Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 31 октября 2022 года N 37 (722)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ N 357 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын кайра уюштуруу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы анын курамынан А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бөлүү жолу менен кайра уюштурулду.

Жарлык 2022-жылдын 19-августунан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 551 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы жөнүндө" ТОКТОМУ

Улуттук статистика системасынын потенциалын андан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана калктын кеңири катмарынын республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн абалын жана тенденциясын мүнөздөгөн керектүү статистикалык маалыматтарга болгон керектөөлөрүн натыйжалуу жана сапаттуу маалыматтык камсыз кылуу, статистика жаатында мамлекеттик маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкын системасын түзүү максатында 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы жана программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 554 "Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Бекитилген тартип микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө маселелерин жөнгө салат.

Жобого ылайык микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын төмөнкүдөй максаттарда түзүлөөрү аныкталды:

- био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;

- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу;

- экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо;

- биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу;

- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо;

- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.

Микрокоруктарды же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнү демилгелөө үчүн кызыкдар жак конкреттүү микрокорукту же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүгө негиздеме даярдайт жана жобосун иштеп чыгат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы N 92 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 7-октябрындагы N 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" ТОКТОМУ

КР Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмүнүн ишин жакшыртуу максатында КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор КР Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы болуп кайра аталды.

Токтом менен аталган кызматтын жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди.

КР Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин компетенциясына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча алардын ишин координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленди.

Токтом 2022-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 18-октябрындагы N 573 "Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүү тартиби аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча окуудан өтүүгө жана окуудан өтүү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө карата талаптарды аныктайт.

Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окутуунун максаты кесиптик аудиторлордун аудит чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана колдоо жана Программа боюнча кесиптик билим берүүнү улантуу болуп саналат.

Аудитордун квалификациялык сертификатына ээ ар бир аудитор үч жылдан ашпаган мөөнөткө ырастоочу документтери менен бала багуу боюнча өргүүдө, окууда, узак ооруда жана/же узак реабилитацияда болгон мезгилде иши токтотулуп турган мезгилден тышкары, аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан баштап, ар бир календардык жылдын ичинде Программа боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

Кыргыз Республикасынын МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 24-октябрындагы N 581 "Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө" ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-октябрындагы № 581 токтому менен Кыргызстан аймагынан (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Иркештам автожолу" жана "Торугарт автожолу" өткөрүү пункттарын кошпогондо) көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Жогорудагы айтылган токтомго ылайык КР Экономика жана коммерция, Тышкы иштер министрликтерине Дүйнөлүк соода уюмун, Евразиялык экономикалык комиссиясын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин Аткаруу комиссиясын белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды..

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына аталган токтомдун аткарылуусу боюнча чараларды көрүү жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 153 "2023-жылга өндүрүштүк календарды жана иш убактысынын ченемин бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 153 буйругуна ылайык 2023-жылга өндүрүштүк календары жана иш убактысынын ченеми бекитилди.

Сааттык тарифтик коюмду аныктоо учун жумушчу сааттардын орточо айлык саны 40-сааттык иш жумада- 164,5 саат; 36-сааттык иш жумада - 148,8 саат; 24-сааттык иш жумада - 99,2 саат деп аныкталды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН 2022-жылдын 25-октябрындагы N 216-т (Бишкек шаарынын аймагында от жагуу мезгили тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы N 216-т тескемесине ылайык Бишкек шаарынын аймагында 2022/2023-жылдын от жагуу мезгили 2022-жылдын 26-октябрынан тартып башталат.

Жылуулук биринчи кезекте - ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине; экинчи кезекте - объекттин кыш шартында иштөөгө даярдык актысы бар болгон учурда турак үйлөргө, өндүрүштүк ишканаларга жана мекемелерге берилет.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун Бишкекжылуулуктармак филиалына, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларынын, жылуулук тармактарынын ишке киргизилишин жана жылуулукка кошулушун камсыздоо тапшырылды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 31-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 18-октябрындагы N 96 "2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" (кредит N 7081-KG, грант N Е009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 2-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 556 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 4-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 21-октябрындагы N 98 "2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Атайын операциялар), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Жогорку технологиялар фонду), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы N 2022-П-12/63-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 5-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы N 401 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы N 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 539 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Балам Москвада, паспортунун мөөнөтү бүтүп баратат. Аны алмаштыруу үчүн мага ишеним кат жөнөтсө, алмаштырып бере аламбы?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы N 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна ылайык чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жайгашкан өкүлчүлүгүндө эле алмаштырса болот.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное