Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 13 января 2020 года N 1 (585)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 26-декабрындагы N 146 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди. Өзгөртүүгө ылайык Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирээри белгиленди.

Ошондой эле жогорудагы Мыйзам менен "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди. Өзгөртүүгө ылайык Жазык-процесстик кодексинин сот арачылары катыша турган соттор жөнүндө 45-главасын колдонуу 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирээри белгиленди.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 27-декабрындагы N 148 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тиркемелерге ылайык кирешелер боюнча 14579373,2 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 13720584,9 миң сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 858788,3 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 31-декабрында N 108 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР 2019-жылдын 27-декабрындагы N 149 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 51013750,5 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 50309666,7 миң сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 704083,8 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 31-декабрындагы № 108 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 25-декабрындагы N 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы" дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы" дарылоо мекемеси түзүлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2019-жылдын 27-декабрындагы N 2019-П-12/68-1-(НПА) "Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартиби бекитилди.

Тартип, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарды кошо алганда, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капиталды эсептөө ыкмасын аныктайт.

Операциялык тобокелдик - банктын же анын туундуу компанияларынын операцияларында тышкы жагдайлардан, персоналдын катасынан, алдамчылыктан улам келип чыккан үзгүлтүктөрдүн, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун жана контролго алуу системасынын бузулушунун натыйжасында банк дуушар болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.

Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 15-январынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы N 579 токтомуна).
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуунун шарттары кандай?

КР Жазык кодексине ылайык сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин, эгерде бар болсо, эске алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөттөрүн эсептеп чыгаруусу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып башталат.

Пробациялык көзөмөл белгиленгенде аталган Кодекстин 64-беренесинде каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамга карата жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоочу чараларын (коопсуздук чараларын) колдонуудан бошотпойт.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное