Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 15 октября 2018 года № 40 (562)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 8-октябрындагы ПЖ N 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ЖАРЛЫГЫ

Жарлык менен КР Президентинин Аппаратынын түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү болуп аталды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүнөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү алынып салынды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2018-жылдын 26-сентябрындагы N 2589-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү кайра шайланды.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович парламенттик көпчүлүктүн өкүлү жана Жогорку Кеңештин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламович парламенттик оппозициянын өкүлү катары Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөт менен аныкталды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 24-сентябрындагы N 445 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2019-жылдын 1-январында күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасында кармалган соттолгондордун тамак аш нормаларын, материалдык-тиричилик жактан камсыз кылууну жакшыртууга байланыштуу КР Өкмөтүнүн айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 4-октябрындагы N 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун демилгелөө токтотулду:

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине.

Бул ченемдин аракети жогоруда аталган кодекстерге төмөнкүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу;

- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын концептуалдык негиздерин сактоо шартында "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу;

- келтирилген зыянды аныктоого жана ордун толтурууга байланышкан эскирүү мөөнөтүн өзгөртүү;

- укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу (карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу).

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2018-жылдын 2-октябрындагы N 181 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

2018-жылдын 19-октябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 19-октябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы N 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы N 476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы N 2018-П-13/40-6-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы N 13/11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Күрөөдө турган квартираны тартуулоого болобу?

КР 2005-жылдын 12-мартындагы N 49 "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлккө күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана белекке бере алат ж.б. бүтүмдөрдү жасай алат деп берилген.



Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное