Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 11 ноября 2020 года N 43 (627)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 27-октябрындагы N 517 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Бекитилген Жобо Жобо "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.

Мындай медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө, укук коргоо органдарында андан ары кызмат өтөөгө, укук коргоо органдарынын окуу жайларында окууга жарамдуулугун аныктоо, Жободо каралган башка маселелерди чечүү максатында жарандардын күбөлөндүрүү учурундагы дене түзүлүшүнүн өсүүсүн жана ден соолугунун абалын баалоо жана иликтөө үчүн жүргүзүлөт.

Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин төмөнкүдөй түрдө жазуу жүзүндөгү токтомду чыгарылат:

- талапкердин психологиялык мүнөздөмөсүн камтыган маалым кат;

- оору жөнүндө күбөлүк;

- оорунун укук коргоо органдарында кызмат өтөө менен болгон себептик байланышы жөнүндө токтом;

- жаракаттын (жарааттын, контузиянын, мертинүүнүн) кызматтык милдеттерди аткаруу менен болгон себептик байланышы жөнүндө токтом.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык күбөлөндүрүү тынчтык жана согуш мезгилинде төмөнкүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлөт:

- укук коргоо органдарына катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызмат орунга биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдардын ден соолугунун абалы жана дене түзүлүшүнүн өсүүсү боюнча жарамдуулугун;

- Укук коргоо органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамдагы адамдардын ден соолугунун абалы боюнча андан ары кызмат өтөөгө жарамдуулугун;

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын окуу жайларына, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн ушуга окшош окуу жайларына тапшырууга талапкерлердин ден соолугунун абалы жана дене түзүлүшүнүн өсүүсү боюнча жарамдуулугун;

- курсанттардын жана угуучулардын ден соолугунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын окуу жайларына, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ушуга окшош окуу жайларында андан ары окуусун улантууга жарамдуулугун;

- катардагы жана жетектөөчү курамдагы адамдардын фронтто болгондугу, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөндүгү, кызматтык милдеттерин аткаруусу, ал эми аскер кызматчыларында - фронтто болгондугу, аскердик кызмат өтөгөндүгү, аскердик кызматтагы кызматтык милдеттерин аткаруусу менен байланышкан ооруларынын, жаракаттарынын, контузияларынын, жарааттарынын, мертинүүсүнүн себептик байланышын;

- катардагы жана жетектөөчү курамда мурда кызмат өтөгөн адамдардын жана аскердик кызматтагы кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган жаракаттарынын, контузияларынын, жарааттарынын себептик байланышы жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер кызматчыларынын - башка согуштук операциялардын катышуучуларынын денесиндеги жаракаттарынын так көрүнүп турган кесепеттеринин мүнөзүн жана качан болгондугун;

- катардагы жана жетектөөчү курамдагы адамдардын ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында жашоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн узакка созулган адистештирилген дарылануу жана медициналык текшерүүдөн өтүп туруу зарылчылыгын.

Ушул Жобонун колдонулушу улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына кызматка кирип жаткан же кызмат өтөп жаткан адамдарга жайылтылбайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 27-октябрындагы N 519 "Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Бекитилген Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилүүчү Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасына ылайык муниципалдык мүлктү (жер участокторунан тышкары) сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин белгилейт.

Аукционго коюлуучу муниципалдык менчик объекттери жергиликтүү коомдоштук менен коомдук талкуудан өтүүгө тийиш:

- республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жайгаштыруу жолу менен;

- райондук маанидеги шаарларда жана айыл аймактарында жыйындарды, чогулуштарды, курултайларды өткөрүү жолу менен.

Тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү атайын түзүлгөн электрондук соода аянтчасында ишке ашырылат.

Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан, анын ичинде сатуучудан, катышуучулардан алынган электрондук документтер электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан сакталат.

Муниципалдык мүлктү сатуу келишими электрондук соода аянтчасында өткөрүлгөн электрондук аукциондун жыйынтыктары боюнча электрондук аукциондун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 7 (жети) календарлык күндүн ичинде түзүлөт.

Аукциондун жеңүүчүсү сатуу келишими күчүнө кирген учурдан тартып муниципалдык мүлктү сатып алат. Сатуу келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон кийин күчүнө кирет.

Муниципалдык мүлктү сатуу жөнүндө типтүү келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 30-октябрындагы N 524 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы N 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү идентификациялоо системасынын оператору болуп аныкталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 30-октябрындагы N 525 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Бекитилген Жобо "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана белгиленген квоталардын алкагында, квотадан тышкары, келишимдик негизде жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен өндүрүлгөн жеке муктаждыктар үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 30-октябрындагы N 526 "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө Жобо "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун, ээлик кылуучунун жана пайдалануучунун укуктары менен милдеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн маалымат системасына кошулуунун тартибин белгилейт.

"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЭДМС" АМС) электрондук документ жүгүртүүнү автоматташтырууга арналган, программалык каражаттар менен маалыматтар базасынын жыйындысы болуп саналган өтмө маалымат системасынан турат.

"ЭДМС" АМСтин иштөөсүнүн максаты түзүүнү, иштеп чыгууну, каттоону, уюштурууну, жөнөтүүнү, аткарууну контролдоо жана электрондук документтерди сактоо болуп саналат.

"ЭДМС" АМСке электрондук документтер жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн төмөндөгү негизги түрлөрү катталат:

- кирген каттар;

- чыккан каттар;

- кызматтык каттар;

- ченемдик укуктук актылар;

- актылар;

- корутундулар;

- протоколдор;

- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине байланыштуу маселелер боюнча жеке жактардын арыздары;

- жарандардын кайрылуулары;

- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн жана башка түрлөрү.

Электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн ар бир түрүнө "ЭДМС" АМСтин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналган индекс ыйгарылат.

Мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды "ЭДМС" АМСке киргизүүгө жана иштеп чыгууга болбойт.

"Кызматтык пайдалануу үчүн" маалыматтарын камтыган документтерди "ЭДМС" АМСке каттоого алууда ага "КПҮ" белгисин коюу менен алардын каттоо маалыматтары көрсөтүлөт жана ошол эле учурда документтин электрондук көчүрмөсү тиркелбейт. Документтин жылышы жана аткарылышы жөнүндө маалыматтар резолюцияга ылайык киргизилет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 25-октябрындагы N 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Токтомго ылайык "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныкталды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 29-октябрындагы N 277 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалды жана шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 14-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы N 525 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Мен 23 жашка толдум. Жогорку окуу жайды бүтүрдүм. Аскерге барууну каалабайм. Бирок аскер билетин алышым керек. Кандай жолдору бар? Аскердик билетти кантип алсам болот?

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы N 43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына ылайык он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран альтернативдик кызмат өтөөгө болот.

Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.

Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт.

Альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт:

үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү;

диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү.

Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмеси төлөнүүгө жатат.

Альтернативдик кызматтын кызматчылары коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тийиштүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн альтернативдик кызматтын кызматчысына ал иштеген сааттардын саны жана жасаган жумуштары жөнүндө маалымкат берет.

Коомдук пайдалуу жумуштарды 108 саат аткаргандыгына жана белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу жаран альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатат.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное