Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 23 ноября 2020 года N 45 (629)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2020-жылдын 13-ноябрындагы N 3 "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2018-жылдын 2-августундагы № 79 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин (б.а. 2018-жылдын 25-августуна чейин) жеке турак үйлөр курулган жана айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар жерлерди трансформациялоо жөнүндө Мыйзамга кол коюлду.

Киргизилген өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жер участокторун которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары бар жер участокторуна;

2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербеген жер участокторуна;

3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна;

4) сот, ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилген жер участокторуна.

Трансформацияланган жерлердин инфратүзүмүн камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар жеке менчик жер участокторунун ээлерине жүктөлөт.

Ошондой эле, максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу үчүн КР Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 5-ноябрындагы N 4157-VI "2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Ведомстволор аралык комиссия эк жумада өз ишинин жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кароосуна киргизүүсү керек.

Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башкармалыгына жүктөлдү.


"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 6-ноябрындагы N 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ТОКТОМУ

Киргизилген өзгөртүүлөр салык салуу жаатындагы жоопкерчилик маселелерине байланыштуу болду.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик продукцияны өндүрүүчү, импорттоочу же сатуучу уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Ал эми, ЕЭБ аймагында товарларды импорттоодо, эсепке алууда, тийиштүү салык отчеттору берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөсө, ж.б. бузуулар болгон учурда Кыргыз Республикасынын жазык жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик тартылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Киргизилген өзгөртүүлөр менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жаатындагы функциялары кеңейтилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 545 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы N 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Негизинен өзгөртүүлөр "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкаруу органдарына тиешелүү болду. Ага ылайык башкы директор мамлекеттик ишканалардын жетекчи кадрларынын резервинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сунуш кылган адамдардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Башкы директордун үч орун басары бар, алардын бири биринчи орун басары болуп саналат. Башкы директордун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Ишкананын башкы директору менен үч жылдык мөөнөттөгү эмгек келишимин түзөт.

Ишкананын башкы директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:

- мамлекеттик ишкананын жылдык финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандыраарлык эмес баа алса;

- ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;

- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;

- мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык иштеринин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.

Өзгөртүүлөр менен Ишкананын директорунун милдеттери кеңейтилди.

Киргизилген өзгөртүүлөр менен Ишкананын директору:

- үч жылдык мезгилге иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бекитилүүчү Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну камсыздайт;

- тармактык саясат маселелери боюнча ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну камсыздайт;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келерки жылга ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизет;

- Ишкананын өндүрүштүк ишине байланыштуу башка маселелерди чечет.

Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө тийиштүү.


"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 546 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги N 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынан чыгууга байланыштуу документтерди тариздөө үчүн, жана мурда берилген документке Кыргыз Республикасынан чыгуу жана Кыргыз Республикасына кирүүдө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алынуучу мамлекеттик ставкалар күчүн жоготту.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 547 "Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУ

Жобо Кыргыз Республикасында товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартибин жөнгө салат.

Улуттук операторду тандоону токтом менен түзүлгөн ведомстволук комиссия ишке ашырат.

Улуттук операторду тандоо жөнүндө жарыя Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Мамлекеттик Бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайттарында жарыяланат.

Тандалып алынган улуттук оператор:

а) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды тартпастан, өзүнүн жеке финансы каражаттарынын эсебинен ишин жүргүзөт;

б) ЕАЭБдин Бирдиктүү транзит системасын түзүүнүн жана ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган, ЕАЭБдин укугун түзгөн бардык актылардын субъектиси болуп саналат;

в) Улуттук оператор дайындалгандан кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде МБК жана МСК менен өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда алмаша турган маалымат, ошондой эле Улуттук оператордун, МБКнын жана МСКнын ортосундагы маалыматтык өз ара кызматташуу тартиби аныкталат жана болушунча кыска мөөнөттө Улуттук оператордун, МБКнын жана МСКнын маалыматтык системаларынын ортосунда реалдуу убакыт режиминде маалымат менен алмашууну ишке ашырат;

г) Улуттук оператор болуп дайындаган күндөн кийинки 60 күндүн ичинде маалымат системасын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук операторлорунун маалымат системалары менен интеграциялоону жүзөгө ашырат;

д) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашылган төмөнкүдөй маалыматты жөнөтөт:

- навигациялык пломбалардын баасы жөнүндө;

- навигациялык пломбалардын ижарасынын баасы жөнүндө;

- навигациялык пломбаны коюу/чечүү, ошондой эле ачуу (активациялоо)/жабуу (деактивациялоо) боюнча кызматтардын наркы жөнүндө;

- навигациялык пломбаларды техникалык тейлөөнүн наркы жөнүндө.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 12-ноябрындагы N 548 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Мамлекеттик чек араны коргоо системасын өркүндөтүү, эл аралык бандалык түзүмдөрдүн кирип келүү коркунучуна каршы аракеттенүү, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында бул токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү. Аталган кызмат Бишкек шаарында жайгашат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын укугун мурастоочу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп эсептелет.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы N 94 жарыяланды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 13-ноябрындагы N 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси түзүлүп, уставы бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 13-ноябрындагы N 552 "Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган жана COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу оор социалдык-экономикалык абалга кабылган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында финансы-кредиттик уюмдарга (кредиттик бирликтерден, лизинг компанияларынан жана күрөөканалардан тышкары) 2020-жылдын 1-октябрына чейин кредиттин/каржылоонун 100000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган зайымчыларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Финансы-кредиттик уюмдарга төмөнкүлөр сунушталды:

- жогоруда белгиленген шарттарыга туура келген зайымчылардын реестрин зарыл болгон суммадагы субсидияны көрсөтүү менен ай сайын түзүү жана отчеттук ай аяктаган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү;

- токтом күчүнө кирген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык пайызды/кошмо бааларды субсидиялоо суммасы жөнүндө зайымчыларды кабарлоо;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына субсидиянын суммасы которулган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен алынган субсидиянын суммасы боюнча отчетту берүү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын зайымчы-резиденттерине 2020-жылдын 1-октябрына чейин берилген кредиттер/каржылоо боюнча пайыздарды/кошмо бааларды финансы-кредиттик уюмдарга субсидиялоо үчүн салыктык эмес кирешелердин эсебинен 1253216000,0 (бир миллиард эки жүз элүү үч миллион эки жүз он алты миң) сом суммасындагы акчалай каражатты кароо тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 12-ноябрындагы N 368-б (Жер казынасына байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү тууралуу) БУЙРУГУ

Жер казынасын геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо жана алтын (тамырланган, чачыратма), күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 6-ноябрындагы N 297 "Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 25-ноябрына дайындалды. Шайлоо саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2020-жылдын 10-ноябрындагы N 300 "Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" ТОКТОМУ

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 30-ноябрына дайындалды жана шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2020-жылдын 23-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР 2020-жылдын 13-ноябрындагы N 3 "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 24-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы N 524 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы N 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы N 548 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын түзүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 27-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы N 517 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында медициналык жана психодиагностикалык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш мезгилинде) жобону бекитүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2020-жылдын 28-ноябрынан тартып төмөнкү документ күчүнө кирет:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы N 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы N 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы N 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Паспортумдун мөөнөтү бүтүп бараткандыгына байланыштуу, 2010-жылкы idкартты ошол жылдагы үлгүдөгү idкартка алмаштыра аламбы?

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги N 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна ылайык идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун даярдоого документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулган.

Ошондуктан, паспортту алмаштырууда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту гана ала аласыз.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное