Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 1 октября 2018 года № 38 (560)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ N 189 "Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖАРЛЫГЫ

Жарлыкта КР административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жана КР административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-жылдын сентябрынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерин, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди киргизүү менен жумушчу топ түзүү тапшырылды.

2018-жылдын 31-декабрына чейин жумушчу топко төмөнкү милдеттер коюлду:

- региондук саясаттын жана административдик-аймактык реформанын кабыл алынган концепцияларын ишке ашырууга, социалдык-экономикалык райондоштуруунун негизинде административдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун сунушталган чараларынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-сентябрындагы N 80 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 442 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 100 сомго көбөйдү. 2017-жылдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт.

Токтом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 443 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" ТОКТОМУ

2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,07 өлчөмүндө бекитилди.

Токтом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН 2018-жылдын 12-сентябрындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө" БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) бирдиктүү ченемдерин белгилөө жана маселелерди иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө жобо бекитилди.

Иштелип чыккан Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн буюмдук камсыздоосун уюштуруу максатында иштелип чыккан жана аскерлердин күжүрмөн даярдоо маселелерин чечүү, аларды дайым күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо үчүн керектүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун ченемдерин тийиштүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде ишке ашыруу тапшырылды.

Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 25-сентябрындагы N 80 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН 2018-жылдын 6-сентябрындагы N 176 "Адвокаттык жана нотариалдык иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 241 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө" жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр Квалификациялык комиссиянын ишинин тартиптерине жана Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү тартиптерине тиешелүү болду.

Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 442 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы N 443 "2018-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 2-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы N 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы N 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 3-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы N 421 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мамлекеттик эсепке алууну, кадастрын жана мониторингин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 5-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-сентябрындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө" буйругу.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Иштин көптүгүнө байланыштуу, жетекчилик өргүүнү 2 бөлүккө бөлүп чыгууну талап кылып жатат. Бул мыйзам ченемдүүбү?

КР Эмгек кодексинин 130-беренесине ылайык кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болбоого тийиш.

Ал эми пайдаланылбай калган өргүүнүн калган бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ошол иш жылынын ичинде өзүнө ыңгайлуу мезгилде берилүүгө же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.

Бул жерде жетекчиликтин талабы мыйзам ченемдүү.



Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное