Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 12 октября 2020 N 39 (623)


КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Премьер-министринин кызматтан кетүүсү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды жана КР Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелди.

КР Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык КР Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышаары белгиленди.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы "К.Боронов жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кубатбек Бороновдун арызына ылайык, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматын аткаруудан бошотуу тууралу Жарлыкка кол коюлду.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы "О.Опумбаев жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык Опумбаев Орозбек Найманович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы "Р.Дүйшенбиев жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Дүйшенбиев Райимберди Сейдакматович ээлеген кызматынан бошотулду.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы " Т.Өмүралиев жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентинин Жарлыгына ылайык Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 1-октябрындагы N 506 "Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Бекитилген Жобо Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөдө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди квалификациялык тандоону өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.

Бош кызмат орду боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат.

Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) бош кызмат ордунун аталышы;

2) бош кызмат ордун ээлөөчү талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;

3) бул кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;

4) квалификациялык тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;

5) документтерди кабыл алуу убактысы жана орду.

7. Документтер квалификациялык тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.

Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүү үчүн берилген темаларга жазуу иштери (эссе) жана оозеки аңгемелешүү жүргүзүлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 1-октябрындагы N 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы N 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1600 сом, ал эми орто кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1440 сом өлчөмүндө стипендиялар белгиленди.

2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 6-октябрындагы N 249 "2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө" ТОКТОМУ

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоо участкаларында жараксыз деп таанылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 6-октябрындагы N 819/1 "Дистанттык формада окууга өтүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын 1-6-класстын окуучулары 2020-жылдын 6-октябрынан баштап дистанттык формада окууга өткөрулдү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 14-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы N 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы N 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 15-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы N 506 "Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Кыргыз тилинен репетитор ишин жүргүзөйүн деген оюм бар. Мыйзам чегинде кандай кылышым керек?

Репетитордук ишти патенттин негизинде жүргүзүү керек. Патент алуу үчүн жашаган жериңиз же иш алып барган жериңиз боюнча салык органында каттоого туруу зарыл. Каттоого турганда идентификациялык салык номери (ИСН) ыйгарылат. Эгерде сизде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери (ИЖН) болгон учурда бул номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.

Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке иштөөнү көздөгөн жеке жак салыктык каттоодон өтүү/кайра катталуу үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) DOC STI-163 формасындагы арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы N 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык репетитордук жана тренингдер катарында сабактарды өткөрүүдө патенттин баасы 600 сом деп берилген.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное