Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 28 января 2019 года № 3 (576)


ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2019-жылдын 16-январындагы N 7 "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

Мыйзамга ылайык айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүгө жеңилдетилген кредит берилет. Жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-январындагы N 4 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 26-декабрындагы N 635 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Туруктуу экономикалык өсүш үчүн экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого, инфратүзүмдү жана калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу коммуналдык системасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик кредиттөөнү жол-жоболоштурууну жөнгө салган жобо иштелип чыкты.

Бюджеттик кредиттер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кредиттик келишимдин негизинде юридикалык жактарга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого, инфратүзүмдү жана калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу коммуналдык системаны өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инновациялык системаны түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга берилет.

Бюджеттик кредиттер бюджеттик кредиттөөнүн принциптерине ылайык акча түрүндө, ошондой эле товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилет.

Бюджеттик кредиттер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кредиттик келишимдин негизинде юридикалык жактарга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого, инфратүзүмдү жана калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу коммуналдык системаны өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инновациялык системаны түзүүгө багытталган долбоорлорду (мындан ары - долбоорлор) ишке ашырууга берилет.

Бюджеттик кредиттерди берүү боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 31-декабрындагы N 661 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институту түзүлдү.

Токтом менен аталган институттун Жобосу бекитилди.

Институт экономикалык жана социалдык процесстерге илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, экономиканын секторлорундагы мамлекеттик жөнгө салуу саясатына жана реформаларга талдоо жүргүзөт.

Институттун ишин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.

Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 9-январындагы N 5 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Өкмөттүк байланыш мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулду.

Аталган мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Өкмөттүк байланыш мамлекеттик ишканасынын укук мураскору болуп аныкталды.

Токтом менен мекеменин Жобосу бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2019-жылдын 10-январындагы N 8 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы N 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтом менен ардактуу консул болууда жаш курагы жогорулап, 25 жаштан 75 курактагылар боло алат. Буга чейин 25-65 жашка чейинкилер боло алышкан.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2019-жылдын 18-январындагы N 2 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-февралына дайындалды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2019-жылдын 30-январынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы N 647 "Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 1-февралынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 15-январындагы N 5 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы N 312 "Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2019-жылдын 2-февралынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2019-жылдын 11-январындагы N 1 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

2000-жылы Кыргызстандын жарандыгын тапшырып, РФ жарандыгын алгам. 2018-жылы Кыргызстанга кайра туруктуу жашоого көчүп келдим. Тез арада Кыргызстандын жарандыгын кантип ала алам?

КР 2007-жылдын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамына ылайык чет элдик жарандар жана 18 жашка чыккан жарандыгы жок адамдар жалпы тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен төмөнкүдөй учурларда кайрылууга укуктуу:

1) арыз берген учуруна чейин акыркы беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашап турушса. Бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары үч айдан ашпаган мөөнөткө чыккан адамдын жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз деп эсептелет;

2) пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алса, мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин аныктоонун тартиби жарандык маселелерди кароонун тартиби жөнүндө жобо менен белгиленет;

3) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого милдеттенсе;

4) жашоо үчүн каражат булагы болсо.

Ошондой эле, чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар жогоруда берилген шарттарды сактабастан, башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное