Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 22 октября 2018 года N 41 (563)


ТОКТОМ: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ИЦ Токтом


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 8-октябрындагы N 462 "2018-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 8-октябрындагы N 465 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 11-декабрындагы N 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Толуктоого ылайык КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, өзүнүн компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде КР адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдеринин жоболорунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 9-октябрындагы N 466 "Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселүүлүк коэффициенти 1.8 өлчөмүндө белгиленмей болду.

Ошондой эле, жогорудагы токтом менен КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленээри шартталды.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 15-октябрындагы N 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы N 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 "КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, 2018-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө КР Өкмөтүнө КР ИИМ экспертизалардын айрым түрлөрүн, ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан штаттык бирдиктерди, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жана облустук соттук-медициналык экспертиза бюролорунун, Республикалык психикалык-ден соолук борборунун жана Республикалык наркология борборунун эксперттик комиссияларынын тиешелүү бюджеттик каржылоолорун жана материалдык-техникалык каражаттарын КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 9-октябрындагы N 351-б (2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик отчетту бекитүү тууралуу) БУЙРУГУ

2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик отчет жана айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү буйрук менен бекитилди.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2018-жылдын 26-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы N 463 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2018-жылдын 27-октябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-сентябрындагы N 448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы N 129 "Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

СУРОО ЖАНА ЖООП

Кызматкер өзүнүн жеке автоунаасын иштөөдө пайдалануунун шарттары кандай?

КР Эмгек кодексине ылайык кызматкер иш берүүчүнүн макулдугу же билүүсү менен анын кызыкчылыгы үчүн жеке мүлкүн пайдаланганда, кызматкерге таандык аспаптын, өздүк транспорттун, жабдуунун жана башка техникалык каражаттардын жана материалдардын эскиргендиги (амортизациясы) үчүн компенсация төлөнөт, ошондой эле аларды пайдалангандыгына байланышкан чыгымдардын орду толтурулат.

Ошондой эле, чыгымдардын ордун толтуруунун өлчөмү тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн өлчөмдөрдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Кошумча айта кетчүү жагдай, жеке автоунааны кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсация, КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы N 672 "Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсациянын нормалары жөнүндө" токтомунда тиризделет.


Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное