Отправляет email-рассылки с помощью сервиса Sendsay
  Все выпуски  

ТОКТОМ: Новости законодательства Кыргызстана (на кырг.языкe) от 14 ноября 2022 N 39 (724)



ЖУМАНЫН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ

КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамы менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" КР Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык чакан жана орто ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери бекитилди. Мыйзам менен календардык жылдын ичинде түшкөн каражат белгиленген көлөмдөн ашып кеткен учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин чакан жана орто ишкердик субъекти катары каралаары белгиленди. Бекитилген чендер 2027-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзам менен коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери өзгөртүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594 "Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

Көмүрдүн баасынын өсүү темптерин кармап туруу, 2022/2023-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында жана республикадагы өзгөчө кырдаал режимин эске алуу менен КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүү жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы N 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана терс жагдайга ыкчам таасир этүү максатында, 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 108 - Айлана- чөйрөнү коргоо боюнча шыр байланыш номери менен толукталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2022-жылдын 3-ноябрындагы N 597-т (Бишкек-Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелин курууну баштоо боюнча чаралар жөнүндө) ТЕСКЕМЕСИ

Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Бишкек-Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөө жана түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырууну иштеп чыгуу, бекитүү жана түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү жүктөлдү.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


КҮЧҮНӨ КИРҮҮ

2022-жылдын 14-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 572 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 16-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы N 334 "Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 569 "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 571 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 574 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы N 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 18-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 103 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы N 597-т (Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелин курууну баштоо боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

2022-жылдын 19-ноябрынан тартып төмөнкү документтер күчүнө кирет:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы N 582 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы N 399 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-октябрындагы N 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы N 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
"Токтом Онлайн" маалымат базасынан документти кароо


СУРОО ЖАНА ЖООП

Биз үй-бүлөбүз менен 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин жараны болгонбуз. Азыр Россия Федерациясынын жараныбыз. Эми кайра Кыргызстанга келгенди жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганды пландап жатабыз. Кандай кылып ала алабыз?

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы N 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз ССРинде төрөлгөндөргө жана мурдагы СССРдин жараны болгондорго Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз, арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча каралат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылат жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган учурда - арыз ээсинин жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын аймактык органына берилет.

Ошондой эле эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашаган учурда - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда керектелүүчү документтер менен кошо Кыргыз ССРинде туулса жана мурдагы СССРдин жараны болсо - туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же СССРдин паспорту да тиркелеши керек.



* * *
Жөнөтмөгө сурооңуздар болсо info@toktom.kg дарегине жиберүүгө, ошондой эле юридикалык форумдагы суроолорду талкулоого forum.toktom.kg дареги боюнча катышсаңыз болот.

Сиз "Токтом: Новости законодательства Кыргызстана" жөнөтмөгө бул шилтеме аркылуу жазылсаңыз болот же болбосо RSS каналдары аркылуу окшош чыгарылыштарын ала аласыз.
- RSS орус тилинде
- RSS кыргыз тилинде
* * *
Төмөнкү жөнөтмө боюнча каалооңуздарды info@toktom.kg дарегине "Жумалык жөнөтмө" белгиси менен жиберсеңиздер болот.
* * *
Берилген маалымат Кыргызстандагы укуктук-маалыматтык системалар соодасындагы лидери - "ТОКТОМ" Маалымат борборунун адистери тарабынан даярдалган.

720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., М.Горький көч., 15
тел.: +996 (312) 54-10-27, факс: +996 (312) 54-03-60
www.toktom.kg, e-mail: info@toktom.kg


В избранное