Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 19 октября 2020 года N 40 (624)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 12-октябрындагы ПЖ N 195 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталды:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш пландарына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

10) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

11) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

12) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

13) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

Комендантка Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырылат.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 14-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызматтан бошотулган мүчөлөрү:

- Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Асрандиев Эркин Шамшудинович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Темиралиев Таалайбек Асанбекович мурда жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

- Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 14-октябрындагы ПЖ N 197 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр дайындалышты:

- Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

- Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

- Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

- Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

- Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

- Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

- Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

- Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

- Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

- Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

- Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

- Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

- Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

- Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

- Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

- Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

- Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

- Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 2-октябрындагы N 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык пилоттук (эксперименттик) режимде товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-мартына чейин киргизилет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарларды 2021-жылдын 1-апрелинен тартып маркалоо мөөнөтү киргизилет. 2021-жылдын 1-октябрынан тартып маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салынат.

Токтом 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2020-жылдын 12-октябрындагы N 2020-П-11/60-1-(НПА) "SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 2020-жылдын 13-октябрында саат 9.00дөн тартып SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча:

1) коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл алсын;

2) чек ара аркылуу өтүүчү чыккан төлөмдөрдү төмөнкүлөр боюнча гана жүргүзсүн:

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген контракттар боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми контракттар/келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш;ж.б.

3) активдердин кыймылына байланышпаган маселелер боюнча банк-корреспонденттер менен кат алышууну жүргүзүү тапшырылды.

КР коммерциялык банктарынын эсептери аркылуу төлөөгө уруксат берилген коммерциялык банктардын кардарларынын чек ара аркылуу өтүүчү операцияларынын тизмесине:

азык-түлүк товарларын, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жай товарларын, айыл чарба товарларын сатып алуу боюнча операциялар;

дарыларды, медициналык товарларды жана медицина жабдууларын, гигиенаны сактоо мүнөзүндөгү товарларды сатып алуу боюнча операциялар;

бардык мунай заттарын (битум, чайыр) кошуу менен күйүүчү-майлоочу материалдарын, жаратылыш газын жана көмүрдү сатып алуу боюнча операциялар;

курулуш материалдарын жана курулуш жабдууларын сатып алуу боюнча операциялар ж.б кирет..

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы өзгөчө чечим кабыл алганга чейин колдонулат.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2020-жылдын 8-октябрындагы N 144-б (Бишкек шаарынын аймагында 2020/2021-жылдын от жагуу мезгили 2020-жылдын 9-октябрынан тарта башталуусу тууралуу) БУЙРУГУ

Буйрукка ылайык Бишкек шаарынын аймагында 2020/2021-жылдын от жагуу мезгили 2020-жылдын 9-октябрынан тарта башталаары белгиленди.

Бишкек шаарынын ЖЭБи, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы ведомстволук отканалардын жетекчилери жылуулук жабдыктарынын, жылуулук тармактарынын ишке киришин жана жылуулукка кошулушун камсыздашсын:

а) биринчи кезекте - мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери;

б) экинчи кезекте - мурда колдонулган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана кыш шартында иштөөгө объекттин даярдык актысы бар турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү ушул буйрукту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 21-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Президентинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ N 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы N 500 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 23-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы N 507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы N 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын чектик штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 24-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-сентябрындагы N 502 "Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган, Кыргыз Республикасы өткөөл мезгилдин ичинде ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын колдонгон товарларды өткөрүүнү башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Быйыл май айында эмгек өргүүсүнө чыккам. Ушул жылдын декабрь айында кайра эмгек өргүүсүнө чыксам болобу?

Акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү жылына бир жолу берилет жана ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши мүмкүн.

Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү иш берүүчү жыл сайын календардык жыл жаңыраарына 2 жумадан кечиктирилбестен бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат. Өргүүлөрдүн графиги иш берүүчү үчүн да, кызматкер үчүн да милдеттүү.

Андыктан сиз декабрь айында эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыксаңыз туура болот. Үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное