү насыялык маалымат деген түшүнүктөр менен толукталды.

Позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат.

Негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.

Насыялык тарыхка киргизилүүчү маалыматтар такталды. Ага ылайык насыялык тарыхка аткаруу датасынан тартып негативдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан жана позитивдүү насыялык маалымат үчүн жети жылдан ашык убакыт өткөн насыялык маалымат субъектинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар киргизилбейт.

Насыялык маалыматты насыялык бюролорго насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен берилет жана Кыргыз Республикасынын сотуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. Насыялык маалымат кайсы болбосун үчүнчү жактарга соттук актынын негизинде гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы N 59 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 22-июлундагы № 86 "Биоэтанол жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик саясатынын принциптерин жана укуктук негиздерин белгилейт.

Мыйзамдын экономикалык жана экологиялык жактары да жоболоштурулду.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен отун энергетика ресурстарын үнөмдөө жана Кыргыз Республикасынын алардын импорттолушуна көз карандылыгын азайтуу максатында биоэтанол өндүрүү үчүн чийки заттардын ар кандай түрлөрүн иштеп чыгууга жана пайдаланууга көмөктөшүү, биоэтанолду пайдалануунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктарын калк арасында пропагандалоо иштери жүргүзүлүшү керек.

Биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш менчиктин бардык формаларынын субъектилери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы N 59 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 9-июлундагы N 374 "Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартибин жана шарттарын бекитүү жана Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Салык кодексинин айрым жоболоруна ылайык төмөнкү чийки затты алып келүүдө төлөнүүчү импортко КНСтин суммасы кайра кайтарылып берилүүгө тийиш:

1) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсүнө;

2) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчүгө.

Бекитилген Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын товардык позициялары боюнча айыл чарба канаттуулары жана/же балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө ташып келинүүчү чийки зат боюнча төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) суммасын республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн кайра кайтаруунун шарттарын жана жол-жоболорун жөнгө салат.

Тартипке ылайык импортко КНС бюджеттен кайра кайтарылуучу айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позициялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу менен Импортко КНСтин суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмеси түрүндө бекитилет.

КНСти кайтаруунун бирден бир шарты болуп айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн реестрге кирүүсү зарыл.

Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзөт.

Токтом менен импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмеси бекитилген.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 24-июлундагы N 395 "Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" ТОКТОМУ

Бекитилген Тартип мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорго негизделген техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо эрежелерин аныктайт.

Тартип классификаторлорду иштеп чыгуучу, жүргүзүүчү, актуалдаштыруучу жана колдонуучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун ортосунда өз ара аракеттенүү тартибин регламенттейт.

Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин ведомстволор аралык координациялоо Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ведомстволор аралык координациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- мамлекеттик органдардын ортосунда статистикалык маалымат алмашууну автоматташтыруу;

- техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды коддоонун бирдиктүү принцибин сактоо;

- статистикалык маалыматтардын сапаттуу динамикалык катарларын түзүү;

- классификациялоонун жаңы версияларын калыптандырууда өткөөл ачкычтарды түзүү боюнча эмгек чыгымдарын азайтуу;

- ведомстволук классификацияларды тартипке келтирүү;

- маалымат системасындагы классификацияларды бирдиктүү борборлоштурулган сактоо жана тейлөө.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 21-июлундагы N 138 "Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 7-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 27-июлундагы № 141 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 14-августуна дайындалды жана щайлоо 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2020-жылдын 21-июлундагы N 2 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди бекитүү үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик агенттик тарабынан Электр жана жылуулук энергияларына тарифтерди колдонуу боюнча нускама иштелип чыкты.

Нускама электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин жөнгө салат.

Нускама менен белгиленген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бардык аймагында акыркы керектөөчүлөргө электр менен камсыздоочу мекемелер тарабынан өндүрүлгөн, берилген, бөлүштүрүлгөн жана сатылган электр энергиясына жайылтылат.

Бардык электр энергиясын акыркы керектөөчүлөр керектелген электр энергиясынын дайындалуу багыты боюнча 12 тарифтик топко бөлүндү:

I топ - Калк;

II топ - Насостук станциялар;

III топ - Электр унаасы;

IV топ - Интернат тибиндеги балдар мекемеси, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн жарым стационардык мекемелер;

V топ - Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган керектөөчүлөр);

VI топ - Айыл чарбасы;

VII топ - Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр);

VIII топ - Башка керектөөчүлөр;

IX топ - Майнингдин (криптовалюта) субъекттери;

X топ - Негизги керектөөчүлөр (Электр энергиясын ири керектөөчүлөр);

XI топ - Керектөөчү алып сатуучулар;

XII топ - Бөлүштүрүүчү ишканалар.

Жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча бул Нускама жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонууга бекитилген жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуунун тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.

Бардык жылуулук энергиясын акыркы керектөөчүлөр төмөндөгүдөй топторго бөлүндү:

I топ - Калк;

II топ - Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр);

III топ - Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр);

IV топ - Башка керектөөчүлөр;

V топ - Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар;

VI топ - Дүңүнөн сатып алып сатуучулар.

Буйрук расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 58 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 4-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы N 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 5-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 372 "Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы N 386 "2020-2021-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмесин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы N 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы N 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 6-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы N 373 "2019-жылдын 20-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору жөнүндө протоколду (карта 1:200000) бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 8-августунан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 83 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 9-августунан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 21-июлундагы N 2 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" буйругу.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Айдоочулук күбөлүк алууну каалап жатам. Эмнеден башташым керек?

Тиешелүү категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиясы бар окуу жайы тарабына окутулат.

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн биринчиден атайын окуу жайдын окуу программаларына ылайык окуу керек.

Айдоочулардын даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөнүн тастыктаган документ болуп окуткан окутуучу уюм тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү авомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарында окутулганы жөнүндө күбөлүк эсептелет.

Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты ай. Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча квалификациялык сынактарды тапшыруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келүүгө милдеттүү.

Квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:

- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;

- архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ (12 ай ичи жарактуу болот);

- айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк;

- айдоочулардын курамын даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;

- жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное